Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-октябрындагы  № 486 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-июлундагы № 430 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин “Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы” мамлекеттик ишканасын Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таануу тууралуу” токтомун аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаарынын мэриясынын жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2019-жылдын 27-июнундагы № 67 жана № 1 биргелешкен чечимин эске алып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 81 “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүн бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

“Түзүмдүк бөлүмдөр” бөлүгүндөгү “Бишкек шаарынын Саламаттык сактоо башкармалыгы” деген сөздөр “Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

“Чарба жүргүзүүчү субъекттер” бөлүгүндөгү “Бишкекбашкыархитектура” МИси” деген сөздөр алып салынсын.

2. Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 30-июнундагы № 151 “Бишкек шаарынын архитектура жана шаар куруу башкы башкармалыгы” мамлекеттик ишканасын Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бишкек шаарынын мэриясы:

өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                             Ж. Б. Абиров