Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

04.09.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 29-августундагы № 142

Жылуулук жабдуу чөйрөсүнүн мүлктүк комплекстерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 89 ПЖ “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-, 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Төмөнкү объекттерди Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин:

“Электр станциялары” ачык акционердик коомунун филиалынын мүлктүк комплекси - Бишкек шаарынын жылуулук электр борбору (юридикалык дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр проспекти, 108);

“Электр станциялары” ачык акционердик коомунун филиалынын мүлктүк комплекси - “Бишкекжылуулуктармагы” (юридикалык дареги: Бишкек шаары, Жукеев-Пудовкин көчөсү, 2/1);

Бишкек шаары, Багижский туюк көчөсү, 78 дарегинде жайгашкан “Чүй адистештирилген көчмө механизациялаштырылган колонна” филиалынын мүлктүк комплекси - “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы;

 жер участогу менен Сокулук району, Манас айылы, Школьная көчөсү дарегинде жайгашкан “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын  (идентификациялык коду - 7-08-03-1001-1259); “Жылуулуксуужабдуунун Беловодское район аралык ишканасы” филиалынын отканасы.

2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды белгиленген тартипте көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                               К. Конгантиев

04.09.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2024-жылдын 29-августундагы № 144

Азия оюндарынын чемпионуна муниципалдык турак жайды акысыз өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 5-, 13- жана  58-беренелерине, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 12-беренесине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 27-беренесине ылайык, Олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучусу, 2023-жылдагы Азия оюндарынын чемпиону Шеров Эрлан Кубанычбековичтин Кыргыз Республикасында спортту өнүктүрүүдө сиңирген зор эмгегин эске алып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучусу, 2023-жылдагы Азия оюндарынын чемпиону Шеров Эрлан Кубанычбековичке Бишкек шаары, Туңгуч кичи району,
23-үй, 2-батир дарегинде жайгашкан идентификациялык коду 1-04-15-0037-0038-01-003, муниципалдык турак жай акысыз негизде менчиктештирүү жолу менен берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн муниципалдык турак жайды акысыз негизде менчикке өткөрүп берүү жөнүндө келишимди белгиленген тартипте түзсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

Төрага                                                                                         К. Конгантиев

04.09.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2024-жылдын 29-августундагы № 147

Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы № 132 Бишкек шаары, Шопоков көчөсү, 108 дарегинде жайгашкан турак эмес жайды мамлекеттик менчикке ажыратууга макулдук берүү жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Азыркы турган кыймылсыз мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу жана социалдык маанилүү иш-чараларды уюштуруу максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-, 39-беренелерине, “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 16-беренесине, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы № 132 “Бишкек шаары, Шопоков көчөсү, 108 дарегинде жайгашкан турак эмес жайды мамлекеттик менчикке ажыратууга макулдук берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттагы “0,201” деген цифра “0,185” деген цифра менен алмаштырылсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте, ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

Төрага                                                                                                                К. Конгантиев

04.09.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2024-жылдын 29-августундагы № 146

Түз сатуу ыкмасы менен муниципалдык мүлктү менчиктештирүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 27-мартындагы № 309 “Муниципалдык менчикти менчиктештирүү шарттары жана тартиби, түз сатуу, аукциондо, конкурста сатуу ыкмалары аркылуу менчиктештирүү тартиби жана шарттары тууралуу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясына Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 117 “2024-2025-жылдарга карата Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген 2024-2025-жылдары менчиктештирилүүгө тийиш болгон Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттеринин тизмегине ылайык, белгиленген тартипте түз сатуу ыкмасы менен муниципалдык мүлктү менчиктештирүүгө макулдук берилсин.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага                                                                                            К. Конгантиев

04.09.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2024-жылдын 29-августундагы № 148

Жүргүнчүлөр автобустарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигине акысыз ээликтен ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

Транспорттук тейлөөнү жакшыртууда Токмок жана Балыкчы шаарларынын мэрияларына көмөк көрсөтүү максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын
34-, 39-беренелерине, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-, 11-, 19- беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясына андан ары төмөнкүлөргө өткөрүп берүүсү үчүн автобустарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине (мамлекеттик менчикке) акысыз ээликтен ажыратууга макулдук берилсин:

1-тиркемеге ылайык, жүргүнчүлөр автобусунун 7 (жети) бирдигин Токмок шаарынын мэриясына;

2-тиркемеге ылайык жүргүнчүлөр автобусунун 6 (алты) бирдигин Балыкчы шаарынын мэриясына.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                                                    К. Конгантиев