Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2024-жылдын «__» ______

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жана 2024-2025-жылдарга болжолун ишке ашыруу жөнүндө отчёт тууралуу              

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  34, 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

2023-жылга  карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жана 2024-2025-жылдарга болжолун ишке ашыруу жөнүндө отчёт эске алынсын.

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы    

 Тиркеме (xlsx. 49kb)
маалымкат-негиздеме (docx. 19kb)
финансылык корутунду (pdf. 94kb)
юридикалык корутунду (pdf. 78kb)
отчету (doc.33 kb)
маалымат (doc.47 kb)                                                              

 

 

Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2024-жылдын «__» ______

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

«Бишкек-2026. Көрктөндүрүлгөн жана   жашыл борбор шаар»  Бишкек шаарын өнүктүрүү  программасын   ишке ашыруу жөнүндө  отчёт тууралуу              

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  34, 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

«Бишкек-2026. Көрктөндүрүлгөн жана   жашыл борбор шаар»  Бишкек шаарын өнүктүрүү  программасын   ишке ашыруу жөнүндө отчёт эске алынсын.

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы 

 

 маалымкат-негиздеме (docx.63kb)
финансылык корутунду (pdf. 91kb)
юридикалык корутунду (pdf. 77kb)
отчету (docx. 63kb)

                                                                   

БШК жергиликтүү өз алдынча башкаруунун проблемалары жана перспективалары боюнча тегерек стол өткөрдү

Кенен маалымат...

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Светлана Кенжебаева “Эки тараптуу орус-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүдө элдик дипломатиянын ролу” аттуу эл аралык тегерек столдун ишине катышты.

Депутат өз сөзүндө бул талкуунун темасы актуалдуу жана заманбап глобалдык чакырыктардын контекстинде приоритеттүү экенин белгиледи. Светлана Кенжебаева бул жолугушуу көптөгөн пайдалуу нерселерди алып келип, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жардам бере турган жаңы идеяларды жана долбоорлорду алып келээрине ишенимин билдирди.

Жолугушуу «Элдик дипломатиянын лидери» эл аралык долбоорунун алкагында өттү. Талкуу аянтчасында тегерек столду өткөрүүнүн актуалдуулугу коомдук дипломатия өзүн дүйнөлүк саясаттын динамикалык чөйрөсү катары барган сайын бекемдеп, мамлекеттер менен элдердин ортосундагы ишенимди жана өз ара түшүнүшүүнү камсыз кылууда олуттуу роль ойноп жаткандыгы менен шартталганы белгиленди.

Күн тартибине маданий-гуманитардык, илимий-билим берүү жана ишкердик кызматташуунун заманбап механизмдери аркылуу элдик дипломатияны жайылтуу жана андан ары өнүктүрүү маселелери коюлду.