Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын жана Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, ошондой эле Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жакышов Русланбек Шергазиевич Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды деп эсептелсин.

Төрага                                Ж. Б. Абиров

 

         Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Э. М. Сыдыковдон келип түшкөн арыздын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамын жана Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Эмиль Мурзабекович Сыдыковдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
  2. Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 11-декабрындагы №49 “Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

Төрага                                                                                 Ж. Б. Абиров

         Бишкек шаардык кеңештин төрагасы А. М. Кененбаевден келип түшкөн арыздын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамын жана Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Муканович Кененбаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
  1. Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 11-декабрындагы №47 “Бишкек шаардык кеңештин төрагасын шайлоо жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

Төраганын милдетин  аткаруучу                                             Э. М. Сыдыков

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, ошондой эле Бишкек шаардык кеңештин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Абиров Жаныбек Болотбекович Бишкек шаардык кеңештин төрагасы болуп шайланды деп эсептелсин.

Төраганын милдетин  аткаруучу                                             Э. М. Сыдыков

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, Кыргыз Республикасынын  тышкы  иштер министрлигинин кайрылуусун (2018-жылдын 24-майындагы чыгыш №18-025/5679) карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын  тышкы  иштер министрлиги тарабынан жиберилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоору  макулдашылсын.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы берилген жер участогу боюнча   белгиленген тартипте ишти жүргүзсүн.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссияга (А. А. Имангазиева) жүктөлсүн.
  • Төрага   А. М. Кененбаев