Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

12.05.2025 -ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2025-жылдын 12-майындагы № 32

 

Оюн-зоок сейил багынын долбоорун жана кошумча ижарага берилүүгө тийиш болгон объекттердин өзгөчө тизмегин макулдашуу жөнүндө

 

Жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 28 «Бишкек шаарында көңүл ачуу сейилбагын куруу жана иштетүү маселелери жөнүндө» токтомун эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын Жайыл Баатыр жана Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишиндеги оюн-зоок сейил багынын долбоору жана кошумча ижарага берилүүгө тийиш болгон объекттердин өзгөчө тизмеги тиркемеге ылайык макулдашылсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (Джунушалиев А. Дж.) жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                         Б. Усеналиев

 

Тиркеме (pdf. 928kb)

24.04.2025 -ж. жарыяланды

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2025-жылдын 18-апрелиндеги № 30

Бишкек шаардык кенешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 25 “Муниципалдык турак жайларды мамлекеттик менчикке акысыз ээликтен ажыратууга макулдук берүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу                                       

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Муниципалдык мүлккө менчик жөнүндө” мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңешинин регламентине ылайык, Бишкек шаарынын мэри А. Дж. Джунушалиевдин кайрылуусунун (2025-жылдын 4-апрелиндеги чыг. № 20-13/335) негизинде Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кенешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 25 “Муниципалдык турак жайларды мамлекеттик менчикке акысыз ээликтен ажыратууга макулдук берүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

расмий тилдеги тиркемеси “Перечень жилых помещений” деген аталыш менен толукталсын;

мамлекеттик тилдеги тиркемесиндеги “Жалпы аянты” деген сөздөр “Долбоордук аянты” деген сөздөргө алмаштырылсын.  

      2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (Джунушалиев А. Дж.) жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                              Б. Б. Усеналиев

24.04.2025 -ж. жарыяланды

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2025-жылдын 18-апрелиндеги № 28

Бишкек шаарында көңүл ачуу сейилбагын

куруу жана иштетүү маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” жана “Муниципалдык мүлккө менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясына төмөнкүлөргө укук берилсин:

мыйзам тарабынан белгиленген тартипте “Евразия Кей Джи” коомдук фонду менен Бишкек шаарынын Жайыл Баатыр жана Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишинде көңүл ачуу сейилбагын куруу жана аны иштетүү жөнүндө келишимдерди/макулдашууларды түзүүгө;

ага принципиалдуу жана принципиалдуу эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгү менен келишимдерге/макулдашууларга кол коюуга.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.

3. Бишкек шаарынын мэриясы:

макулдашууга кол койгонго чейин макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган сейилбактын жумушчу долбоорун бекитсин;

субарендага берилүүчү курулмалардын, конструкциялардын, чакан архитектуралык формалардын жана башкалардын өзгөчө тизмегин бекитсин, ушул тизмек макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелсин;

жогоруда белгиленген документтерди Бишкек шаардык кеңеши менен макулдашсын.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (Джунушалиев А. Дж.) жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                            Б. Б. Усеналиев

24.04.2025 -ж. жарыяланды

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2025-жылдын 18-апрелиндеги № 29

Участкалык шайлоо комиссиялардын резервин

толуктап комплекттөө

үчүн талапкерлердин тизмесин берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу” жобосун жетекчиликке алып, (2025-жылдын 16 - апрелиндеги чыгыш №13) Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын катынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркемеге ылайык участкалык шайлоо комиссиялардын резервин толуктап комплекттөө үчүн талапкерлердин тизмеси Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясына берилсин.

2. Ушул токтом Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

 

Төрага                                                                                  Б. Усеналиев

 

Тиркеме (pdf. 681kb)

24.04.2025 -ж. жарыяланды

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2025-жылдын 18-апрелиндеги № 27

Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы №6 “Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Бишкек шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңешинин “Жаңы күч – Новая сила”, “Эмгек” фракцияларынын чечимдеринин жана каттарынын, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 25-марттын №4, №5 чечимдеринин негизинде, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарынан төмөнкүлөр чыгарылсын:

        1) турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынан:

                Жумалиев Чынгыз Зайнидинович – “Жаңы күч – Новая сила” фракциясынын мүчөсүн;

        2) Бишкек шаарынын жаңы кошулган аймактарын жакшыртуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынан:

                Мусагул уулу Амантур –  “Эмгек” фракциясынын мүчөсүн;

        3) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынан:

                Суракматов Айдар Азизович – “Жаңы күч – Новая сила” фракциясынын мүчөсүн.

 

2. Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарына төмөнкүлөр киргизилсин:

        1) социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына:

                Улугбеков Алмазбек Улугбекович – “Жаңы күч – Новая сила” фракциясынын мүчөсү;

        2) Бишкек шаарынын жаңы кошулган аймактарын жакшыртуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына:

                Майрамбек уулу Сыргак – “Эмгек” фракциясынын мүчөсү;

        3) турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына:

                Суракматов Айдар Азизович – “Жаңы күч – Новая сила” фракциясынын мүчөсү.

 

3. Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы №6 «Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө» токтомунун тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

        1) 3-пункт төмөнкү мазмундагы 4-сап менен толукталсын:

                “4. Улугбеков Алмазбек Улугбекович –  “Жаңы күч – Новая сила” фракциясынын мүчөсү”;

        2) 5-пункттун 4-сабындагы “Жумалиев Чынгыз Зайнидинович” деген сөздөр “Суракматов Айдар Азизович” деген сөздөргө алмаштырылсын;

        3) 7-пункттун 5-сабындагы “Мусагул уулу Амантур” деген сөздөр “Майрамбек уулу Сыргак” деген сөздөргө алмаштырылсын;

        4) 6-пункттун 4-сабы алынып салынсын жана кийинки саптардын номерлөөсү ылайыка келтирилсин.

 

4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                         Б. Усеналиев