Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесине ылайык, суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүүнүн (канализациянын) шаардык системасынын иштөөсүн, соркыскыч-энергетикалык жабдыктарды модернизациялоону, суу түтүк-канализациялык тармактарды реконструкциялоону, Бишкек шаарынын керектөөчүлөрүнө сапаттуу ичүүчү сууну үзгүлтүксүз берүүнү, агынды сууларды кабыл алууну камсыздоо, суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) кызматтарына тарифтерди чыгымдарга ылайык келтирүү, ошондой эле финансылык милдеттерди аткаруу максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2019-жылдын 15-ноябрынан баштап Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 29-июнундагы №146 “Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди бекитүү жөнүндө” токтому өз күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын тейлеген вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык  кеңештин төрагасы                               Ж. Б. Абиров

24-октябрь 2019-ж.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесине ылайык, үй ичиндеги cуу түтүк жана канализациялык тармактарынын профилактикалык, күндөлүк жана авариялык оңдоолорунун өз убагында жана сапаттуу техникалык тейлөөсүн камсыз кылуу жана колдонулуп жаткан тарифтерди накта чыгымдарга дал келтирүү, ошондой эле финансылык милдеттенмелерди аткаруу максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. 2019-жылдын 15-ноябрынан баштап Бишкек шаарындагы көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы колдонуучу cуу түтүк-канализациялык тармактарынын техникалык тейлөөсүнө тарифтер тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 29-июнундагы №147 “Бишкек шаарындагы көп батирлүү турак жай үйлөрдүн үй ичиндеги cуу түтүк-канализациялык тармактарынын техникалык тейлөөсүнө тарифтерди бекитүү жөнүндө” токтому өз күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын тейлеген вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык  кеңештин төрагасы                             Ж. Б. Абиров

от 24 октября 2019 г.

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 2-февралындагы №19 “Т. Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык, 2018-жылдын 28-ноябрындагы Бишкек шаарынын топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиясынын жыйынынын №3 протоколун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-мартындагы №45-б буйругу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынынын протоколун эске алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы, “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы эсепке алуу, инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

2. Ушул токтом 2020-жылдын октябрь айынан тартып күчүнө кирет.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                                       Ж. Б. Абиров

23 октябрь 2019-ж.

- эски аянттын схемасы (pdf. 604 Кб)

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  жана “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 28-декабрындагы № 2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңештин регламентине  төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
  1. 1-пункт төмөнкү мазмундагы кичипункттар менен толукталсын:

“с) добуш берүүнүн жекече карточкасы – бул ар бир маселе боюнча депутаттын жеке добуш берүүсүн камсыздоочу карточка.”;

т) сессиянын, президиумдун стенограммасы – сессияларда жана президиумда баяндамалардын, сөздөрдүн жана башка чыгып сүйлөөлөрдүн көрмө жазуудан алынган сөзмө сөз жазуу көчүрмөсүн билдирген документ;”;

         2) 15-пункттун 2-абзацындагы “протоколго” деген сөздөн кийин “стенограммага” деген сөз менен толукталсын;

         3) 80-пункттун “о” кичипунктундагы “протоколуна» сөздөн кийин “жана стенограммасына” деген сөздөр менен толукталсын;

         4) 117-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

“117. Чыгып сүйлөөлөрдүн узактыгы:

баяндамалары менен баяндамачыга  – 20 мүнөткө чейин;

тең баяндамачыга - 10 мүнөткө чейин;

баяндамачыга жана  тең баяндамачыга суроолорго - 4 мүнөткө чейин;

эгерде депутат суроо бергенге жетишпей калган учурда, ага кошумча суроолорун берип аяктоосу үчүн 10 секундга чейин берилет;

депутаттын өтүнүчү боюнча, төрагалык кылуучу ага суроо бергенге - 1 мүнөткө чейин убакыт берет;

каралып жаткан маселе боюнча фракциянын позициясын билдирүү үчүн, фракциянын лидерине же лидеринин орун басарына - 2 мүнөткө чейин  берилет;

токтом долбооруна сунуштарды киргизүүгө - 2 мүнөткө чейин берилет;

добуш берүүнүн жүрүшү боюнча чыгып сүйлөөгө – 1 мүнөткө чейин берилет.

Добуш берүү тартибине:

негиз катары кабыл алууга – 15 секунд;

толугу менен кабыл алууга – 15 секунд берилет.

Төрагалык кылуучунун жана Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басарынын чыгып сүйлөө убактысы чектелбейт.”;

5) 118-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

“Чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген депутаттын өтүнүчү боюнча чыгып сүйлөө үчүн анын убакыты чыгып сүйлөө тизмесинен аны кийин алып салуу менен башка депутатка берилет.

Депутат чыгып сүйлөө учурунда, ал жыйындар залында жок болсо, ал автоматтык түрдө тизмеден алынат жана кезек кийинки депутатка берилет.

Регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы маселелерди кароо жол-жобосу бузулгандыгы жөнүндө билдирүү менен кезексиз тартипте чыгып сүйлөөгө укуктуу.”;

6) 140-пункттан кийин төмөнкү мазмундагы пункттар менен толукталсын:

“140-1. Сессияда төрагалык кылуучу добуш берүү башталганга чейин,:

  1. кворумдун бардыгын аныктоо үчүн сессияда катышып жаткан депутаттардын катталуусу жөнүндө жарыялайт жана катталган депутаттардын санын айтат;
  2. жекече карточкаларын өчүрүүгө тийиш болгон келбей калган депутаттарды жарыялайт.”.

     140-2. Электрондук тутум төмөнкү максаттарда колдонулат:

шаардык кеңештин депутаттарын каттоо;

чыгып сүйлөөгө депутаттарды жазуу;

добуштарды эсептөө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо;

добуш берүүнүн жүрүшү жана жыйынтыктар жөнүндө маалыматтык жана статистикалык маалыматты топтоо жана тез берүү;

тизмелерди жана жыйындардын башка документтерин түзүү, басып чыгаруу;

жыйындар залында депутаттарды маалыматтык камсыздоо.

140-3. Бишкек шаардык кеңештин  төрагасынын дарегине депутаттын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча ага сессиянын жыйынында депутаттарды каттоонун жыйынтыктары, алардын чыгып сүйлөөлөрүнүн кезектүүлүгү, добуш берүүнүн жыйынтыктары, сессиянын жыйынынын жүрүшү жөнүндө маалымат жана башка маалыматтар бир күндөн кеч эмес  берилет.

Маалымат жана электрондук тутумдагы болгон маалыматтар ушул регламент тарабынан башка нерсе белгиленбесе, шаардык кеңештин архивинде сакталат.”;

7) 141-пункттун 2-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

“Добуш берүү добуштарды эсептөөнүн электрондук тутумун колдонуу менен, ошондой эле сессиянын эсептөө комиссиясы тарабынан добуштарды эсептөө жолу менен  жүргүзүлүшү мүмкүн.”;

8) 141-пункттун 4-абзацындагы “протоколуна” деген сөздөн кийин  “жана стенограммасына” деген сөздөр менен толукталсын;

9) 162-пункттун 2-абзацындагы “протоколунда” деген сөздүн алдына “сессиянын” жана “протоколунда” деген сөздөн кийин  “жана стенограммасында” деген сөздөр менен толукталсын;

10) 222-пункттун 2-абзацындагы “протоколунда” деген сөздөн кийин  “жана стенограммасында” деген сөздөр менен толукталсын;

11) 248-пункттун 1-абзацындагы “протокол” деген сөздөн кийин “жана стенограмма” деген сөздөр менен толукталсын;

12) 248-пункттун 2-абзацындагы “протоколдорду” деген сөздөн кийин “жана стенограммаларды” деген сөздөр менен толукталсын;

13)  250-пункттагы “20” деген цифра  “5”  деген цифрага алмаштырылсын;

14) 250-пункт төмөнкү редакциядагы абзац менен толукталсын: “Катчылыктын мүчөлөрүндө стенограмманын тексти боюнча олуттуу сын-пикирлер бар болгон учурда, “өзгөчө пикир менен” деген белгилөө менен катчылыктын мүчөсү тарабынан кол коюлат. Өзгөчө пикир стенограмманын текстине тиркелет”.

15) 251-пункттагы “протоколу” деген сөздөн кийин “жана стенограммасы” деген сөздөр менен толукталсын;

16) 251-пункттан кийин төмөнкү мазмундагы 251-1-пункт менен толукталсын:

“251-1. Шаардык кеңештин сессияларынын, президиумдарынын жыйындарында баяндамаларды, сөздөрдү жана башка чыгып сүйлөөлөрдү сөзмө-сөз жазуу үчүн стенограмма жүргүзүлөт.

Стенограмма талкуунун жүрүшүн чагылдыруусу, жыйындын өтүүчү күнү, убактысы, орду, күн тартиби, төрагалык кылуучунун аты-жөнү жөнүндө маалыматты камтуусу керек. Сессиянын, президиумдун иши аяктагандан кийин үч күндүн ичинде даярдалат. Стенограмма даяр болгондон кийин 3 жумуш күндөн кеч эмес шаардык кеңештин төрагасы жана сессиянын стенограммасын жүргүзүү үчүн жооптуу адис тарабынан кол коюлат.”;

         17) 254-пункттагы “протоколдордун” деген сөздөн кийин “жана стенограммалардын” деген сөздөр менен толукталсын.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                   Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                        Ж. Б. Абиров                                                                                                      23 октябрь 2019 ж.                                                        

Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 15–19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М. Д. Абылгазиевдин 2019-жылдын 24-июлундагы № 21-32323, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А. С. Омурбекованын 2019-жылдын 22-июлундагы № 21-32323, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 25-июлундагы № 12-1/7230 кайрылууларынын, 2019-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А. С. Омурбековада болгон кеңешменин жыйынтыгы боюнча «Газпром жалпы билим берүү мектеби жөнүндө» №21-34 (2019-жылдын 24-июлундагы №21-3191 чыгыш) протоколдук чечимдин негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан карала турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы «Газпром Кыргызстан мектеби» биргелешкен Россия-Кыргыз орто жалпы билим берүү мектебинин иш-аракеттеринин шарттары жөнүндө Өкмөт аралык макулдашуу долбоорун, «Газпром Кыргызстан мектеби» ЖЧКсынын бир нече жолку кайрылууларын эске алып, Бишкек шаардык кеңеш

                                            ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын мэриясы 3,0 га өлчөмүндөгү жер участогунда (идентификациялык номери 1-04-13-0033-0446) турган, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токомбаев көчөсү 23/11 (идентификациялык номери 1-04-13-0033-0446-01) дарегинде жайгашкан мүлктүк комплексти (мындан ары - «мүлктүк комплекс») Бишкек шаардык кеңештин 2002-жылдын 22-майындагы №127 токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерине карата чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобонун рыноктук ижара төлөмү менен ижарага берилүүчү Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттердин тизмегине (№ 3 Тизмеги) киргизсин.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы мүлктүк комплексти «Газпром Кыргызстан мектеби» коомдук фондусу коммерциялык эмес уюмуна тоорук өткөрүсүз, бекитилген ижара төлөмү менен билим берүү иш-аракетин уюштуруу үчүн 3 жылдык мөөнөткө ижарага өткөрүп берсин.
  3. Бишкек шаарынын мэриясы «Газпром Кыргызстан мектеби» коомдук фондусу коммерциялык эмес уюму менен ижара келишимин түзсүн жана Бишкек шаардык кеңеш менен макулдашсын.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэри А. Э. Суракматовго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                Ж. Б. Абиров

31.07.2019-ж.