Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттардын статусу жөнүндө” мыйзамын, Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, ошондой эле  Бишкек шаардык кеңештин “Кыргызстан” жана “Мекеним Кыргызстан” фракцияларынын лидерлеринин катынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

                                      ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Төмөнкүлөр Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссиялардын курамынан  чыгарылсын:

муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиядан – Маткасымов Д. А. - “Мекеним Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү;

 турак жай коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиядан – Джунушев Дж. М. – “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиядан – Адылбеков У. Е. -“Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү.

  1. Төмөнкүлөр Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссиялардын курамына киргизилсин:

муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссияга – Апсатар  уулу Айжигит  - “Мекеним Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү;

турак жай коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссияга –Адылбеков У. Е. – “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссияга – Сурапбаев Т. К. -“Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү.

  1. Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 6-февралындагы № 52 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссиялардын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

а) 4-пункттун 7-сабындагы “Маткасымов Дамирбек Адылбекович” деген сөздөр “Апсатар  уулу Айжигит”  деген сөздөр менен алмаштырылсын;

б) 5-пункттун 7-сабындагы “Джунушев Джолдошбек Маликович” деген сөздөр “Адылбеков Увазарбек Есенаманович” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

в) 6-пункттун 6-сабындагы “Адылбеков Увазарбек Есенаманович” деген сөздөр “Сурапбаев Таалайбек Каримжанович” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Бишкек шаардык кеңештин төрага     А. М. Кененбаев                                                                             

2018-ж. 11-декабрь

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, жаңы коалициялык макулдашууну эске алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. XXVII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары жана төрагаларынын орун басарлары тиркемеге ылайык бекитилсин.
  1. Бишкек шаарынын мэриясына Бишкек шаардык кеӊештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын иштөөсү үчүн иш бөлмө тапсын.
  1. Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 6-февралындагы №53 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы          Ж. Б. Абиров

 

Бишкек шаардык кеңештин  

2018-жылдын “__” ________

№ _____ токтомуна тиркеме

XXVII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары жана төрагаларынын орун басарлары

1. Регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссия:

Төрагасы – Досалиев Э. А.;

Төраганын орун басары – Лисниченко В. М.

2. Бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссия:

Төрагасы – Кулматова Н. А. («Кыргызстан» фракциясынын чечими боюнча);

Төраганын орун басары – Докенов Э. Ш. (бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын жана көпчүлүк фракциялар коалициясынын чечими боюнча).

3. Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия:

Төрагасы – Сыдыков Э. М.;

Төраганын орун басары – Апсатар уулу Айжигит.

4. Муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектурабоюнча туруктуу комиссия:

Төрагасы – Абдраев Б. К.;

Төраганын орун басары – Акылбеков А. А.

5. Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссия:

Төрагасы – Салымбеков Ж. М.;

Төраганын орун басары – Исмаилов С. А.

6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссия

Төрагасы – Жумалиев Ч. З.;

Төраганын орун басары – Алымов Ж. Ж.

Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси   М. Дж. Алымбеков

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, жаңы коалициялык макулдашууну эске алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. XXVII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары жана төрагаларынын орун басарлары тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Бишкек шаарынын мэриясына Бишкек шаардык кеӊештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын иштөөсү үчүн иш бөлмө тапсын.
  3. Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 6-февралындагы №53 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Төрага                                                                                         Ж. Б. Абиров

Тиркеме (docx., 15 Кб)

Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 10-октябрындагы №111 “Бишкек  шаарынын ардактуу жараны жөнүндө” жобону  бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Бишкек шаарынын жергиликтүү жамааттардын сыйлыктары боюнча комиссиясынын 2018-жылдын 13-июнундагы №1 чечиминин жана Бишкек шаардык кеңештин расмий сайтына жайгаштырылган  “Бишкек шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгарууга көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтардын негизинде, мекемелердин жана коомдук уюмдардын өтүнүчтөрүн эске алып, Бишкек шаарынын экономикалык жана социалдык-маданий өнүгүүсүнө кошкон чоң салымы, активдүү коомдук жана меценаттык иши үчүн, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2017-2018 жылдар үчүн “Бишкек шаарынын Ардактуу жараны” наамы төмөнкү жарандарга  ыйгарылсын:

1) эмгек ардагери, Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкери, персоналдык пенсионер, Бишкек шаарынын ардактуу ардагери – Евгений Андреевич Данилинге;

2) Кыргыз Республикасынын өнөр-жайына эмгек сиңирген кызматкери, персоналдык пенсионер, №12 кичирайонунун аксакалдар сотунун төрагасы – Асанбек Мамырбаевге;

3) муниципалдык кызматтын отличниги, 2008-жылдагы Бишкек шаардык кеңештин мурунку төрагасы – Айбек Шермамбетович Осмоналиевге;

4) Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу, эмгек ардагери, легендарлуу парламенттин депутаты, “Аймактык типтеги курулуш – монтаждоо башкармалыгы” ЖЧКсынын генералдык директору – Насирдин Карбаевич Юсуповго;

5) медицина илиминин кандидаты, доцент, Энеликти жана балалыкты коргоо улуттук  борборунун башкы дарыгеринин орун басары – Амантур Токтомбаевич Джумаевге;

6) Бишкек шаардык кеңештин 3 жолку чакырылышынын депутаты – Павел Николаевич Десятниковго;

7) «Маданият-Тарых-Тил» телеканал студиясынын редактору, алып баруучусу директору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги – Бактыбек Камчыбекович Мамытовго;

8) Кыргыз Республикасынын эл акыны, котормочу, СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген  ишмери – Рамис Рыскуловго;

9) профессор,  Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университетинин эл аралык журналистика кафедрасынын башчысы, Билим берүүнүн отличниги – Александр Самуилович Кацевге;

10) КРСУнун №2 терапия кафедрасынын доценти, “Юни Клиник” МБсынын врач-кардиологу, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоосунун отличниги – Абдимиталип Нышанбаевич Халматовго;

11) “Бишкеккурулуш” ААКсынын долбоорлоо тобунун директору,  Кыргыз Республикасынын курулушчулар союзунун төрагасынын коомдук жардамчысы – Татьяна Александровна Шапаваловага;

12) «Рабочий профессиональный союз железнодорожников» профсоюзунун республикалык тармактык бирикмесинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын ардактуу темир жолчусу, Бишкек шаардык кеңештин 3  жолку чакырылышынын депутаты – Эрнис Шарапидинович Докеновго;

13) «Дзюдо» жана «Самбо» күрөшү боюнча СССР спортунун чебери, Кыргыз Республикасынын “Самбо” күрөшү боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусуу  – Азизбек Бакаевич Шакировго;

14) «Институт Евразийских исследований» өнүгүү фондунун филиалынын директору,  Бишкек шаардык кеңештин 3  жолку чакырылышынын депутаты – Таалайбек Джолдошбекович Сагыновго.

  1. Бишкек шаарынын мэриясы  Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 19-мартындагы  № 311 “Бишкек шаарынын Ардактуу жаранынын Белгисинин, Грамотасынын, Күбөлүгүнүн жоболорун жана жазууларын жана Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын Китебин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык бир айлык мөөнөттө 2017-2018 – жылдарда бул наамга татыктуу болгон жактарга тапшыруу үчүн Бишкек шаарынын Ардактуу жаранынын Белгилерин, Грамоталарын, күбөлүктөрүн даярдоону камсыз кылсын.
  2. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басарына  жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                                                                    Ж. Б. Абиров

          Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, жаңы коалициялык макулдашууну эске алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. XXVII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамдары бекитилсин (тиркелет).
  1. Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 6-февралындагы №52 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Төрага                                                                                        Ж. Б. Абиров

Тиркеме (docx, 22 Кб)