Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

04.09.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жыл 04-август № 153

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.С.Султановдун келип түшкөн арызынын негизинде, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын жана Бишкек шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен           

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2024-жылдын 23-августунан тартып Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Токтосун Султанович Султановдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду деп эсептелинсин.

2. Бишкек шаардык кеңештин 2021-жылдын 30-июлундагы № 2 “Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.    

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                                                    К. Конгантиев

11.06.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жыл 14-май № 134

Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу, эксплуатациялоо эрежелерин жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө

Бишкек шаарынын бирдиктүү архитектуралык-эстетикалык көрүнүшүн калыптандыруу максатында, “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-, 15-, 16-беренелерине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 27-, 34-беренелерине, “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 14-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу, эксплуатациялоо эрежелери жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө карата талаптар;

2-тиркемеге ылайык имараттын, курулманын фасадынын паспортунун типтүү формасы.

2. Бишкек шаарынын мэриясы өз ишинде ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн эрежелерди так жетекчиликке алсын.

3. Ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу, эксплуатациялоо эрежелери жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө карата талаптар мурда түзүлгөн жарнамалык конструкциялар үчүн муниципалдык жер участокторго ижара келишимдерге, ошондой эле аларды узартууда таркатылбайт.

4. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралындагы №150 “Бишкек шаарынын аймагында сырткы жарнакты жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                         К. Конгантиев

05.06.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-июнундагы № 138

Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүк органынан №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунун участкалык шайлоо комиссияларынын резервин жете комплектөө үчүн талапкерлердин тизмесин берүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын  2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу"  жобону жетекчиликке алып, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 24-майындагы  №8 кайрылуусун эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүк органынан № 29 Свердлов райондук бир мандаттуу шайлоо округу боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлердин тизмеси Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясына берилсин.

2. Ушул токтом Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

Төраганын
милдетин убактылуу аткаруучу                                      Ж. А. Абдраимов

07.06.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жыл 4- июнь № 140

Бишкек шаардык кеңешинин штаттык санын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомун, Бишкек шаардык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин штаттык саны 27 штаттык бирдик санда түзүлсүн, анын ичинде:
    
    саясий муниципалдык кызмат орундары – 2 штаттык бирдик;

    административдик муниципалдык кызмат орундары - 19 штаттык бирдик;

    техникалык жана кенже тейлөөчү персонал - 6 штаттык бирдик.

2. Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 53 "Бишкек шаардык кеңешинин аппаратын түзүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо регламент, этика, укуктук меселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

Төраганын
милдетин убактылуу аткаруучу                                        Ж. А. Абдраимов 

05.06.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жыл 4-июнундагы № 139

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигине он жүргүнчүлөр автобусун акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө    

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамын ташуу үчүн жүргүнчү автобустар менен камсыздоого көмөк көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын 2023-жылдын 9-ноябрындагы № 30/12-10961 он бирдик жүргүнчүлөр автобусун бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун эске алып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-, 39-беренелерине, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-, 11-, 19-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын мэриясына  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгына өткөрүп берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине 31068092 (отуз бир миллион алтымыш сегиз миң токсон эки) сом жалпы суммага ZK6108HGH моделиндеги «YUTONG» маркасындагы он жүргүнчүлөр автобусун акысыз ажыратууга (мамлекеттик менчикке) макулдук берилсин.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык 
кеңешинин төрагасынын
милдетин убактылуу аткаруучу  
                                        Ж. А. Абдраимов