Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

“Жагымдуу шарттар шаары” 2017-2020-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, 2017-жылдын 27-сентябрында өткөрүлгөн “Жагымдуу шарттар шаары” 2017-2020-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угуунун жыйынтыктарын эске алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Жагымдуу шарттар шаары” 2017-2020-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы (А. С. Ибраимов):

1) “Жагымдуу шарттар шаары” 2017-2020-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашырууну камсыз кылсын;

2)программага белгиленген тартипте төмөнкү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталсын:

II бөлүктүн 1-главасынын 4-абзацындагы “Бишкек шаары – жагымдуу жана экологиялык жактан таза жашоо үчүн жаратылыш ресурстары менен бай, таза жана даамдуу ичүүчү суусу, таза абасы, кооз жаратылышы, ак карлуу тоолору, орто климаты жана башка жагымдуу шарттары бар шаар” деген сөздөр “Бишкек шаары – ак карлуу чокулары жана көрктүү жаратылышы, таза ичүүчү суусу, жайлуу жашоо мүмкүнчүлүктөрү менен бийик тоолордун этегиндеги шаар” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

 II бөлүктүн 2-главасы  төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: “Датка Кемин” кичи станциясын эксплуатациялоого киргизүүдөн электр энергиянын кошумча кубаттуулуктарын пайдалануу”;

II бөлүктүн 3-главасынын 5§тын 1-абзацы “өтмө жолдордун жоктугу” деген сөздөр менен толукталсын;

II бөлүктүн 3-главасынын 5§тын 3-абзацы “эске алуу зарыл” деген сөздөрдүн алдына “тоо сууларынын жана каналдардын нуктарынын агуусун жана ашыкча дренаждуулугун” деген сөздөр кийин кошулсун;

III бөлүктүн 2-главасы төмөнкү мазмундагы сөздөр менен толукталсын: “Коопсуз жана экологиялык жайлуу жашоо чөйрөсүн уюштуруу принциби”;

IV бөлүктүн 1-главасы төмөнкү мазмундагы сөздөр менен толукталсын: “Тийиштүү көлөмдө жашылдандыруу жана сугат тармагын калыбына келтирсин”;

IV бөлүктүн 2-главасы төмөнкү мазмундагы сөздөр менен толукталсын: “Бишкек шаарынын аймагында көп деңгээлдүү токтотмолорду курууну карап чыксын”;

IV бөлүктүн 2-главасы төмөнкү мазмундагы сөздөр менен толукталсын: “Велосипед жолчо тармактарын кеңейтүүнү (курууну)”;

IV бөлүктүн 3-главасы төмөнкү мазмундагы сөздөр менен толукталсын: “Бишкек шаарынын аймагындагы сейилбактардын жана  жашыл зоналардын чектери бекитүү”;

IV бөлүктүн 3-главасы төмөнкү мазмундагы сөздөр менен толукталсын: “Бишкек шаарынын аймагындагы жашыл бак-дарактарды толук инвентаризациялоону жүргүзсүн”;

IV бөлүктүн 3-главасы төмөнкү мазмундагы сөздөр менен толукталсын: “ ремонттоло турган (магистралдык, бөлүштүрүүсү кварталдык) жылуулук тармактарды көрсөтүү менен)”;

IV бөлүктүн 6-главасы төмөнкү мазмундагы сөздөр менен толукталсын: “спорт объекттерин куруу үчүн жер участокторун бөлүү мүмкүнчүлүгүн тапсын”;

V бөлүк төмөнкү мазмундагы сөздөр менен толукталсын: “Тез медициналык жардам станциясы үчүн заманбап логистикалык программаны жайылтуу”;

“Тунгуч” кичирайонундагы Анкара көчөсүнө гүлбакча курууну ишке ашыруу”;

балдар реабилитациялык борборлордун иши үчүн контролду күчөтүү;

программанын ар бир секторун ишке ашыруунун конкреттүү максаттарын, милдеттерин жана механизмдерин көрсөтүү;

программанын аткарылышын  мониторинг жүргүзүү үчүн координациялык кеңеш түзүү;

Бишкек шаарынын аймагында муниципалдык мүлктү толук инвентаризациялоону жүргүзүү;

спорт курулмаларын куруу үчүн жер участокторун резервдөө үчүн жумушчу топ түзүү;

инфраструктуралык объекттерди чечүү үчүн муниципалитет менен мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн өз ара аракеттенүү механизмин түзүү;

аз камсыз болгон, ишке жарамсыз жарандар үчүн “Социалдык текчелерди”  түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу.

3. Бишкек шаарынын мэриясы  жарым жылдын жана жылдын жыйынтыгы боюнча программанын ишке ашуусунун жүрүшү жөнүндө маалымат берсин.

4. Бишкек шаардык кеңештин 2014-жылдын  25-июнундагы №82 “Ачык мүмкүнчүлүктөр шаары” 2014-2018-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө”   токтому күчүн жоготту деп табылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасы К. Б. Музуралиевге жана Бишкек шаарынын мэри А. С. Ибраимовго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу                                                                                                  В. М. Лисниченко

“Жагымдуу шарттар шаары” 2017-2020-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы

 

Бишкек шаарынын 2016-жылдагы бюджетинин  аткарылышы  жөнүндө

 

         Бишкек шаардык кеңеш 2016-жылы атайын каражаттарды жана  республикалык бюджеттен  алынган расмий каражаттарды кошуп алганда шаардын бюджетине 7 438 160,8  миң сом суммасындагы,  же такталган планга карата 91,1%   киреше түшкөндүгүн  белгилейт. Бюджеттин чыгаша бөлүгү  7 513 711,7 миң сомду, же такталган планга карата 90,1%ды түздү.

         Бишкек шаардык кеңештин 2016-жылдын 23-мартындагы №177 “Бишкек шаарынын 2016-жылга бюджетин бекитүү жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомунун 5-пунктуна ылайык шаардын бюджетинин чыгашаларын каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлдү.

         Отчёттук мезгил ичинде республикалык бюджеттен 554 773,6 миң сом, анын ичинде, Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарын утурумдук ремонтту каржылоого 12 210,4 миӊ сом суммасында, “Бишкек шаарынын жолдорунун боюнда муниципалдык токтотмолорду уюштуруу” долбоору боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө 9800,0 миӊ сом суммасында, II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна активдүү катышкандыгы үчүн материалдык сыйлык берүүгө карата 300,0 миӊ сом суммасында, тышкы жарыктандыруу үчүн материалдарды сатып алууга карата 32100,0 миӊ сом суммасында, чуу тосмо метал тосмолорун орнотууга 20800,0 миӊ сом, сатуудан салык боюнча алынбай калган кирешенин компенсациясы 479 458,0 миӊ сом, Статистика комитетине 105,2 миӊ сом суммасында түштү.

         Бюджеттик мекемелердин  кредитордук карызы 2017-жылдын                       1-январына карата абал боюнча  266 985,0 миң сомду түздү, анын ичинде:

         -  шаардык бюджет боюнча  -  205 406,2  миң сом, андан коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча –  475,4 миң сом, капиталдык салымдар боюнча – 26 152,9 миң сом,  жылуулук энергиясынын дотациялары боюнча (“Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы, ведомстволук отканалар) – 28 449,3 миң сом, жол куруу боюнча – 63 247,6 миң сом, муниципалдык ишканалардын аткарган иштеринин көлөмү боюнча – 20 548,6 миң сом, чет элдик кредиттер боюнча – 42 534,0 миң сом, бюджеттик мекемелерди капиталдык ремонттоо боюнча –  759,2 миң сом, (турак үйлөрдү, жарыктандыруу, лифттерди, тротуарларды) капиталдык ремонт боюнча  -15 641,3 миң сом;

         - Ленин району боюнча  -   19 478,9 миң сом, андан коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча – 10 059,6  миң сом,  көрктөндүрүү комбинаты боюнча – 8 040,2  миң сом;

         - Октябрь району боюнча –  11 209,9 миң сом, андан  коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча – 11 060,9  миң сом;

         - Биринчи май  району боюнча – 24 924,3  миң сом, андан  коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча – 7 200,5  миң сом, көрктөндүрүү комбинаты боюнча – 16 360,1 миң сом; 

         - Свердлов району боюнча –  5 965,7 миң сом, андан  коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча – 5 793,5 миң сом.

         Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек шаарынын 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалыматын карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаарынын 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, активдерди жана кирешелер менен чыгашалар боюнча милдеттенмелерди эске алуу менен  8 042 287,3  миң сом суммада бекитилсин.

 

         2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Ж. Ж. Алымов) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Р. К. Макеновго жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу                                                       В. М. Лисниченко

 

 

 

 

 

 

 

Кошумча шайлоо комиссиялардын резервине талапкерлердин

тизмелерин берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө” жобону жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобону жетекчиликке алып, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын  шайлоочуларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органы, коомдук уюмдарга жана коммерциялык эмес уюмдарга кайрылуусун эске алып, Бишкек шаардык кеӊеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына Бишкек шаарынын  шайлоочулар чогулуштарынан, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдардан көрсөтүлгөн кошумча шайлоо комиссиялардын резервине талапкерлердин тизмелери берилсин (1, 2, 3, 4 – тиркемелер).
  2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

 

 

Төраганын

милдетин аткаруучу                                                     В. М. Лисниченко

 

Биринчи май району

Ленин району

Свердлов району

Октябрь району

Бишкек шаардык кеңештин 2016-жылдын 23-мартындагы №177 “Бишкек шаарынын 2016-жылга бюджетин бекитүү жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

       Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин “2016-жылдын  23-мартындагы      №177 “Бишкек шаарынын 2016-жылга бюджетин бекитүү жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) 1-пункттагы   “8”496 262,0, “4 902 516,7”, “919 390,5”, “921 870,6”, “802 354,1”, “950 130,1” деген цифралар тийиштүү “8 161 197,9”,  “4 713 872,5”, “873 751,3”, “876  380,3”, “771 283,6”, “925 910,2” деген цифралар менен алмаштырылсын;

2) “Бишкек шаарынын 2016-жылга  бюджетинин киреше бөлүгү” 1,  1-1, 1-2, 1-3 тиркемелери ушул токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3 тиркемелерине  ылайык редакцияда берилсин;

3) “Бишкек шаарынын 2016-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү” 2, 2-1 тиркемелери ушул токтомдун 2, 2-1 тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөрү ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык бекитилсин.

3. Бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдардын негизги топтору, кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык бекитилсин.

4. 6-тиркеме ушул токтомдун 5-тиркемесинин таблицасы менен толукталсын.

5. 7-тиркеме ушул токтомдун 6-тиркемесинин таблицасы менен толукталсын.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо  Бишкек шаардык кеңештин экономика, бюджет жана финансы боюнча  туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж. Ж. Алымовго жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Р. К. Макеновго жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңештин

төрагасынын милдетин аткаруучу                               В. М. Лисниченко

 

Приложение

 

Долбоор

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН

 

ТОКТОМУ

 

 

 

 

Участкалык шайлоо комиссиялардын резервине талапкерлердин тизмелерин көрсөтүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана  таратуу тартиби жөнүндө” жобону жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобону жетекчиликке алып, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын шайлоочуларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органына, коомдук уюмдарга жана коммерциялык эмес уюмдарга кайрылуусун эске алып, Бишкек шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына Бишкек шаарынын шайлоочулар чогулуштарынан, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдардан көрсөтүлгөн участкалык шайлоо комиссиялардын резервине талапкерлердин тизмелери көрсөтүлсүн (1, 2, 3, 4 - тиркемелер).

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу                                                                                                                                                                             В.М,Лесниченко

 

 

 

Ленин району

Октябрь району

Биринчи май району

Свердлов району