2013-жылдын 17-декабрында Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунда ден-соолуктун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдары үчүн Жаңы жылдын балаты болду. Бул иш-чара Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкуловдун демилгеси боюнча жана Бишкек шаардык кеңештин VII сессиясынын протоколдук чечими боюнча Бишкек шаардык кеңештин өкүлчүлүк чыгымдарынан үнөмдөлгөн каражаттарга уюштурулган.
Ар бир коомдун өнүгүүсүнүн деңгээли анын кары адамдарга, ден-соолуктун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга кылган мамилеси боюнча бааланат. Бишкек шаарында бардыгы 2 844 ден-соолуктун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам (18 жашка чейинки) бар Бүгүн аларга жана алардын балдарына абдан оор. Коомчулук тарабынан мындай мамиле балдарга болгон ишенимди жана өздөрүнүн керектүүлүгүн пайда кылат, өсүп келе жаткан муунга аларды жакындарына урмат-сый жана кам көрүү духунда тарбиялоодо моралдык- адеп-ахлахтык багыт жана үлгү болот. Бардыгы 650 ден-соолуктун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар тартылды. Борбор шаарыбыздын ар бир 4 районуна 50дөн билет бөлүнгөн, калган билеттер борбор шаарыбыздын №22, 30, 34 атайын мектептери арасында бөлүштүрүлдү.