Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

“Айкөл Ала-Тоо” жана “Мекен шейиттери” коомдук бирикмелеринин кайрылууларын эске алуу менен, 2010-жылдын 7-апрели элдик революциясынын атын түбөлүккө калтыруу максатында, 2017-жылдын 4-апрелиндеги Бишкек шаарындагы  топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын корутундусун эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" мыйзамын, Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 19-мартындагы № 60 “Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 22 “Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу” токтомун жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү көчөлөрдү кайра атоо жолу менен 7-апрель окуясынын аты түбөлүккө калтырылсын:

а) 1-тиркемеге ылайык Чүй проспектинен Бишкек шаарынын түштүк чектерине чейинки  Шабдан Баатыр көчөсү 7-апрель көчөсүнө;

б) 2-тиркемеге ылайык, Мухтар Ауэзов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки Чүй проспектинин бөлүгү Шабдан Баатыр проспектине.

2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте аншлагдарды орнотууну жүргүзсүн.

3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалык (Берикбаев Б. Ж.), “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы (Тулебердиев А. Т. )  учеттук жана маалыматтык маалыматтарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (К. К. Конгантиев) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                                                   А. М. Кененбаев

Приложение 1 (pdf, 1.4 Мб)

Приложение 2 (pdf, 1.3 Мб)

1. Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 22 “Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомунун 1-пунктуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

а) “беш” деген сөз “он” деген сөз менен алмаштырылсын;

б) “Иманалы Айдарбековдун атынан Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн бирин кайра атоодон” деген сөздөрдөн кийин “, Шабдан Баатыр көчөсүн  7-апрель көчөсүнө кайра атоодон, Мухтар Ауэзов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки Чүй проспектинин бөлүгүн Шабдан Баатыр проспектине кайра атоодон” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына (А. А. Имангазиева) жана Бишкек шаарынын вице-мэрине           (Б. О. Дюшембиев)  жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                  А. М. Кененбаев

Уфа шаарынын (Россия Федерациясы) жана Бишкек шаарынын (Кыргыз Республикасы) ортосундагы кызматташуу жөнүндө эки тараптуу протоколду  жактыруу тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын, Бишкек шаарынын  жергиликтүү коомдоштугунун уставын, Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

Россия Федерациясынын Башкортостан Республикасынын Уфа шаарынын шаардык аймагынын Администрациясы жана Кыргыз Республикасынын Бишкек шаардык кеңешинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө эки тараптуу протокол тиркемеге ылайык (кыргыз жана орус тилдеринде) жактырылсын.

 

Төраганын милдетин аткаруучу                                                      В. М. Лисниченко

Бишкек шаардык кеңештин “Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына техникалык шарттарды берүү жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин кошуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону жана долбоорлонгон инженердик тармактарга техникалык шарттарды берүүгө жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөрүү, кайра пландоо объекттерин кошууга уруксат берүүгө тарифтерди бекитүү жөнүндө

 

 

         Кыргыз Республикасынын “Ичүүчү суу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №100 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүү жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулуу тартибинин эрежелерине ылайык жана Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 8-декабрындагы        № 166 “Бишкек шаарында суу менен жабдууну жана канализацияны реаблитациялоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн кредитти алууну колдоо жөнүндө” токтомун көнүлгө алып, ошону менен бирге  Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк, канализациялык тармактарды жана курулмаларды өнүктүрүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына техникалык шарттарды берүү

жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин кошуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык;

         2) салыктарды эсепке албаганда, бюджеттик мекемелер үчүн кичирейтилген коэффициенти менен Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерине техникалык шарттарды даярдоо жана берүү үчүн жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин кошууга уруксат үчүн тарифтер ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык.

         2. Бул токтом күчүнө кирген күндөн тартып Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы аймагында төмөнкүлөрдүн таасири жайылтылбоосу белгиленсин:

         1) Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 68 "Бишкек шаарынын аймагында суу түтүк жана канализация тармактарына жаңы курулган, реконструкцияланган, арналышы өзгөртүлгөн, кайра пландалган объекттерди кошууга жана техникалык шарттарды берүүгө тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтомунун;

         2) суу түтүк-канализациялык тармактарга жана курулмаларга техникалык шартты берүү жана курулуш объекттерин кошуу бөлүгүндөгү Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин  2005-жылдын 8-декабрындагы № 142 “Бишкек шаарында суу түтүктөрүн жана канализацияны пайдалануу Эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Бишкек шаарында суу түтүк жана канализацияны пайдалануу эрежесинин.

         3. Бишкек шаарынын мэриясы:

1) жер тилкелеринин ээлерине жана пайдалануучуларына инженердик тармактардын курулушунун башталышы жөнүндө кабарлоо боюнча  керектүү чараларды көрсүн;

2) Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан “Түштүк пландоо зонасынын суу түтүк жана канализациясынын магистралдык тармактары” долбоорун ишке ашыруу үчүн жеке инвестицияларды тартуу механизмдерин иштеп чыксын.

         4. Төмөнкүлөр аныкталсын:

         1) “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы (мындан ары “Бишкексууканал” ӨЭБсы) – Бишкек шаарынын Түштүк зонасы үчүн “Бишкек шаарында суу менен жабдууну жана канализацияны реаблитациялоо” долбоору тарабынан каралган инженердик тармактарды жана курулмаларды долбоорлоо жана куруу боюнча ыйгарым укуктуу органы болуп;

         2) Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы – Бишкек шаарынын Түштүк зонасынын суу түтүк жана канализациянын магистралдык жана ажыратуучу тармактарын долбоорлоо жана куруу боюнча ыйгарым укуктуу органы болуп.

         5. “Бишкексууканал” ӨЭБсы:

         1) Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы менен бирдикте Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы инженердик тармактардын курулушу боюнча иштер аяктаганга чейин объекттерди кошууну кийинкиге калтыруу менен долбоорлонгон инженердик тармактарга кошулууга үч жактуу келишимди (“Бишкексууканал” ӨЭБсы, Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жана “куруучу”) иштеп чыксын;

         2) Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы менен бирдикте бир айлык мөөнөттө Бишкек шаарынын Түштүк зонасынын суу түтүк жана канализациянын магистралдык жана ажыратуучу тармактарынын курулушу боюнча аткарылган иштери үчүн акча каражаттарын төлөөнү жөнгө салуучу механизмин иштеп чыксын жана бул башкаруулардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө келишимди түзсүн;

         3) долбоордук-сметалык документтер тарабынан белгиленген мөөнөттө “Бишкек шаарында суу менен жабдууну жана канализацияны реаблитациялоо” долбоорунун алкагында  “Орто-Алыш” суутоптомосунда 35 скважинаны бургулоо менен “Орто-Алыш” суутоптомосунун тарамынан “Совмин” резервуарларынын районундагы тарамына чейинки магистралдык суу өткөрмөлөрдүн, ошондой эле Тыналиев көчөсүнөн (Түштүк зона)  шаардын тазалоочу курулмаларына чейин канализациялык коллектордун долбоорун жана курулушун камсыз кылсын;

         4) инженердик тармактарга кошулуу үчүн куруучудан алынган акча каражаттар Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын инженердик тармактарынын курулушуна жана “Бишкек шаарында суу менен жабдууну жана канализацияны реаблитациялоо” долбоорунун II фазасын ишке ашырууга алынган ЕРӨБнын кредитин (негизги карыз жана пайыздар) жабууга гана багытталсын;

         5) объекттерди куруу мезгилинде курулуш аянтчаларын ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн убактылуу кошулуу ордун аныктасын;

         6) туруктуу негизде инженердик тармактарга объекттерди кошуу Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк-канализациялык тармактардын курулушу боюнча бардык иштер аяктагандан жана инженердик тармактарга кошулууга техникалык шарт жана уруксат үчүн төлөмү болгондон кийин гана жүргүзүлсүн.

         6. Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы курулуштун башталышы үчүн жетиштүү каражаттардын келип түшкөнүнөн баштап ченемдик мөөнөттө Түштүк зонанын суу түтүк жана канализациясынын магистралдык жана ажыратуучу тармактарынын курулушун камсыз кылсын.

         7. “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы куруучу тарабынан суралган жана техникалык шарттарды берүү жана Бишкек шаарынын Түштүк зонасынын иштелип чыккан деталдуу пландоо долбооруна (ДПД) ылайык инженердик тармактарга кошулууга төлөмдөрдү аныктоо үчүн “Бишкексууканал” ӨЭБ тарабынан берилген суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүүнүн жүктөмдөрүнүн аныктыгын камсыз кылсын.

         Түштүк зонадагы суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүүнүн жүктөмдөрүнүн эсеби бир кишиге жалпы аянттын 20 кв.метрден көп эмес ченеми жана 1 кишиге суткасына 430литр муздак сууну керектөө ченеми менен жүргүзүлсүн.

         8. Жетекчиликтин жеке жоопкерчилиги белгиленсин:

         1) “Бишкексууканал” ӨЭБсы – келип түшкөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу, бөлүштүрүү жана чыгымдоо үчүн;

         2) Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы – акча каражаттарын максаттуу пайдалануу жана чыгымдоо, ошону менен бирге Бишкек шаарынын Түштүк зонасынын суу түтүк жана канализациясынын магистралдык жана ажыратуучу тармактарынын өз убагындагы жана сапаттуу курулушу үчүн;

         3) “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы – Бишкек шаарынын Түштүк зонасында долбоорлонгон жана курулуучу объекттердин суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүүнүн жүктөмдөрүнүн эсебинин аныктыгы үчүн.

  9. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

  10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шааркуруу жана архитектура боюнча (Конгантиев К.К.), турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссияларына (Салымбеков Ж.М.) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Р. К. Макеновго, вице-мэрлери Б.О.Дюшембиевге жана Э.К.Исаковго жүктөлсүн.

 

 

 

Бишкек шаардык кеңештин

төрагасы                                                                             А. М. Кененбаев         

 

Приложения:

1) Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына техникалык шарттарды берүү жана курулуш, реконструкцияланган, багытын өзгөрткөн, кайра пландалган объекттерин кошуунун тартиби жана шарттары жөнүндө Жобо

2) Тарифтер

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек шаардык кеңештин 2016-жылдын 30-декабрындагы №3 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын, Бишкек шаардык кеңештин регламентинин 36-41 – пункттарын  жетекчиликке алып, ошондой эле Бишкек шаардык кеңештин “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы”, “Республика-Ата Журт” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларынын лидерлеринин каттарынын негизинде,  Бишкек шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамынан төмөнкүлөр чыгарылсын:

Регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиядан “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” фракциясынын мүчөсү – Усубалиев Эрмек Сыргакович;

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиядан “Республика-Ата Журт” фракциясынын мүчөсү - Шананов Алмаз Абылкасымович;

Муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиядан “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү- Сыдыков Эмил Мурзабекович.

  1. Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамдарына төмөнкүлөр киргизилсин:

Бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссияга “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” фракциясынын мүчөсү – Усубалиев Эрмек Сыргакович;

Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга “Республика-Ата Журт” фракциясынын мүчөсү - Жакышов Русланбек Шергазиевич;

Бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссияга “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү- Сыдыков Эмил Мурзабекович.

  1. Бишкек шаардык кеңештин 2016-жылдын 30-декабрындагы №3 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

а) 1-пункттун 2-сабындагы “Усубалиев Эрмек Сыргакович-“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” фракциясынын мүчөсү” деген сөздөр алынып салынсын;

б)  4-пункттун 5-сабындагы “Сыдыков Эмил Мурзабекович -“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү” деген сөздөр алынып салынсын;

 в)  6-пункттун 4-сабындагы “Шананов Алмаз Абылкасымович “Республика-Ата Журт” фракциясынын мүчөсү” деген сөздөр алынып салынсын;

г) 2-пункт төмөнкү мазмундагы 11-сап менен толукталсын:

“Усубалиев Эрмек Сыргакович-“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” фракциясынын мүчөсү”;

д) 2-пункт төмөнкү мазмундагы 11-сап менен толукталсын:

“Сыдыков Эмил Мурзабекович -“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү”;

е) 3-пункт төмөнкү мазмундагы  6-сап менен толукталсын:

 “Жакышов Русланбек Шергазиевич”- “Республика-Ата Журт” фракциясынын мүчөсү”.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

Төраганын милдетин аткаруучу                                                      В. М. Лисниченко