Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2019-ж. 12-февраль

Бишкек шаардык кеңештин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 28 “Жумушчу комиссия түзүү жөнүндө” жана 2018-жылдын 23-апрелиндеги № 36 “Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 28 “Жумушчу комиссия түзүү жөнүндө” буйругунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” буйруктарынын негизинде түзүлгөн Бишкек шаарынын жер алдындагы өтмөктөрүнүн жана  жер үстүндөгү өтмөктөрүнүн ремонт иштеринин жүргүзүлүшүн жана курулушун текшерүү боюнча жумушчу комиссиянын ишинин жыйынтыктары боюнча, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын жер алдындагы өтмөктөрүнүн жана жер үстүндөгү өтмөктөрүнүн ремонт иштеринин жүргүзүлүшүн жана курулушун текшерүү боюнча жумушчу комиссиянын маалымкаты эске алынсын (тиркелет).

2. Бишкек шаарынын мэри А. Э. Суракматов маалымкатта көрсөтүлгөн фактыларды карап чыксын жана болгон кемчиликтерди четтетүү боюнча тийиштүү чараларды көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Б. К. Абдраев) жана Бишкек шаарынын мэри А. Э. Суракматовго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы            Ж. Б. Абиров

2019-ж. 12-февраль

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Бишкек шаардык кеңештин регламентине ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын 2018-жылдын 9 айы үчүн  жасаган иши жөнүндө отчету эске алынсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги У. Ш. Азыгалиев башкармалыктын ишиндеги кемчиликтерди четтетсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэри А. Э. Суракматовго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы            Ж. Б. Абиров

 

 

2019-ж. 12-февраль

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Төмөнкүлөр “этика” деген сөз менен толукталсын:
  1. Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 11-мартындагы               № 220 “Бишкек шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгаруу боюнча материалдарды жана сунуштарды кароо боюнча комиссиянын курамы жөнүндө” токтомунун тиркемесинин 9-абзацы “регламент,” деген сөздөн кийин;
  2.  Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы               № 3 “Бишкек шаардык кеңештин түзүмүн бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесинин биринчи тилкеси “регламент,” деген сөздөн кийин;
  3. Бишкек шаардык кеңештин 2017-жылдын 29-ноябрындагы               № 37 “Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктары жөнүндө” токтомунун 7-тиркемесинин 3-пунктунун 6-абзацы “регламент,” деген сөздөн кийин;
  4. Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 20-ноябрындагы               № 77 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесинин 1-пунктунун        1-абзацы “регламент,” деген сөздөн кийин;
  5. Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 21-ноябрындагы          № 78 “XXVII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесинин 1-пунктунун 1-абзацы “регламент,” деген сөздөн кийин.
  1. Бишкек шаардык кеңештин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө Бишкек шаардык кеңештин  регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын аталышына өзгөртүүнү киргизүүнү эске алсын.
  1. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 1999-жылдын 28-декабрындагы №15 “Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялары жөнүндө жобо тууралуу” жана 2004-жылдын 5-ноябрындагы №4 “Туруктуу комиссиялардын тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомдору күчүн жоготту  деп табылсын.
  1.  Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону Бишкек шаардык кеңештин  регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына (Э. А. Досалиев) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы            Ж. Б. Абиров

2019-ж. 12-февраль

 Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

а) 1-тиркемеге ылайык, Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу жобо;

б) 2-тиркемеге ылайык, Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялардын типтүү курамы (мындан ары - Комиссиялар).  

2. Бишкек шаарынын мэриясына Комиссиялардын жекече курамын түзүү укугу өкүлдөнүлсүн.

3. Комиссиялар өз иш-аракеттеринде жогоруда көрсөтүлгөн жобону жетекчиликке алышсын.

4. Комиссиялар өз ишин уюштурууда ушул жобону жана Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин жетекчиликке алсын.

5. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик жана укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ч. З. Жумалиевге жана Бишкек шаарынын мэри А. Э. Суракматовго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы             Ж. Б. Абиров

2019-ж. 12-февраль

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, шаар тургундарын социалдык-маданий объекттер менен  камсыз кылуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаары, 11-кичирайону, 10/1 үй дарегинде  жайгашкан 0,42 гектар өлчөмдөгү жанаша жайгашкан жер участогу менен, жалпы  аянты 1064,8 чарчы метр мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте муниципалдык менчиктин объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгы ушул токтомдун биринчи пунктунда көрсөтүлгөн объектти капиталдык оңдоого жана иштөөсүнө каражатты 2019-2020-жылдарга  шаардык бюджетте караштырсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Б. К. Абдраев) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.

Төрага             Ж. Б. Абиров