Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

09.09.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2024-жылдын 29-августундагы № 151

Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 121 «Бишкек шаарынын аймагында жүргүнчүлөр транспортунун кыймылын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Бишкек шаарынын аймагында шаардан тышкары аймактардан келген жүргүнчү транспортунун кыймылын тартипке келтирүү жана жөнгө салуу, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн коопсуздугун камсыздоо максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 27, 34-беренелерине, «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 121 «Бишкек шаарынын аймагында жүргүнчүлөр транспортунун кыймылын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пункттун «б» пунктчасындагы «Чыгыш автобекети;» деген сөздөр «Бишкек автобекети» муниципалдык ишканасы;» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2-пункттун «д» пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«д) төмөнкүлөр чыгыш багытында - Новопокровка айылынын Ленин көчөсү боюнча (Чүй облусу, Ысык-Ата району) Киргшелк айылынан (Чүй облусу, Ысык-Ата району) бурулуу менен айланып өтүү жолуна карай, түндүк-чыгыш багытындагылар - Ленинское айылынын Алма-Ата көчөсү боюнча (Чүй облусу, Аламүдүн району) жана түштүк-чыгыш багытында - 7-Апрель жана Курманжан Датка көчөлөрү боюнча;»;

3-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«- Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти жана Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы ушул токтомдо көрсөтүлгөн шаар көчөлөрү боюнча кыймылды эске алуу менен Бишкек шаарынын чегиндеги шаардан тышкаркы каттамдардын жүрүү чиймелерин макулдашууну жүзөгө ашыра тургандыгы;»;

4-пункттагы:

биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«4. Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы эки айлык мөөнөттө:»;

экинчи абзацтагы «Чыгыш жана Батыш автобекеттерине» деген сөздөр «Бишкек автобекети» муниципалдык ишканасы», Батыш автобекети» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

бешинчи абзацтагы «Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгы жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жол кыймылы коопсуздугу бөлүмү» деген сөздөр «Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти жана Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

6-пунктта «(Ж. М. Салымбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри   З. И. Бекбоевге» деген сөздөр «жана Бишкек шаарынын мэрине                                    (А. Дж. Джунушалиев)» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

  4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                                                    К. Конгантиев

05.09.2024-ж. жарыяланды

Бишкек шаардык кеңешинин токтому

2024-жылдын 29-августундагы № 141

Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүк органынан Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерин жете комплектөө үчүн талапкерлердин тизмесин берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу”  жобону жетекчиликке алып, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 18-июлундагы кайрылуусун эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. №1-5-тиркемелерге ылайык, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүк органынан Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын резервин, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерин жете комплектөө үчүн талапкерлердин тизмелери Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына берилсин.

2. Бул токтом Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                                                    К. Конгантиев

Приложение 1

Приложение 2

Приложение 3

Приложение 4

Приложение 5

09.09.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2024-жылдын 29-августундагы № 149

“Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 31-январындагы №67 “Бишкек шаарындагы катуу тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу жана көмүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө карата тарифтер жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

          Өндүрүү жана керектөө таштандыларын түзүү жана керектөө, ташуу жана көмүү процессинде пайда болгон мамилелерди жөнгө салуу, ошондой эле Бишкек шаарынын аймагында катуу тиричилик  калдыктарын  ташып чыгаруу боюнча коммуналдык кызматтар чөйрөсүндө өнүгүүгө шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” жана “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

                                      ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 31-январындагы №67 “Бишкек шаарындагы катуу тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу жана көмүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө карата тарифтер жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1 - пункт: төмөнкү редакциядагы алтынчы абзац менен толукталсын:

“атайын техникасы бар катуу тиричилик калдыктарын көмүү боюнча кызматтарды көрсөтүүчү компаниялар үчүн Бишкек санитардык полигонго катуу тиричилик калдыктарын көмүү үчүн 1,0 куб.м үчүн 81 сом өлчөмүндө”;

  • бешинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:

“жеке автотранспортунда катуу тиричилик калдыктарын өз алдынча ташып чыгаруу менен алектенүүчү уюмдар, ишканалар жана мекемелер үчүн катуу тиричилик калдыктарын көмүүгө кызматтар үчүн 1 тоннага 445,0 сом өлчөмүндө”.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология  боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                                                    К. Конгантиев

05.09.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2024-жылдын 29-августундагы № 152

Жүргүнчүлөр троллейбустарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигине акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

Транспорттук тейлөөнү жакшыртууда Ош шаарынын мэриясына көмөк көрсөтүү максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-, 39-беренелерине, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын
10-, 11-, 19-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясына тиркемеге ылайык, Ош шаарынын мэриясына андан ары өткөрүп берүү үчүн 100 (бир жүз) троллейбусту жана троллейбустардын иштөөсүн камсыздоо үчүн зарыл болгон мүлктү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине (мамлекеттик менчикке) акысыз ажыратууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                                                    К. Конгантиев

04.09.2024 -ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 29-августундагы № 143

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 58 Автомобилдерге май куюу станцияларын долбоорлоо жана куруу үчүн жер участокторун берүүгө мораторий киргизүү жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаарынын аймагында автомобилдик май куюучу станцияларды курууну тартипке келтирүү, экологиялык, техногендик коопсуздукту камсыздоо максатында, транспорттук айрылыш маселелерин чечүү үчүн, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 58 “Автомобилдерге май куюу станцияларын долбоорлоо жана куруу үчүн жер участокторун берүүгө мораторий киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

токтомдун аталышынын расмий тилинде “земельных участков под” деген сөздөрдөн кийин “проектирование и” деген сөздөр менен толукталсын;

2-2- пунктунун 2 абзацындагы “гана” деген сөз алынып салынсын;

2-2- пункт төмөнкү мазмундагы 6 - абзац менен толукталсын:

“Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана шаар куруу документтерине каршы келбөөчү башка объекттерди”.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                                                          К. Конгантиев