Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2023-жыл 31-январь № 68

 

Бишкек шаарынын аймагында сейилбактарды, гүлбакчаларды куруу жана жашыл зоналарды, спорттук жана балдар аянтчаларын уюштуруу  үчүн жер участокторду бекитүү жөнүндө

 

Бишкек шаарында жашыл фондду сактоо жана өнүктүрүү, калктын экологиялык чөйрөдө жашоосунун жагымдуу шарттарын камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын «Мүлкк мунуицпалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө», «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 20-декабрындагы №5 тескемеси менен түзүлгөн жумушчу комиссия тарабынан киргизилген сунуштарды эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын аймагында сейилбактарды, гүлбакчаларды куруу жана жашыл зоналарды, спорттук жана балдар аянтчаларын уюштуруу үчүн жер участоктор бекитилсин.

2. Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 20-декабрындагы №5 тескемеси менен түзүлгөн жумушчу комиссия Бишкек шаарынын тийиштүү мамлекеттик жана муниципалдык түзүмдүк бөлүмдөрүн тартуу менен Бишкек шаарынын аймагында сейилбактарды, гүлбакчаларды куруу жана жашыл зоналарды, спорттук жана балдар аянтчаларын уюштуруу үчүн жер участоктор аныктоо жана бекитүү боюнча ишти улантсын.

3. Бишкек шаарынын мэриясы тиркемеге ылайык, жер участокторго укук белгилөөчү документтерди жол-жоболоштуруу боюнча ишти белгиленген тартипте жүргүзсүн.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелери боюнча Бишкек шаарынын мэринин орун басарына жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасынын милдетин убактылуу
аткаруучу                                                                                 Ж. А. Абдраимов