Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңешинин

2021-жылдын  28-сентябрындагы № 10

ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 5, 13 жана 58-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 12-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  С. Н. Жапаровдун Бишкек шаарынын мэриясына берилген 2020-жылдын 11-ноябрындагы № Ж-2129 тапшырмасын аткаруу үчүн, Бишкек шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.   Бишкек шаары, Анкара көчөсү № 20/2 үй, № 112 батир дарегинде жайгашкан идентификациялык коду 1-04-15-0037-0527-03-112 муниципалдык турак жай акысыз негизде менчиктештирүү жолу менен, Бишкек шаарында 2020-жылдын 5-6-октябрында болгон массалык баш аламандыктын жүрүшүндө каза болгон Алтынбек уулу Үмүтбектин атасы Алтынбек Алимбаевич Джуматаевдин менчигине өткөрүлүп берилсин.

2.   Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн муниципалдык турак жайды белгиленген тартипте акысыз негизде менчикке өткөрүп берүү келишимин түзсүн.

3.   Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеӊешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шааркуруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын тейлеген вице-мэрине жүктөлсүн.

Төрага                                                                                 К. Конгантиев

 

 

 

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

2021-жылдын  28-сентябрындагы № 9

ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Н.Жапаровдун Бишкек шаарынын мэриясына берген 2020-жылдын 11-ноябрындагы № Ж-2129 тапшырмасын аткаруу үчүн акысыз негизде жеке жактардын менчигине берүү жолу менен муниципалдык менчикте турган турак жай фондунун объекттерин менчиктештирүүнү жүзөгө ашырууга жол берген өзгөчө учурларды аныктоо максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.   Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралындагы №88154 «Муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү өзгөчө учурларда акысыз негизде жүзөгө ашырыла турган жактардын категорияларын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-     1-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

«Бишкек шаарында 2020-жылдын 5-6-октябрында болгон окуянын жүрүшүндө каза болгондун үй-бүлөсүнө».

2.   Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3.   Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын тейлеген вице-мэрине жүктөлсүн.

Төрага                                                                                     К. Конгантиев

Бишкек шаардык кеңешинин

2021-жылдын 2-августундагы

ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын  2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу"  жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 12-августундагы жана 23-августундагы Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуусун эске алып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүк органынан Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин жете комплекттөө үчүн талапкерлердин тизмеси Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына берилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Төрага                                                                                      К. Конгантиев                                                                                                               

Бишкек шаардык кеңешинин

2021-жылдын  28-сентябрындагы № 7

ТОКТОМУ

Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 10-октябрындагы № 111 "Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, Бишкек шаарынын жергиликтүү жамааттардын сыйлыктары боюнча комиссиясынын 2021-жылдын 16 –февралындагы № 1 протоколунун жана Бишкек шаардык кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылган "Бишкек шаарынын Ардактуу жараны" наамын ыйгарууга көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтардын негизинде, мекемелердин жана коомдук уюмдардын өтүнүчтөрүн эске алып, Бишкек шаарынын экономикалык жана социалдык-маданий өнүгүүсүнө кошкон чоң салымы, активдүү коомдук жана меценаттык иши үчүн, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жыл үчүн "Бишкек шаарынын Ардактуу жараны" наамы төмөнкү жарандарга ыйгарылсын:

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Бишкек шаарынын Ардактуу ардагери, Бишкек шаардык согуштун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана тылдын ардагерлеринин Кеңешинин жана президиумунун мүчөсү - Калбубу Менсеитовага;

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, персоналдык пенсионер, Бишкек шаарынын ЭЭАсынын субъекттерин контролдоо боюнча МСКБнын начальнигинин орун басары - Эркинбек Бабашович Айдаровго;

Эмгек сиңирген дарыгер, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун отличниги, медицина илимдеринин кандидаты, доцент, КММАнын С. Б. Данияров атындагы ПИПКнын неврология, нейрохирургия жана психиатрия кафедрасынын башчысы - Суйутбек Доолотович Назаркуловго;

Эмгек сиңирген мугалими, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, № 68 окуу -тарбия комплексинин гимназия мектебинин директору - Канымжан Жусупбековна Омуровага;

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген архитектору, СССР Архитекторлор союзунун мүчөсү, шаар куруучусу, окумуштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эки чакырылышынын депутаты - Ишенбай Дюшенбиевич Кадырбековго;

Мамлекеттик кызматтын эмгек сиңирген кызматкери, муниципалдык кызматтын отличниги, Кыргыз Республикасынын социалдык коргоонун отличниги, Бишкек шаардык кеңешинин 3 чакырылышынын депутаты - Кудайберген Базарбаевич Базарбаевге.

2. Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 19-мартындагы № 311 "Бишкек шаарынын Ардактуу жаранынын Белгисинин, Грамотасынын, Күбөлүгүнүн жоболорун жана жазууларын жана Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын Китебин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык бир айлык мөөнөттө 2020-жылы бул наамга татыктуу болгон жактарга тапшыруу үчүн Бишкек шаарынын Ардактуу жаранынын Белгилерин, Грамоталарын, күбөлүктөрүн даярдоону камсыз кылсын.

3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                               К. Конгантиев

Бишкек шаардык кеңештин 2021-жылдын  30-июлунун № 3

ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана Бишкек шаардык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши

                                                 ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын курамдары тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:

2018-жылдын 20-ноябрындагы № 77 “Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө”;

Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 12-февралындагы № 86 “Бишкек шаардык кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пуктунун 4-пунктчасы;

2019-жылдын 3-апрелиндеги № 96 “Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-ноябрындагы № 77 “Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”;

2019-жылдын 28-майындагы № 103 “Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-ноябрындагы № 77 “Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”;

2019-жылдын 28-июнундагы № 107 “Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-ноябрындагы № 77 “Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”;

2019-жылдын 23-октябрындагы № 113 “Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-ноябрындагы № 77 “Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”;

2020-жылдын 14-январындагы № 126 “Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-ноябрындагы № 77 “Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”;

2020-жылдын 19-февралындагы № 153 “Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-ноябрындагы № 77 “Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”;

2020-жылдын 2-декабрындагы № 168 “Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-ноябрындагы № 77 “Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                     К. К. Конгантиев