Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттардын статусу жөнүндө” мыйзамын, Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, ошондой эле  Бишкек шаардык кеңештин “Кыргызстан” жана “Мекеним Кыргызстан” фракцияларынын лидерлеринин катынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

                                      ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Төмөнкүлөр Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссиялардын курамынан  чыгарылсын:

муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиядан – Маткасымов Д. А. - “Мекеним Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү;

 турак жай коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиядан – Джунушев Дж. М. – “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиядан – Адылбеков У. Е. -“Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү.

  1. Төмөнкүлөр Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссиялардын курамына киргизилсин:

муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссияга – Апсатар  уулу Айжигит  - “Мекеним Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү;

турак жай коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссияга –Адылбеков У. Е. – “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссияга – Сурапбаев Т. К. -“Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү.

  1. Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 6-февралындагы № 52 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссиялардын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

а) 4-пункттун 7-сабындагы “Маткасымов Дамирбек Адылбекович” деген сөздөр “Апсатар  уулу Айжигит”  деген сөздөр менен алмаштырылсын;

б) 5-пункттун 7-сабындагы “Джунушев Джолдошбек Маликович” деген сөздөр “Адылбеков Увазарбек Есенаманович” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

в) 6-пункттун 6-сабындагы “Адылбеков Увазарбек Есенаманович” деген сөздөр “Сурапбаев Таалайбек Каримжанович” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Бишкек шаардык кеңештин төрага     А. М. Кененбаев