Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, Кыргыз Республикасынын  тышкы  иштер министрлигинин кайрылуусун (2018-жылдын 24-майындагы чыгыш № 18-025/5679) карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын  тышкы  иштер министрлиги тарабынан жиберилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоору  макулдашылсын.
  1. Бишкек шаарынын мэриясы берилген жер участогу боюнча   белгиленген тартипте ишти жүргүзсүн.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссияга (А. А. Имангазиева) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                    А. М. Кененбаев

 

2018-ж. 31.05.

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттардын статусу жөнүндө” мыйзамын, Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, ошондой эле  Бишкек шаардык кеңештин “Кыргызстан” жана “Мекеним Кыргызстан” фракцияларынын лидерлеринин катынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

                                      ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссиялардын курамынан  чыгарылсын:

муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиядан – Маткасымов Д. А. - “Мекеним Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү;

турак жай коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиядан – Джунушев Дж. М. – “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиядан – Адылбеков У. Е. -“Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү.

2. Төмөнкүлөр Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссиялардын курамына киргизилсин:

муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссияга – Апсатар  уулу Айжигит  - “Мекеним Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү;

турак жай коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссияга –Адылбеков У. Е. – “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссияга – Сурапбаев Т. К. -“Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү.

3. Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 6-февралындагы № 52 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссиялардын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

а) 4-пункттун 7-сабындагы “Маткасымов Дамирбек Адылбекович” деген сөздөр “Апсатар  уулу Айжигит”  деген сөздөр менен алмаштырылсын;

б) 5-пункттун 7-сабындагы “Джунушев Джолдошбек Маликович” деген сөздөр “Адылбеков Увазарбек Есенаманович” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

в) 6-пункттун 6-сабындагы “Адылбеков Увазарбек Есенаманович” деген сөздөр “Сурапбаев Таалайбек Каримжанович” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Бишкек шаардык кеңештин төрага                         А. М. Кененбаев                                                                                   

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү Бишкек шаардык кеңештин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы №59 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун аткаруу үчүн, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 20-декабрындагы № 288 «Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шартын жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  1. Төмөнкү мазмундагы 2 жана 3-пункттар менен толукталсын:

“2. Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна,  Кыргыз Республикасынын  Башкы прокуратурасы тарабынан жөнөтүлгөн 2017-жылдын 13-декабрындагы №3 укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Координациялык кеңешмесинин чечиминин  1.3-пунктуна ылайык, Бишкек шаарынын мэриясы:

 эки айлык мөөнөттө, Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте “Бишкек шаарынын жерди пайдалануу жана куруу эрежелерин” иштеп чыксын жана  Бишкек шаардык кеңештин бекитүүсүнө киргизсин;

төрт айлык мөөнөттө, Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте “Бишкек шаарында муниципалдык жерлерди натыйжалуу пайдалануу боюнча программасын” иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин бекитүүсүнө киргизсин.

3. Ыйгарым укуктуу орган Бишкек шаардык кеңешке жана Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына отурумдардын бекитилген протоколдорунун көчүрмөлөрүнүн тиркемелери менен өткөрүлгөн комиссиялар жөнүндө отчетту ай сайын берсин.

2) Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды акы төлөө менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жободогу:

7-пункттун экинчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

«Комиссиянын курамына Бишкек шаарынын мэриясынын, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет. Комиссиянын курамы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилет.»;

“8-пунттагы “комиссиянын жыйынында катышып жаткандар” деген сөздөрдүн алдына “комиссия өтүү күнүндө” деген сөздөр менен толукталсын.”;

“61-пункттагы “комиссиянын жыйынында катышып жаткандар” деген сөздөрдүн алдына “комиссия өтүү күнүндө” деген сөздөр менен толукталсын.”;

63-пункттагы “комиссиянын жыйынында жана конкурстун жеңүүчү болуп” деген сөздөрдүн алдына “комиссия өтүү күнүндө” деген сөздөр менен толукталсын.”;

 81-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

“81. Ар бир функционалдуу багыты боюнча аянтын аныктоосуз (бөлүүсүз) келишимде көрсөтүлгөн жер участогу көп функционалдуу багытта болгон учурда, мындай жер участогун пайдалануу  үчүн ижара төлөмдөрүн эсептөө жер участогун өздөштүргөнгө чейин функционалдуу багыттардын саны боюнча тең үлүшкө  жер участогунун аянтын шарттуу бөлүү менен жүргүзүлөт.”

87-пункттагы “сот тартибинде” деген сөздөр алынып салынсын;”.

3) Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жободогу:

- 6-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтары бириктирилсин жана төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

«Комиссиянын курамына Бишкек шаарынын мэриясынын, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет. Комиссиянын курамы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилет.»;

 6-пункттагы “комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кол коюлат”  деген сөздөрдүн алдына “комиссия өтүү күнүндө” деген сөздөр менен толукталсын.”;

26-пункттагы “комиссиянын жыйынында катышып жаткандар” деген сөздөрдүн алдына “комиссия өтүү күнүндө” деген сөздөр менен толукталсын.”;

34-пункттагы “комиссиянын мүчөлөрү” деген сөздөрдүн алдына “комиссия өтүү күнүндө” деген сөздөр менен толукталсын.”;

2. Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 20-декабрындагы № 289 «Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү боюнча жоболорду жана комиссиялардын курамдарын бекитүү тууралуу» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) Жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун аталышындагы “жана курамдарын” деген сөздөр алынып салынсын;

1-пункттун төртүнчү жана бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп эсептелинсин;

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия жөнүндө жободогу:

- бардык текст боюнча « Муниципалдык менчик башкармалыгы» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы «Ыйгарым укуктуу орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

«2. Комиссиянын курамы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилет.»;

6-пункттагы “комиссиянын мүчөлөрү тарабынан” деген сөздөрдүн алдына “комиссиянын жыйыны өтүү күнүндө” деген сөздөр менен толукталсын.”;

12-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

“12. Ыйгарым укуктуу орган комиссиянын мүчөлөрүн жана Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын курамына кирген депутаттарды жыйын өткөнгө чейин 10 календардык күнгө чейин кабарлайт жана боло турган  жыйындын материалдары менен камсыздайт.”.

17-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

3) Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген жеңилдетилген жтиптеги объекттер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды берүү боюнча комиссия жөнүндө жободогу:

бардык текст боюнча « Муниципалдык менчик башкармалыгы» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы «Ыйгарым укуктуу орган»  деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2-пункт  төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

«2. Комиссиянын курамы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилет.»;

6-пункттагы “комиссиянын мүчөлөрү тарабынан” деген сөздөрдүн алдына “комиссиянын жыйыны өтүү күнүндө” деген сөздөр менен толукталсын.”;

12-пункт  төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

«“12. Ыйгарым укуктуу орган комиссиянын мүчөлөрүн жана Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын курамына кирген депутаттарды жыйын өткөнгө чейин 10 календардык күнгө чейин кабарлайт жана боло турган  жыйындын материалдары менен камсыздайт.”;

 17-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

3. Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 9-июлундагы №339 «Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жана Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга жарандардын кезектүүлүгүн түзүү тартиби жөнүндө» жоболорун бекитүү тууралуу» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн  жер участокторду берүү тартиби жөнүндө жободогу:

- 6-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

 «Комиссия ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөндөгүдөй курамда түзүлөт:

- Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү;

- «Бишкекбашкыархитектура» МИнин өкүлү;

- Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгынын өкүлү.

Комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча коомчулуктун өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн.»;

- төмөндөгүдөй мазмундагы IX глава менен толукталсын:

« IX. Корутунду жоболор

49. Ыйгарым укуктуу органдын жер участогун бөлүп берүү жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан  белгиленген  тартипте даттанылышы мүмкүн.»;

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга жарандардын кезектүүлүгүн түзүү тартиби жөнүндө жободогу:

- 2.6-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

«2.6. Райондук комиссиянын курамы:

- Бишкек шаарынын мэриясынын райондук муниципалдык администрациясынын өкүлдөрү;

- жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлү;

- Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгынын өкүлү.

Комиссиянын курамына Бишкек шаарынын мэриясынын райондук муниципалдык администрациясынын чечими боюнча коомчулуктун өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн.».

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (К. К. Конгантиев) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Р.К. Макеновго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                                                               А. М. Кененбаев

2018-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү  жана 2019 - 2020-жылдарга болжолу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин жетекчиликке алып, Бишкек  шаардык  кеңеш

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. 2018-жылга Бишкек шаарынын  бюджети кирешелер жана чыгашалар  боюнча республикалык бюджеттен максаттуу трансферттерди эске алуу менен  8 534 941,0 миң сом суммада бекитилсин, анын ичинде:

         4 953 154,4 миң сом - шаардык бюджет;

         923 172,9 миң сом - Ленин администрациялык районунун бюджети;

         890 617,3 миң сом - Октябрь администрациялык районунун бюджети;

         854 262,4 миң сом - Биринчи май администрациялык районунун бюджети;

         913 734,0 миң сом - Свердлов администрациялык районунун бюджети.

2. 2019-2020-жылдарга  Бишкек шаарынын бюджетинин негизги  параметрлеринин болжолу жактырылсын:

         1) 2019-жылга кирешелер жана чыгашалар боюнча болжол – 9 971 747,1  миң сом суммада, 2020-жылга  –  10 472 294,1 миң сом суммада;

         2) 2019-2020-жылдарга жактырылган шаардын бюджетинин болжолдук параметрлери, аларды кабыл алууда ар бир конкреттүү мезгилде  такталууга тийиш.

3. 2018-жылга Бишкек шаарынын  бюджетинин киреше бөлүгү жана 2019 – 2020 - жылдарга болжолу 1, 1-1, 1-2, 1-3 тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.

4.  2018-жылга Бишкек шаарынын бюджеттик мекемелеринин атайын каражаттардын киреше жана чыгаша бөлүктөрү 1-4 тиркемеге ылайык бекитилсин.

5. 2018-жылга республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер                 850 000,0 миң сом суммага 1-5 тиркемеге  ылайык бекитилсин.

6. 2018-жылга Бишкек шаарынын бюджетинен чыгашаларды жана 2019-2020-жылдарга болжолун каржылоого каражаттар 2, 2-1- тиркемелерге ылайык белгиленсин.

7. 2018-жылга чыгашаларды каржылоо накталай алынган кирешелердин чектеринде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин. Мында, биринчи кезекте  корголгон статьялар боюнча (айлык акы, Кыргыз Республикасынын   Социалдык фондусуна төгүмдөр, медикаменттер, тамактандыруу, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпул, стипендиялар) чыгашаларды каржылоо жүргүзүлөт.

Бюджеттик мекемелерде бош кызмат орундарынын пайда болушу, алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актыларды  кабыл алынуусу менен байланышкан  корголгон статьяларга каралган суммалардын азайтылышына жол берилет.

Каражаттын чыгымдалышы жана чыгаша статьяларынын  максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин жана  муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт.

8. 2017-жылы жеткиликтүү каржыланбай калган чыгашалар 2018-жылга Бишкек шаарынын бюджети тарабынан каралган ассигнованиелердин эсебинен жана чектеринде гана компенсациялана тургандыгы белгиленсин.

9. 2018-жылдын 1-январына карата Бишкек шаары боюнча жүгүртүүдөгү кассалык накталай акча 600,0 миң сом суммада бекитилсин, анын ичинде шаардык бюджет боюнча 200,0 миң сом жана райондук бюджеттер боюнча 100,0 миң сомдон бекитилсин.

10. 2018-жылга пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн төмөндөгүдөй ченеми бекитилсин:

          1) салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы, роялти,  сатуудан салык, чакан ишкердик субъекттери үчүн бирдиктүү салык, патенттин негизиндеги салык, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө салык,  жер салыгы,  таштанды ташып чыгаруу үчүн акы боюнча:

            -  Ленин администрациялык районуна                 -    44,9%;

         -  Октябрь администрациялык районуна             -    45,6%;

         -  Биринчи май администрациялык районуна     -    20,4 %;

         -  Свердлов  администрациялык районуна          -    41,3 %.

         2) ар кандай салыктар жана жыйымдар, калктуу конуштарда жер ижарасы жана мүлк ижарасы үчүн акы төлөмдөр жана мүлктү ижаралоо үчүн акы, Бишкек шаарынын ЭЭАсынан  салыктык жана салыктык эмес түшүүлөр  - 100% шаардык бюджетке;

         3) Бишкек шаарынын административдик райондор боюнча муниципалдык администрацияларынын административдик комиссиялары тарабынан  салынуучу административдик жаза пулдар боюнча 100% администрациялык райондордун тийиштүү бюджетине жөнөтүлсүн.

11. Бюджеттик уюмдарга жана мекемелерге атайын каражаттарды казыначылык  тутумунан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 100% тиешелүү бюджеттин кирешесине алынат.

12. Бюджеттик уюмдар жана муниципалдык ишканалар тарабынан  максаттуу багыты боюнча эмес пайдаланылган Бишкек шаарынын бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алууга  жатат.

13. Ушул токтом менен бекитилген бюджеттик параметрлерди өзгөртүү зарылчылыгы болсо, ага тиешелүү оңдоолорду  кабыл алганга чейин Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу боюнча бюджеттик параметрлерди өзгөртүүнү жүргүзсүн.

14. 2018-жылга Бишкек шаарынын бюджетинен каржылануучу мекемелер үчүн төмөндөгүлөр белгиленсин:

         1)      жалпы билим  берүү мектептеринин чарба башчыларына ай сайын  айлык акыларына окуучулардын санына жараша 1 штаттык бирдик эсебинен 2800 сомго чейинки үстөк акы (100 окуучуга чейин – 450 сом, 100дөн 600гө  чейин – 1000 сом, 600дөн 1200гө чейин – 1600 сом, 1200дөн 1800гө  чейин – 2200 сом, 1800дөн жогору – 2800 сом);

         2)      балдар музыкалык мектептердин жаш адистерине ай сайын 500 сом  үстөк акы;

        3)      карылар үйүнүн, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунун, «Коломто» муниципалдык мекемесинин жана «Ардагер» шаардык геронтологиялык борборунун, Зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү борборунун кызматкерлеринин айлык акысына 1 кызматкерге ай сайын 1650 сом эсебинде үстөк акы;

        4)      Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын социалдык кызматкерлеринин айлык акысына 1 кызматкерге ай сайын 4000 сом эсебинде үстөк акы;

        5)      Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын үйлөмө аспап, симфониялык оркестрлеринин, элдик аспаптар оркестринин, «Семетей», «Доор», «Сувенир» ансамблдеринин, «Кыргыз руху» фольклордук ансамблинин жана «Акак» комузчулар ансамблинин кызматкерлеринин, Бишкек шаардык драмалык театрынын негизги жана инженердик - техникалык  персоналынын айлык акысына 1 кызматкерге  ай сайын  2500 сом эсебинде үстөк акы;

      6)      билим берүү жана маданият уюмдарынын борборлоштурулган бухгалтерияларынын кызматкерлерине айлык акыга ай сайын 3000 сомдон үстөк акы;

      7)      шаардык маанидеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине ай сайын айлык акыга төмөндөгүдөй үстөк акы:

            мэриянын, шаардык кеңештин жетекчилерине 1000 сомдон;

         материалдарды сактоо кызматынын кызматкерлерине 2000 сомдон;

шаардык бюджеттен каржылануучу түзүмдүк бөлүмчлөрдүн  жетекчилерине жана кызматкерлерине, мэриянын, шаардык кеңештин башка кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгынын кызматкерлерине жана башкаруу органдарын тейлеген айдоочуларга  4000 сомдон;

            муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлерине, жергиликтүү бюджеттин эсебинен күтүлүүчү Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо  боюнча Мамлекеттик салык  кызматы башкармалыгынын жергиликтүү жана салыктык эмес төлөмдөрдү контролдоо  боюнча бөлүмүнүн начальнигинин орун басарына жана кызматкерлерине 3000 сомдон.

            8)      райондук маанидеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин айлык акысына төмөндөгүдөй ай сайын үстөк акы:

         администрациялык райондор боюнча муниципалдык администрациялардын жетекчилерине 1000 сомдон;

         райондук билим берүү борборлорунун, райондук социалдык  өнүктүрүү башкармалыктарынын, финансы органдарынын жана муниципалдык администрациялардын  аппаратынын,  МСКБнын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча бөлүмдөрүнүн  кызматкерлерине жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен күтүлүүчү Мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыктарынын  (мындан ары- МСКБ) начальниктеринин орун басарларына  3000 сомдон;

            9)      райондук аскер комиссариаттарынын кенже тейлөөчү, техникалык жана аскердик - учеттук персоналдарынын айлык акыларына  ай сайын 500 сомдон үстөк акы;

            10)    билим берүү, социалдык коргоо, маданият, спорт уюмдарынын башка кызматкерлеринин айлык акыларына 1 кызматкерге ай сайын 1000 сом  эсебинде үстөк акы;

            11)    саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин айлык акыларына төмөндөгүдөй ай сайын үстөк акы:

            дарыгерлерге, орто жана башка персоналга  бир ставкага 1000 сом эсебинде, бирок  1 кызматкерге  1000 сомдон ашык эмес суммада;

         кенже  медициналык  персоналга  бир ставкага 1500 сом  эсебинде, бирок 1 кызматкерге  1500 сомдон ашык эмес суммада;

Бишкек шаарынын тез медицина борборунун  сутка бою иштеген оперативдүү бөлүмүнүн кызматкерлерине, чакырууга чыгуу бригадасынын фельдшерлерине жана санитарларына 1 кызматкерге  2500 сом эсебинде;

         тез кечиктирилгис жардам көрсөтүү кызматынын дарыгерлерине жана педиатр-дарыгерлерине, дарыгер-неонатологдорго, дарыгер-реаниматологдорго, дарыгер-анестезиологдорго, дарыгер-комбустиологдорго 1 кызматкерге  4000 сом эсебинде;

         12)    Билим берүү башкармалыгынын медициналык - педагогикалык комиссиясынын методисттеринин айлык акыларына 1 кызматкерге 1500 сом эсебинде ай сайын үстөк акы;

         13)    шашылыш медицинанын автомашиналарынын айдоочуларынын айлык акыларына 1 кызматкерге 2000 сом эсебинде ай сайын үстөк акы.

15.    Жергиликтүү бюджеттин эсебинен күнүнө тамактандырууга төмөндөгү ченемдер белгиленсин:

        1) мектепке чейинки билим берүү уюмдарында:

         3 жашка чейинки курактагы балдар үчүн  - 29 сом, 

         3 төн 7 жашка чейинки курактагы балдар үчүн  -  30 сом;

         2) акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарында  - 57 сом;

         3) кургак учук менен ооруган балдар үчүн бала бакчада - 95 сом;

         4) жалпы билим берүү уюмдарындагы жетим балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 5 - 7-класстагы балдары үчүн  -  14 сом;

         5) жалпы билим берүү уюмдарындагы 1 - 4-класстардын балдары үчүн       - 14 сом;

         6)      жалпы билим берүү уюмдарындагы акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн - 28 сом;

         7)      Балдарды социалдык адаптациялоо борборунда, Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунда, «Айданек» жашы жете элек балдарды реинтеграциалоо борборунда, Октябрь районунун № 71 орто мектеп интернатындагы интернаттык топтордо жана  № 1 гимназия - интернатында - 110 сом;

         8)      ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунда - 60 сом;

         9)      жатып калган оорулуулардын ысык тамагына - 60 сом;

         10)    белгилүү жашаган орду жок адамдарды тамактандырууга - 35 сом;

         11)    мектеп алдындагы лагерлердеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын тамактандырууга  -  44 сом.

16.    Жергиликтүү бюджеттин эсебинен күнүнө медикаменттерге төмөнкү  ченемдер белгиленсин:

         1)      Балдарды социалдык адаптациялоо борборунда, Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунда, «Айданек» жашы жете элек балдарды реинтеграциалоо борборунда 12,80 сомго чейин;

         2)      шаардык реабилитациялык борборунда мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн  0,55 сомго чейин;

         3)      белгилүү жашаган орду жок адамдар  үчүн 12,50 сомго чейин.

17.    2018-жылга турак жай–коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө  акы төлөөгө жарандардын өздүк чыгымдарынын чектүү жол берилген үлүшү  10% өлчөмдө белгиленсин.

18.    2018-жылга төмөнкү  чыгашалар  бекитилсин:

             1)      20 саатка чейинки жумалык жүктөмү менен орус тилдүү мектепке чейинки балдар уюмдарында кыргыз тил мугалимин жана  кыргыз тилдүү мектепке чейинки балдар уюмдарында орус тил мугалимин күтүүгө;

             2)      жалпы билим берүү уюмдарында аскерге чакырууга чейин даярдык боюнча жетекчинин бир ставкасын күтүүгө;

            3)      Бишкек шаарынын тез медицина борборунун «медициналык кызматкердин депозитине» 40,0 штаттык бирдикке бир дарыгерге айына 6000 сом эсебинде жана   үч жыл иштеп бүткөндүгү боюнча бир орто медициналык кызматкерге ай сайын 5000 сом;

           4)      Биринчи май районунун «Коломто» муниципалдык мекемесин  күтүүгө;

           5)      Ленин, Октябрь администрациялык райондору боюнча 2 кечки жалпы билим берүү мектебин жана Свердлов администрациялык районунун № 35 жана 94 жалпы билим берүүчү мектептеринин алдында кечки класстарды күтүүгө;

            6)      SOS – Герман Гмайнер орто мектебинин, Бишкек шаарынын балдар айылынын SOS – бала бакчасынын чыгымдарын төлөөгө;

            7)      менчик - мамлекеттик еврей мектебинин коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрү  үчүн  чыгымдарды төлөөгө;

            8)      «Сезим» кризистик борборунун, «Оберег» реабилитациалык борборунун, «Бириккен-Кол» аутист балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесинин, «Биринчи балдар хосписи» коомдук кайрымдуулук фондусунун коммуналдык  кызмат көрсөтүүлөр үчүн  чыгымдарды төлөөгө;

            9)      Бишкек шаарынын согуштун,  Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлер жана оорук эмгекчилер кеңешинин  чыгымдарын төлөөгө;

            10)    зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү  борборун  күтүүгө;

            11)    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын                           30-сентябрындагы № 404 «Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген типтүү штаттардан сырткары киргизилген кошумча штаттык бирдиктерди, 3-тиркемеге ылайык 577,25 штаттык бирдик санында кызмат орундарын күтүүгө;

            12)    аскерге чакырылуучуларды анык аскердик кызматка чакыруу жана жөнөтүү мезгилинде Республикалык топтоо пунктунун ишин камсыздоого;

            13)    Бишкек шаарын жана жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүгө, ошондой эле шаардык жана аймактык маанидеги обьекттерди (социалдык, коомдук, коммуналдык, инженердик инфраструктарлар,  тургундардын жалпы үлүштүк менчиктерин)  түзүүгө, өнүктүрүүгө, калыбына келтирүүгө жана  реабилитациялоого жана жергиликтүү коомчулуктун өз алдынча башкаруусунун ар түрдүү формаларын өнүктүрүүгө,  алардын  коомдук активдүүлүгүн жогорулатууга жана коммуналдык  жана башка   жашоо тиричилик маселелерин өз алдынча чечүүгө жөндөмдүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө колдоо көрсөтүүгө багытталган дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды берүүгө;

         14)    «Мурас-Ордо» конушунун балдарын Аламүдүн районунун Степное айылынын «Келечек» мектебине ташууну уюштурууга;

         15)    Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринде «Жаш мугалим депозити» программасын ишке ашырууга;

         16)    Октябрь администрациялык районунун № 34 атайын көмөкчү мектебиндеги  акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн  узартылган күн топторуна  тарбиячылардын 5,0 ставкасын күтүүгө;

         17)    карыздарын төлөөгө жана милдеттемелерин аткарууга шаардык бюджеттен Бишкек шаарынын администрациялык райондоруна өткөрүп берилүүчү каражаттар боюнча;

         18)    балансында кезметтик (кызматтык) автомашиналары жок муниципалдык аймактык башкармалыктарга айына 100 литрден бензин сатып алууга;

         19)    райондук МСКБнын начальниктеринин орун басарларын, райондук МСКБнын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча бөлүмдөрүнүн  60,0 штаттык бирдигин,  Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо  боюнча МСКБнын начальнигинин орун басарын  жана Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча  ИСТК МСКБнын жергиликтүү жана салыктык эмес төлөмдөрдү контролдоо  боюнча бөлүмүнүн 5,0 штаттык бирдигин  күтүүгө.

19.    Кварталдык, үй комитеттеринин жана аксакалдар сотторунун төрагаларына  келишимдик негизде  4-тиркемеге ылайык ай сайын акы төлөө белгиленсин.

20.    Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө  келишимдик негизде квартал сайын 250 сомдон акы төлөө белгиленсин.

21.    «Алга-Бишкек футбол клубу» муниципалдык  мекемесинин футболчуларына ай сайын 5 000 сом өлчөмүндө стипендия белгиленсин.

22.    5-тиркемеге ылайык 2017-жыл үчүн чыгашалардан  кирешелерди ашыруунун эсебинен 153 050,6 миң сом суммада чыгымдарды  багыттоого уруксат берилсин.

23.    6-тиркемеге ылайык, «Алга-Бишкек футбол клубу» муниципалдык  мекемесинин кызматкерлерине кызматтык маяна  белгиленсин.

24.    7-тиркемеге ылайык, жылдын башталышына карата бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарынын калдыгынын чыгашаларын багыттоо бекитилсин.

25.    Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, аппараттардын, өз алдынча бөлүмдөрдүн жана башка мекемелердин кызматкерлерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен сыйлык акы  берүү жана кызматтык эмгек акыларын жана аларга үстөк акыларды белгилөө  укугу Бишкек шаарынын мэринде сакталсын.

26.    Бишкек шаарынын мэриясы:

1)      Бишкек шаарынын бюджетине кошумча  каражаттарды тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2008-жылдын 10-ноябрындагы № 618 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруунун, жайгаштыруунун,  жүгүртүүнүн жана тындыруунун тартиби жөнүндө” жобого ылайык муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу зарылчылыгына жараша  жүргүзүүгө уруксат берилсин;

2)      2018-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягына чейин Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги менен  2017-жылга каралгандан кем эмес көлөмдө 2018-жылга республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттердин көлөмүн жогорулатуу маселеси боюнча иш жүргүзсүн;

3)      2018-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө  жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында салыктарды жана жыйымдарды башкаруу өкүлдөнгөн функцияларды  кабыл алуу боюнча уюштуруу иш-чараларды аяктасын;

4)      Кыргыз Республикасынын азыркы мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын Олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар өспүрүм спорт мектебин каржылоону  карап чыксын;

5)      2018-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө жолчырак объекттери боюнча бирдиктүү заказчынын функцияларын өткөрүп берүү менен, ошондой эле  кампада болгон жолчырак объекттерин, себилдөөчү белен тетиктери жана жабдуулары менен КР ИИМ ЖКККББ СМЭБ МИсинен Бишкек шаарында жайгашкан бардык жолчырак объекттерин муниципалитеттин балансына кабыл алуу менен борбордун жолчырак объекттеринин ишин уюштуруу боюнча  Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүн түзүү боюнча Бишкек шаардык кеңешке сунуш киргизсин;

6)      бюджетти каражаттарды үнөмдөө максатында, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын тамактануу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча бөлүмүнүн түзүмү боюнча сунушту кайра карасын жана Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна киргизсин; 

7)      2018-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө парк зоналарын, базарларды жана токтотмолорду тескөө функцияларын ага өткөрүп берүү менен, Бишкек шаарынын мэриясынын токтотмолор жана муниципалдык базарлар башкармалыгы жөнүндө жобону Бишкек шаардык кеңештин кароосуна киргизсин;

8)      курулуш жана борбордун муниципалдык жолдорун ремонттоо жаатындагы муниципалдык бирдиктүү саясатты камсыздоо максатында, бирдиктүү заказчыны аныктасын жана 2018-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңешке сунуш киргизсин;

9)      жаңы муниципалдык автобустарды жана троллейбустарды сатып алууда, алардагы каттамдын номурларынын кыймылы аркылуу жарыялоо  боюнча функцияларды жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн мониторлорду карап чыксын;

10)    2018-жылдын 15-апрелине чейинки мөөнөттө Жер ресурстар башкармалыгынын 948,2 млн. сом жана Муниципалдык мүлк башкармалыгынын 28,0 млн. сом дебитордук карызын кыскартуу боюнча бекитилген графикти Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна киргизсин;

11)    бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлөрүн комиссиянын курамына киргизүү менен 2016-2017-жылдардын жыйынтыгы боюнча “Бишкекасфальтсервис” МИсинин ишине аудит жүргүзсүн;

12)    2018-жылга Бишкек шаарынын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө “Бишкекасфальтсервис” МИсинин 10 000,0 миң сом өлчөмүндөгү бюджеттик ссуданы кайтарууга сумманы карасын;

13)    муниципалдык лифттерди капиталдык-калыбына келтирүү ишине 30 000, 0 миң сом суммага каражат издеп тапсын;

14)    “Калыс Ордо” конушунун тышкы жарыктандыруусуна 3 200,0 миң сом өлчөмүндөгү каражат издеп тапсын;

15)    Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган тартипте Бишкек шаары боюнча КР ӨКМБсы үчүн өрт өчүрүүчү машинанын түтүктөрүн жана көбүк түзүүчүлөрдү сатып алууга 1000,0 миң сом өлчөмүндө каражат издеп тапсын;

16)    гүлдөрдү жана көчөттөрдү сатуу муниципалдык пункттарын уюштуруу боюнча “Бишкекжашылчарба” МИсине 4064,1 миң сом өлчөмүндөгү каражат издеп тапсын;

17)    Ахунбаев көчөсүнө жана Джунусалиев көчөсүнө жолчырак орнотууга 900,0 миң сом өлчөмүндө каражат издеп тапсын;

18) Бишкек шаарынын ИИББсынын мобилдик батальону үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга 6 200,0 миң сом өлчөмдөгү жана имараттын жайларын утурумдук ремонт жүргүзүүгө 926,8 миң сом өлчөмдөгү каражат издеп тапсын.

27. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

28.    Ушул токтомдун аткарылышын  контролдоо  Бишкек шаардык кеңештин төрагасы А.М Кененбаевге  жана  Бишкек шаарынын мэри А. С. Ибраимовго  жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                                                          А. М. Кененбаев

Приложение (xlsx, 112 Кб)

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын  14-апрелиндеги № 13  «Бишкек  шаарынын  2017-жылга бюджетин бекитүү жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1)   1-пунктундагы «9 026 211,0», «5 413 896,3», «936 840,1», «895 781,2», «825 531,1», «954 162,3» деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша «9 045 107,5», «5 411 035,1», «941 619,4», «901 169,7»,                «831 728,6», «959 554,7» деген цифраларга алмаштырылсын;

2)  «Бишкек шаарынын  2017-жылга  бюджетинин киреше бөлүгү» 1,  1-1, 1-2, 1-3 тиркемелери  ушул токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3 тиркемелерине  ылайык редакцияда берилсин;

3) «Бишкек шаарынын 2017-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү» 2,  2-1 тиркемелери ушул токтомдун 2, 2-1 тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөрү ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык бекитилсин.

3.  Бюджеттик каражаттар боюнча чыгашалардын  негизги топтору, кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн  көрсөткүчтөр ушул токтомдун               4-тиркемесине ылайык бекитилсин.

4. Кирешелердин түшүп калуусунун натыйжасында шаардык  бюджеттин алдында 2018-жылдын 1-январына  карата абал боюнча администрациялык  райондордун  пайда болгон  карызын эсептен чыгаруу жүргүзүлсүн.

5.  Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо  Бишкек шаардык кеңештин экономика, бюджет жана финансы боюнча  туруктуу комиссиясына (Т. А. Токобеков) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Р. К. Макеновго  жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин
төрагасы А. М. Кененбаев