Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаары

2006-жылдын 31-январы N 158

ДЕПУТАТТАРДЫН БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаарындагы турак жай фондун техникалык

тейлөө менен камсыз кылуу тармагында иштердин

абалы жана аны нормалдаштыруу боюнча чаралар

жөнүндө

Бишкек шаарындагы турак жай фондун техникалык тейлөө менен камсыз кылуу тармагында иштердин абалы жана аны нормалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө жумушчу комиссиянын маалыматын угуп, Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңеши мурунку мамлекеттик көп квартиралуу турак жай үйлөрдү эксплуатациялоо жана оңдоо тутуму талкалангандан кийин анын ордуна башка үзүрдүү тутум түзүлбөгөндүгүнө байланыштуу Бишкек шаарынын турак жай фондусун тийиштүү деңгээлде күтүү жана техникалык тейлөө маселелери курчуп кеткендигин белгилейт. Көп квартиралуу үйлөрдөгү турак жайлардын жаңы менчик ээлери адистештирилген мекемелерге жана уюмдарга (көбүнчө жеке менчиктеги) кызмат акысын төлөө менен бирге аталган үйлөрдү күтүү, техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча убада кылынган жумуштарды жана кызматтарды ала алышпайт. Натыйжада Бишкек шаарындагы турак жай фонду тездик менен талкаланууда. Жарандардын арыздары жана нааразылыктары өсүүдө.

Ошону менен бирге, көп квартиралуу үйлөрдүн, мектептердин, бала бакчалардын, ооруканалардын, поликлиникалардын жана шаардын социалдык инфраструктурасынын башка объектилеринин техникалык тейлөөсүнүн жана оңдоосунун уюштуруу жана технологиялык негизин түзгөн Бишкек шаарынын муниципалдык өндүрүштүк ишканаларынын жана уюмдарынын реорганизациясы Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин ченемдерин (86, 87, 93, 94, 230-статьялары) жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" мыйзамын (29-статья) бузуу менен, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк Фондусунун, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилеринин түздөн түз катышуусу менен жүргүзүлгөн. Муниципалдык ишканаларды жана уюмдарды бир нече өзгөртүүлөрдүн жана трансформациялоонун натыйжасында Бишкек шаарынын жергиликтүү өзалдынча башкаруусу 1997-жылда жүргүзүлгөн баа боюнча ондогон миллион сомдук мүлкүнөн (кыймылдуу жана кыймылсыз), имараттарга жана курулмаларга караштуу шаардык 10 гектир жеринен ажыраган. Сантехникалык жана электротехникалык жабдыктарды монтаждоо жана оңдоо боюнча адистештирилген ишканалар, өндүрүштүк-техникалык комплектациялоо башкармалыгы, ошондой эле өз курамында 150дөн ашык анча көп эксплуатацияланбаган жүк ташычуу жана атайын автомобилдердин бирдиктерин камтыган курулуштук механизациялаштыруу базасы жана башка көптөгөн техника, запастык тетиктер, материалдар жоюуга учураган.

"Бишкектуракжайоңдоо" муниципалдык туракжай-оңдоо ишканасынын негизинде түзүлгөн менчик ЖЧК-нын көп квартиралуу үйлөрдү техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча керектүү жабдыктары, өндүрүштүк аянттары, курулуш материалдардын кору жана тийиштүү квалификациядагы адистери жок. Бул айтылгандар мурдагы ведомстволордун туракжай-эксплуатациялоо уюмдарынын негизинде түзүлгөн ишканаларга жана уюмдарга дагы тийиштүү.

Адистештирилген ЖЧК-лар, үйбашкармалары (мындан ары - ҮБ) тарабынан колдонулуп жаткан көп квартиралуу үйлөрдүн жалпы мүлкүн күтүү жана техникалык тейлөө боюнча келишимдер Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекстин ченемдерине (130, 386, 653, 657-статьялар) жана "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына (4, 15-статьялар) ылайык келбейт. Ошону менен бирге аталган уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиясынын 2002-жылдын 22-июлундагы N 198 "Көп квартиралуу турак жай үйдүн жалпы мүлкүн техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча Келишимдин формасын бекитүү жөнүндө" буйругу менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча Координациялык кеңеши тарабынан туура деп табылган Типтүү келишим эске алынган эмес.

Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 1998-жылдын 23-декабрындагы N 136 "Бишкек шаарынын жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун турак жай фондусун техникалык тейлөө боюнча тарифти көбөйтүү жөнүндө" токтому менен бекитилген турак жайды техникалык тейлөө боюнча тарифти азыркы учурда тараптардын өз ара мамилелеринде колдонулушу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине жана базар экономикасынын шарттарына ылайык келбейт.

ЖЧК, ТКК, туракжай-эксплуатациялык кооперативдер (мындан ары ТЭК), туракжай менчик ээлеринин шериктештиктери (мындан ары - ТМЭШ), ҮБ, курулуш жана аскердик квартираларды жайгаштыруу башкармалыктар (мындан ары - КБ жана АКЖ) тарабынан калкка жылуулук, электроэнергияны-, ичүүчү сууну кайра сатууда жана жарандардык каттоо жүргүзүү, жашаган жерлеринен мааалымкаттарды берүүдө "Лицензиялоо жөнүндө" (9-статья), "Турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" (18-1-статьялары), "Ичичүү суу жөнүндө" (6-статья), "Ички миграция жөнүндө" (15-статья) мыйзамдарын бузуу улантылууда. Көп квартиралуу үйлөрдө жайгашкан турак жай эмес жайлардын ээлеринин жалпы мүлктү санитардык күтүүдө жана оңдоодо катышуудан баш тарткан учурлар кездешет.

Бишкек шаарынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, прокуратура тарабынан башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу, башкаруу же пайдаланууга байланышкан мыйзам бузууларга тыюу салынбайт, күнөөкөрлөр болсо мыйзам менен аныкталган жоопкерчиликке тартылбайт.

Бишкек шаарынын мэриясы, райондук администрациялары, аймактык коомдук өзалдынча башкаруу органдары (мындан ары - АКӨБ) турак жай ээлеринин жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн өз ара мамилелери арасында топтолгон маселелерди чечүүдөн иш жүзүндө өзалдынча четтеп калышкан, турак жай менчик ээлеринин бирикмелерин түзүү жана калыптандыруу ишине жардам беришпейт, ЖЧК-лар тарабынан турак жайларды тейлөөдөгү аларды дискредитациялоо боюнча мыйзамсыз аракеттерине тыюу салбайт.

Бишкек шаарынын мэриясы ушул убакытка чейин көп квартиралуу үйлөрдө жашаган калк, ошондой эле, жергиликтүү өзалдынча башкаруу, аймактык коомдук өзалдынча башкаруу органдарынын кызматтык жактары арасында көп квартиралуу үйлөрдүн жалпы мүлкүнө жана үйлөргө караштуу жер участокторго менчик укугун ашыруу маселеси боюнча системалуу жана максатка багытталган маалыматтык-түшүндүрүү ишин уюштурган эмес.

Бишкек шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн көп квартиралуу үйлөрдүн жалпы мүлкүнүн объектилерин (жертөлөө, көмөкчү бөлмөлөр, үйлөргө караштуу жер участоктордун бөлүгү) үчүнчү жактардын пайдасына берүү боюнча аракеттери, ошондой эле турак жай үйлөрдүн ичине ишкерлик объектилерин жайгаштырууга берген уруксаттары Жарандык кодексине (245, 247, 249-статьялар), Жер кодексине (46-статья), "Турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" мыйзамына (15-1-статья), Курулуштук ченемдерге жана эрежелерге (КР КчжЭ 31-01:2001, 7.3.пункт) каршы жүргүзүлгөн жана турак жайлардын менчик ээлеринин мыйзамдык укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууда. Ошондой эле, көп квартиралуу үйлөрдө сауналардын, химиялык тазалоонун, барлардын, ресторандардын, көңүл ачуу мекемелердин жана башка өндүрүшкө багытталган объектилердин жайгашкандыгы имараттардын курулуштук конструкциялардын жана жылуулук-, суу- жана электрокамсызкылуу инженердик коммуникациялардын тез эскиришине алып келет.

Ушул убакытка чейин Бишкек шаарында көп квартиралуу үйлөрдү белгиленген ченемдерге жана эрежелерге ылайык күтүүнү камсыз кылган процессти квалификациялуу башкара алган жана ошондой башкарууга милдеттүү болгон көп квартиралуу үйлөрдү профессионалдуу башкаруу институту түзүлгөн эмес. Жогоруда айтылгандардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө" мыйзамын (2, 9, 15, 16, 23, 28, 30-статьялар) жетектеп, Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңеши токтом кылат:

1. Жумушчу комиссиянын Бишкек шаарынын туракжай фондусун техникалык тейлөөсүн камсыз кылуу тармагындагы иштердин абалы жана аны нормалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкү сунуштар менен кайрылсын:

- Бишкек шаарынын туракжай фондусун техникалык тейлөөнүн жана оңдоонун, борбордун социалдык багыттагы объектилеринин өндүрүштүк негизин түзгөн, 1997-2000-ж.ж. менчиктештирилген муниципалдык менчик объектилер, анын ичинде жер участоктор, боюнча аларды кайтарып алуу же алар үчүн акчалай компенсация алуу максатында терең жана ар тараптуу текшерүүнү жүргүзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган жактарды белгиленген жоопкерчиликтерге тартуу жөнүндө;

- "Гнездо" ЖЧК, "Туракжайэкспо" ЖТАК, "Туракжайсервис" ЖТАК, ошондой эле, алардын туунду ишканалары - (ТЭБ-1, ТЭБ-2, ТЭБ-4, ТЭБ-6, ТЭБ-7, ТЭБ-10, ТЭБ-12, ТЭБ-14, ТЭБ-15, ТЭБ-18, ТЭБ-21) ЖЧК түзүлүшүнүн жана мамлекеттик каттоосунун мыйзамдуулугун текшерүүнү уюштуруу жөнүндө.

3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына ээлери дүйнөдөн кайткан же дайынсыз болуп кеткен квартираларды мыйзамсыз ээлеп алган фактылар боюнча текшерүү жүргүзүү жөнүндө кайрылуу берсин.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна көп квартиралуу үйлөрдүн жалпы мүлкүнө, анын ичинде үйлөргө караштуу жер участокторго, жарандардын менчик укуктарын коргоо иштери боюнча соттук практиканын биримдигин белгиленген тартипте камсыз кылуу өтүнүчү жиберилсин.

5. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин сессиясынын бул маселе боюнча материалдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

6. Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын көп квартиралуу үйлөрдүн техникалык абалын жана өз убагында оңдолушун контролдоо, ошондой эле туракжай үйлөрдүн ээлеринин жана ЖЧК, ҮБ-лар менен туракжай фондун техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча өз ара мамилелеринде жыйналган маселелерди чечүү иштери канааттандырарлык эмес деп эсептелсин.

7. Бишкек шаарынын мэриясы:

- Бишкек шаарынын ШИИБ (шаардык ички иштер башкармалыгы) менен биргелешип 2006-жылдын 1-мартына чейин Кыргыз Республикасынын "Ички миграция жөнүндө" Мыйзамына ылайык (13, 15-статьялар) жеке ишканалардын жана уюмдардын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдардын милдеттерин аткарууга катышуусун чыгарып таштап, жарандардын жашаган же турган жери боюнча каттоого же жашаган жеринен маалымкаттарды берүүгө байланышкан маселелерди карап чыксын жана чечсин;

- "Бишкекжылуулуктармак" АК, "Бишкексууканал" ӨЭБ (өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы), "Түндүкэлектро" АК, "Бишкекжылуулукэнерго" КИ, ошондой эле Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын райондук комбинаттарына Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин (383, 386-статьялары), "Лицензиялоо жөнүндө" (9-статья), "Турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" (18-3-статьялар) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен калкка жылуулук жана электроэнергияны, ичичүү сууну берүүгө жана катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга келишимдерди ортомчу ишканалар жана уюмдар, анын ичинде ЖЧК, ТКК, ТЭК, ТЭШ, ҮБ - аркылуу түзүүгө мүмкүнчүлүк бербеген чараларды кабыл алсын;

- "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасын жана "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармасын I997-2005-ж.ж. мезгилинде үй ичиндеги жылуулук жана суу менен камсыз кылуунун инженердик коммуникацияларын тийиштүү күтүү үчүн ар түрдүү ишканаларга жана уюмдарга контролсуз төлөнгөн каражаттарды Бишкек шаарынын туракжай фондусуна кайтарып берүүгө милдеттендирсин;

- көп квартиралуу үйлөрдүн жалпы мүлк объектилерин, анын ичинде үйгө караштуу жер участокторду, үчүнчү жактардын пайдасына берүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин (245, 247, 269-статьялары), Жер кодексинин (46-статья), "Турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" мыйзамынын (15-1-статьялар), Курулуштук ченемдердин жана эрежелердин (КР КЧжЭ 31-01:201) талаптарын бузуу менен ишкерлик объектилерин жайгаштыруу үчүн турак үйдүн бөлмөлөрүнүн арналышын өзгөртүүгө, реконструкциялоого уруксат берүүнү токтотсун.

Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңеши тарабынан мыйзам бузуу фактылары белгиленген учурда кабыл алынган токтомдор жана берилген уруксаттар жокко чыгарылсын:

- шаардык жана ведомстволук туракжай фондусунун туракжай-эксплуатациялык уюмдарын (үйбашкармалыктарын) кайра түзүүнүн негизинде түзүлгөн менчик ишканалардын (ЖЧК) көп квартиралуу үйлөрдүн бардык техникалык, ошондой эле учеттук-каттоо документацияларын (квартираларды жана турак эмес жайларды менчиктештирүү жөнүндө) кайтарып алсын. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 21-майындагы N 330 "Кыргыз Республикасында туракжай-коммуналдык чарбага жана туракжай мамилелерге тийиштүү нормативдик актыларды жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө" жана 2003-жылдын 12-мартындагы N 127 "Кондоминиумдарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча Жалалабат шаарынын мэриясынын иштери жөнүндө" токтомдорун аткаруу үчүн 2006-жылдын 1-апрелине чейин ар бир көп квартиралуу үйдүн жалпы мүлк объектилерин инвентаризациялоону аяктасын жана менчик ээлерине үйлөргө караштуу, жер участоктор менен бирге, жалпы мүлккө ээлик кылуу укугунун документтеринин толук комплектисин (үлүшүн көрсөтүү менен) өткөрүп берсин;

- 2006-жылдын февралынан баштап Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттары, Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери менен бирге жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, мэриянын райондук администрацияларынын, аймактык коомдук өзалдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, туракжай-курулуштук кооперативдер, туракжай-эксплуатациялык мекемелер үчүн көп квартиралуу үйлөрдүн жалпы мүлкүнө менчик укук маселелери жана аны күтүү милдеттери боюнча тажрыйбалуу адистерди тартуу менен окуу-консультациялык семинарлары уюштурулсун;

- иштеп жаткан туракжай менчик ээлеринин шериктештиктеринин ("Эркин үй", "Алмаз", "Ак-Бура") жана көп квартиралуу үйлөрдүн туракжайларынын менчик ээлери тарабынан түзүлгөн жалпы мүлктү башкаруу боюнча фирмалардын (мисалы, "Эмика" ЖЧК) туура тажрыйбаларын колдонуу менен жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү заказчы жана бирдиктүү акы төлөөчү принциптеринде негизделген, Бишкек шаарынын туракжай фондусун башкаруунун натыйжалуу тутумун түзүү программасын (көп квартиралуу үйлөрдү жана аларга караштуу аймактарды санитардык күтүү, аларды техникалык тейлөө жана оңдоо) 2006-жылдын 1-майына чейин иштеп чыксын. Ушул максат үчүн компетенттүү адистерди, анын ичинде жеке ишканалардан жана коомдук уюмдардан тартсын жана бул көрсөтүлгөн программаны Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин кароосуна киргизсин;

- көп квартиралуу үйлөрдө жайгашкан турак эмес жайлардын ээлерин (ижарачылардын) "Кыргыз Республикасында турак жай фондун приватташтыруу жөнүндө" (12-статья), "Турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" (13, 15, 26-статьялары) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көп квартиралуу үйдүн жалпы мүлкүн күтүүсүнө, техникалык тейлөөсүнө жана оңдоосуна кеткен чыгымдарды төлөөгө катышуусун камсыз кылган аракеттүү чараларды кабыл алсын;

- 2006-жылдын 1-мартына чейин көп квартиралуу үйлөрдүн жалпы мүлкүн санитардык күтүү жана техникалык тейлөө боюнча калкка кызмат көрсөтүүчү ишканаларды жана уюмдарды туракжайлардын менчик ээлеринин катышуусу менен ар бир көп квартиралуу үй боюнча өзүнчө иш жүзүндө 1997-2005-жылдар мезгилинде аткарылган жумуштардын жана көрсөтүлгөн кызматтардын, ошондой эле 2006-жылдын 1-январына карата жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн салыштырма текшерүүсүн жүргүзүүгө жана тийиштүү актысын жолжоболоштурууга милдеттендирсин;

- Керектөөчүлөрдүн укуктарын чектөөгө жол берген шарттарды жоюу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын (Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 400-статьясы) бузган кызмат адамдарын администрациялык жоопкерчиликке тартуу максатында көп квартиралуу үйлөрдү санитардык күтүү жана техникалык тейлөө боюнча калкка кызмат көрсөтүүчү ишканалар жана уюмдар тарабынан түзүлгөн келишимдерди "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык (53-статья) талдап чыксын;

- 2006-жылдын 1-январынан тартып квартиралардын менчик ээлерине жана көп квартиралуу үйлөрдү санитардык күтүү жана техникалык тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүчү ишканаларга (уюмдарга) өз ара мамилелеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиянын 2002-жылдын 22-июлундагы "Көп квартиралуу туракжай үйдүн жалпы мүлкүн техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча Келишимдин формасын бекитүү жөнүндө" N 198 токтому менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча Координациялык Кеңеш тарабынан жактырылган көп квартиралуу үйдүн жалпы мүлкүн техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча Типтүү келишимди колдонууну сунуш кылсын;

- Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешине бул токтомдун ишке ашырылышы жөнүндө отчетторду 2006-жылдын 1-апрелине, 2006-жылдын 1-июлуна жана 2007-жылдын 1-январына карата берсин;

- бул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.

8. Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациялары (Байло Н.И., Исаев Ж.О., Карабаев А.Д., Рахманов П.П.):

- көп квартиралуу үйлөрдүн жалпы мүлк объектилерим пайдаланууда же күтүүдө пайда болгон чыр-чатактарды квалификациялуу чечүү үчүн райондук администрацияларга караштуу администрациялык комиссиялардын курамында иштөө үчүн туракжай-коммуналдык чарбанын жана башкармалардын компетенттүү адистерин, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдук уюмдардын өкүлдөрүн тартсын;

- администрациялык комиссиялардын ишине катышуу үчүн прокуратуранын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакырсын;

- администрациялык комиссиялардын отурумдарында көп квартиралуу үйлөрдүн жалпы мүлкүн (жер төлөө, үйгө караштуу жер участогу жана башкалар) юридикалык жана жеке жактар тарабынан уруксатсыз пайдаланган фактыларды кечиктирбестен карасын, мыйзам бузууларды жойсун жана күнөөлүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык (487-1-статьясы) жоопкерчиликке тартсын;

- 2006-жылдын 15-февралына чейин көп квартиралуу үйлөрдүн жалпы мүлкүн техникалык тейлөө жана оңдоо үчүн жаңы келишимди түзүү, ошондой эле анын шарттарынын аткарылышын контролдоо маселеси боюнча тийиштүү материалдарды таркатуу менен көп квартиралуу үйлөрдүн үй комитеттери жана тийиштүү ЖӨБ кеңештери менен биргелешип маалымат-усулдук кеңешмелерди уюштурсун жана өткөрсүн;

- көп квартиралуу үйлөрдүн туракжай жана турак эмес жайлардын менчик ээлерин, ошондой эле калкка көп квартиралуу үйлөрдү санитардык күтүү жана техникалык тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүчү бардык ишканалардын (уюмдардын) жетекчилерин аткарылган жумуштар жана кызмат көрсөтүү фактыларды ченемдер жана эрежелер тарабынан белгиленген тийиштүү тастыктоосуз, суммасы жайлардын ээлеген аянты боюнча төлөө методу менен эсептелген калктан жыйналган каражат мыйзамсыз экендигин эскертсин.

9. Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана конкуренцияны өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигине төмөнкү сунуштар жиберилсин:

- 1997-2005-жылдар мезгилинде үй ичиндеги жылуулук-, суу- жана электрокамсыз кылуу инженердик коммуникацияларды тийиштүү деңгээлде күтүү үчүн ар кандай ишканаларга жана уюмдарга контролсуз төлөнгөн каражаттарды "Түндүкэлектро" жана "Бишкекжылуулуктармак" акционердик коомдорунун Бишкек шаарынын туракжай фондусуна кайтарып берүүсү жөнүндө;

- газды пайдалануу Эрежелерин, электроэнергиясын пайдалануу Эрежелерин, жылуулук энергиясын пайдалануу Эрежелерин, ошондой эле үй ичиндеги жылуулук-, газ- жана электрокамсызкылуу инженердик коммуникациялардын тийиштүү техникалык абалын жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ченемдерди камтыган калкка жылуулук энергиясын, жаратылыш газын жеткирүү боюнча келишимдерди тезинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү жөнүндө жана квартиралар ичиндеги жылуулук-, суу- жана электрокамсызкылуу тутумдарынын элементтерин күтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн Прейскурантын иштеп чыксын.

10. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин "Бишкек шаарынын өзалдынча башкаруусунун туракжай фондусун техникалык тейлөө тарифинин көбөйүшү жөнүндө" N 136 токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин төрайымы Н.С.Байболовага жана Бишкек шаарынын мэри А.И.Ногоевге жүктөлсүн.

Депутаттардын Бишкек шаардык

Кеңешинин Төрайымы         Н.Байболова

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

"Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүнүн турак жана

турак эмес жайларынын муниципалдык лифттерди жана лифт

жабдууларды ээлерине жалпы үлүштүк менчикке өткөрүп

берүү тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү жөнүндө

Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы N 106 "Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүнүн турак жана турак эмес жайларынын ээлерине муниципалдык лифттерди жана лифт жабдууларды жалпы үлүштүк менчикке өткөрүп берүү тартиби жөнүндө" Жобону иштеп чыгуу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн, турак жана турак эмес жайлардын ээлеринин лифттерди жана лифт жабдууларынын сакталышын жана эксплуатациялоо үчүн жоопкерчилигин жогорулатуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:

1. "Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүнүн турак жана турак эмес жайларынын ээлерине жалпы үлүштүк менчикке муниципалдык лифттерди жана лифт жабдууларды өткөрүп берүү тартиби жөнүндө" Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациялары (Осмоналиев А.Ш., Салиев С.С., Алиев А.Т., Чылабаева А.Т.) турак жай ээлеринин шериктештиктерин (мындан ары - ТЖЭШ) түзүүдө көп квартиралуу турак жай үйлөрдүн турак жана турак эмес жайлардын ээлерине көмөк көрсөтсүн.

3. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы (Бейшенбаев Р.К.) "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасы (Азат Бекназар) менен бирдикте "Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүнүн турак жана турак эмес жайларынын ээлерине жалпы үлүштүк менчикке муниципалдык лифттерди жана лифт жабдууларды өткөрүп берүү тартиби жөнүндө" Жобого ылайык лифттерди жана лифт жабдууларды өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына (Салымбеков Ж.М.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.Б.Токторбаевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы А.Суракматов

Бишкек шаары

2010-жылдын 29-марты N 170

Бишкек шаардык кеңешинин

2010-жылдын 29-мартындагы

N 170 токтомуна

тиркеме

Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүнүн турак

жана турак эмес жайларынын менчик ээлерине муниципалдык

лифттерди, лифт жабдуусун жалпы үлүштүк менчикке

өткөрүп берүү тартиби жөнүндө

ЖОБО

                                  

(Бишкек шаардык кеңешинин

2010-жылдын 3-декабрындагы N 198 токтомунун

редакциясына ылайык)

I. Жалпы жоболор

II. Муниципалдык лифттерди, лифт жабдуусун өткөрүп берүү

тартиби

III. Жыйынтыктоочу жоболор

1-тиркеме. Муниципалдык лифттерди өткөрүп берүү келишими

2-тиркеме. Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы

I. Жалпы жоболор

1.1. "Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүнүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлерине муниципалдык лифттерди, лифт жабдуусун жалпы үлүштүк менчикке өткөрүп берүү тартиби жөнүндө" бул жобо Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө", "Турак жай фондун менчиктештирүү жөнүндө" жана "Турак жай ээлеринин шериктештиги жөнүндө" жана башка Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларына ылайык иштелип чыкты.

1.2. Бул жобо көп квартиралуу турак үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлерине көп кабаттуу турак үйлөрдөгү муниципалдык лифттерди, лифт жабдууларын жалпы үлүштүк менчикке өткөрүп берүү тартибин аныктайт.

Бул жобо көп кабаттуу турак үйдүн менчик ээлери Турак жай ээлеринин шериктештигин (мындан ары - ТЭШ) түзүп жаткан учурда пайда болгон мамилелерде колдонулат.

II. Муниципалдык лифттерди, лифт жабдуусун

өткөрүп берүү тартиби

2.1. Муниципалдык менчиктин реестринде турган, 25 жылдан кем эмес мезгил иштетилген көп кабаттуу турак үйлөрдөгү муниципалдык лифттерди, лифт жабдууларын көп кабаттуу турак үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлерине жалпы үлүштүк менчикке өткөрүп берүү муниципалдык лифттерди, лифт жабдууларын модернизациялоо жана капиталдык-калыбына келтирүү ремонт жүргүзүлгөндөн кийин кайтарымсыз негизде ишке ашырылат.

(Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 3-декабрындагы N 198 токтомунун редакциясына ылайык)

2.2. Муниципалдык лифттерди, лифт жабдууларын модернизациялоо жана капиталдык-калыбына келтирүү ремонтун жүргүзүү кезеги жана мөөнөттөрү Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилүүчү "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын өндүрүштүк программалары менен жыл сайын аныкталат.

2.3. Бишкек шаарынын турак жай фондунун муниципалдык лифттерин, лифт жабдууларын модернизациялоо жана капиталдык-калыбына келтирүү ремонтун жүргүзүү үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өнөр жай коопсуздук көзөмөлү боюнча жана тоо көзөмөлү боюнча Мамлекеттик инспекциянын жазма буйругу (Мамтоотехкөзөмөл);

- лифттерге өткөрүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тийиштүү адистештирилген уюмдун корутундусу;

- Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укук берилген органына ТЭШинин кат жүзүндөгү кайрылуусу (арыз).

2.4. Жазуу түрүндөгү кайрылууга (арызга) төмөнкү документтер тиркелет:

- уюмдаштыруучу документтеринин белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

- арыз берген ыйгарым укуктуу өкүлдү тастыктаган документ;

- көп кабаттуу турак үйдүн турак-жай менчик ээлеринин жалпы чогулушунун протоколу.

Менчик ээлеринин жалпы чогулушу менен төмөнкү чечим кабыл алынат:

- турак жана турак эмес жайдын менчик ээлеринин (жалпы санынан 51%дан кем эмес) муниципалдык лифти, лифттик жабдууну менчикке кабыл алуу жана ТЭШдин балансына коюу жөнүндө макулдугу;

- муниципалдык лифти, лифттик жабдууну ТЭШтин балансына кабыл алуу, техникалык абалын изилдөө, техникалык күбөлөндүрүү, кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюу боюнча иш-чараларга катышуу үчүн ТЭШтен өкүлдөрдү шайлоо (ыйгарым укуктуу өкүлдү делегат кылып шайлоо).

2.5. ТЭШтин өкүлү модернизациялоо же капиталдык-кайра калыбына келтирүү ремонту жүргүзүлгөнгө чейин лифтин, лифттик жабдуунун техникалык абалын изилдөөгө катышат (бузулган жерлери жөнүндө акт түзүлөт).

2.6. Муниципалдык лифти, лифттик жабдууну модернизациялоо же капиталдык-калыбына келтирүү ремонту аяктагандыгы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын чечими менен уюштурулган комиссия модернизацияланган, ремонттолгон (капиталдык-калыбына келтирүү ремонту) муниципалдык лифтти, лифттик жабдууну толук техникалык күбөлөндүрүүнү жүргүзөт. Бул комиссияга ТЭШтин өкүлү да катышат.

2.7. Лифти кабыл алуу боюнча комиссияга Мамтоотехкөзөмөлдүн өкүлү катышат, ал техникалык даярдыктын жана лифти кабыл алуунун актыларынын негизинде кайра орнотулган лифти каттоого, модернизацияланган же ремонттолгон лифтти кайра каттоого жана лифттин паспортунда аны эксплуатацияга киргизүүгө уруксат берилгендиги жөнүндө жазууга милдеттүү. Бул жазуу Мамтоотехкөзөмөлдүн кол тамгасы жана штампы менен күбөлөндүрүлөт.

2.8. Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан муниципалдак лифттердин, лифттик жабдууларын баланстык наркын жана өткөрүлгөн модернизациялоонун же капиталдык-калыбына келтирүү ремонттоо чыгымдары аныкталат, бул муниципалдык мүлктүн реестринде чагылдырылат. Модернизацияланган же оңдолгон (капиталдык-калыбына келтирүү ремонттоо) муниципалдык лифт, лифттик жабдуу Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан муниципалдык лифтти өткөрүп берүү келишими боюнча ТЭШтин балансына өткөрүлүп берилет. Келишимге төмөнкүлөр тиркелет:

- лифттин техникалык паспорту;

- кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы;

- тийиштүү техникалык документтер (жабдуунун жерге түшүүсүнүн (нөлгө түшүүсүнүн) элементтерин кароо жана текшерүү протоколу, техникалык күбөлөндүрүү актысынын көчүрмөсү, техникалык даярдык актысы жана башка керектүү документтер жана буйруктар).

2.9. Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюлган учурдан тартып муниципалдык лифт жана муниципалдык жабдуу турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы үлүштүк менчигине өткөрүлөт.

2.10. Модернизацияланган же ремонттолгон (капиталдык-калыбына келтирүү ремонттоо) лифтти же лифттик жабдууну ишке киргизүү лифттерди техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча атайын уюм (ишкана) менен ТЭШтин келишими бар болгондо ишке ашырылат.

2.11. Турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери, ТЭШтин атынан лифттин жана лифттик жабдуунун менчик ээси - лифттерди, лифттик жабдууну эксплуатациялоо боюнча колдонуудагы эрежелерге ылайык аны бузуксуз оң абалда жана тийиштүү көрүнүштө, тийиштүү техникалык тейлөөнү уюштуруу жана өз убагында сапаттуу оңдоо жолу менен тике дайындоо боюнча коркунучсуз пайдаланууну камсыздоого тийиш.

2.12. Лифтти, лифттик жабдууну сапаттуу жана өз убагында оңдоо жана модернизациялоо үчүн ТЭШ тийиштүү чогултулган фондго (валюталык жана сомдук) ээ болушу керек. Мында алар боюнча каражаттарды башка чарбалык муктаждыктарга пайдаланууга болбойт.

2.13. Лифттин, лифттик жабдуунун менчик ээси (ТЭШ) аны толугу менен эксплуатациялоону уюштурат жана ишке ашырат, ошондой эле лифттерди техникалык тейлөөгө жана ремонттоого карата кызматтын бул түрүн көрсөтүү боюнча өз иш-аракетине камсыздандыруу полиси бар, үчүнчү жак алдында жоопкерчилиги болгон, ошондой эле техникалык базасы жана тийиштүү адистери бар адистештирилген уюм (ишкана) менен гана келишим түзөт.

III. Жыйынтыктоочу жоболор

3.1. Лифттерди, лифттик жабдууну эксплуатациялоо боюнча эрежелерди сактабагандыгы үчүн, ошондой эле лифттерге, лифттик жабдууга зыян келтиргендиги үчүн күнөөлүү жак мыйзамда белгиленген тартипте жоопко тартылат. Калыбына келтирүү көп квартиралуу турак үйдүн жайларынын менчик ээлеринин (ТЭШ) каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

Бишкек шаардык кеңешинин

аппарат жетекчиси Ю.Шкуропатов

"Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак

үйлөрүнүн турак жана турак эмес

жайларынын менчик ээлерине муниципалдык

лифттерди, лифт жабдуусун жалпы

үлүштүк менчикке өткөрүп берүү

тартиби жөнүндө" жобосуна

1-тиркеме

Муниципалдык лифттерди өткөрүп берүү

КЕЛИШИМИ

2010-жылдын "__" ________ Бишкек шаары

Бишкек шаарынын ыйгарым укуктуу органы, мындан ары "1-тарап" деп аталуучу жана жобонун негизинде иштөөчү, ______________________________ атынан, бир тараптан, жана Турак жай ээлеринин шериктештиги, __________ _______________________________________________________________________ мындан ары "2-тарап" деп аталуучу, уставдын негизинде иштөөчү төрага __ __________________________ атынын, экинчи тараптан, төмөнкү жөнүндө бул келишимди түзүштү:

1. Келишимдин предмети

1.1. Кыргыз Республикасынын "Муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамына ылайык "1-тарап" лифттерди жана лифттик жабдууларды "2-тарапка" жалпы үлүштүк менчикке өткөрүп берет, "2-тарап" __________________________ дарегиндеги ___________ сандагы лифтти(терди) жана лифттик жабдууну балансына кабыл алууга милдеттүү.

1.2. Өткөрүп берүү учурунда өткөрүлүп берилген лифттердин жана лифттик жабдуунун баланстык наркы __________________________ сом түзөт.

2. Тараптардын укуктары жана милдеттери

2.1. "1-тарап" төмөнкүгө милдеттендирилет:

2.1.1. Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына ылайык капиталдык-калыбына келтирүүчү оңдоо же модернизациялоо ишке ашырылгандан кийин лифттерди, лифттик жабдууну техникалык документтери менен "2-тарапка" жалпы үлүштүк менчикке өткөрүп берүүгө.

2.2. "2-тарап" төмөнкүлөргө милдеттүү:

2.2.1. Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык лифттерди, лифттик жабдууну балансына жалпы үлүштүк менчикке кабыл алууга.

2.2.2. Лифттерди, лифттик каражаттарды эксплуатациялоо боюнча эрежелерге ылайык көп квартиралуу турак үйдүн жайларынын менчик ээлеринин каражаттарынын эсебинен кабыл алынган лифттерди жана лифттик жабдууну күтүүгө.

2.2.3. Өткөрүлүп берилген лифт жабдуусуна этияттык менен мамиле кылууга, зыян келтирбөө үчүн чараларды көрүүгө.

2.2.4. Берилген үйдө лифттик жабдууну пландуу жана капиталдык-калыбына келтирүүчү оңдоолорду жүргүзүү, ошондой эле модернизациялоо (керек болгондо) үчүн керектүү акча каражаттарын чогултууну жана аккумуляциялоону камсыз кылууга.

2.2.5. Максаттуу расчеттук эсеп ачуу менен амортизациялык (акчалай жана сомдук) фонд ачууга. Ошону менен бирге алар боюнча каражаттар башка ички чарбалык муктаждыктарга чыгымдоосу мүмкүн.

2.2.6. Багыты боюнча лифттерди, лифттик жабдууну оң абалда күтүүнү жана коопсуз пайдаланууну камсыздоого жана лифттерди техникалык тейлөө жана ремонттоо боюнча техникалык базасы жана тийиштүү адистери бар адистештирилген уюм менен лифттерди тейлөөгө келишим түзүүгө.

2.3. "2-тарап" төмөнкү укукка ээ:

2.3.1. Кыргыз Республикасынын Мамтоотехкөзөмөл инспекторлору жана башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү лифттерди контролдук текшерүүлөрдөн өткөрүүгө катышууга.

3. Тараптардын жоопкерчиликтери

3.1. Бул келишим боюнча милдеттерди аткарбагандыгы же тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн Тараптар бул келишим жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган тартипте жоопко тартылат.

4. Талаштарды чечүү тартиби

4.1. Бул келишим боюнча же ага байланыштуу тараптар ортосунда пайда болгон бардык талаштар жана келишпестиктер тараптар ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.

4.2. Сүйлөшүүлөр жолу аркылуу келишпестиктерди чечүү мүмкүн болбогондо алар мыйзамда каралган тартипте сотто каралат.

5. Форс-мажор

5.1. Тараптардын бирөөсү да башка тарап алдында милдеттерди аткарбагандыгы же кечиктиргендиги үчүн, тараптардын эркинен жана каалоосунан тышкары пайда болгон жана дайын болбогон, кутула албаган кырдаалдар, анын ичинде, жарыяланган же чыныгы согуш, жарандык толкундоолор, эпидемиялар, блокада, эмбарго, жер титирөөлөр, ташкындоолор, өрттөр жана башка жаратылыш кырсыктар менен шартталган кырдаалдар үчүн жооптуу эмес.

5.2. Тийиштүү компетенттүү орган тарабынан берилген күбөлүк каршы тура алгыс күчтүн бар экендигин жана иш-аракетинин созулгандыгын тастыктаган күбөлүк жетиштүү болуп саналат.

5.3. Өз милдетин аткарбаган тарап келишим боюнча экинчи тарапка тоскоолдуктар жана милдеттерди аткарууга анын тийгизген таасири жөнүндө билдирүүсү керек.

6. Өзгөчө шарттар

6.1. Бул келишимге кандай гана өзгөртүүлөр жана толуктоолор болбосун, алар жазуу түрүндө жол-жоболоштурулганда жана эки тарап тарабынан кол коюлганда гана күчкө ээ болот.

6.2. Мөөнөтүнөн мурда келишимдин күчүн жоготуу тараптардын макулдашуусу боюнча же Кыргыз Республикасынын аймагындагы колдонуудагы жарандык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча келтирген чыгымдарын кайтарып берүү менен гана болуусу мүмкүн.

6.3. Бул келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон, ар бир тарап үчүн бирден нускадан эки нускада даярдалды.

6.4. Бул келишим ага Тараптар кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет. Тараптардын өз ара каалоосу боюнча кайра каралышы мүмкүн. Тараптардын реквизиттери өзгөргөн учурда, алардын уюмдаштыруучулук документтери өзгөргөн учурда, менчик ээсинин, уюштуруу-укуктук формасынын ж.б. өзгөргөн учурду кошуп, бирок аны менен чектелбестен, келишим өз күчүндө кала берет.

7. Юридикалык даректер, төлөм реквизиттер жана тараптардын кол коюулары:

"2-тарап": "1-тарап":

"____________" ТЭШи "Бишкекшаарлифт" МИси

Дареги: Бишкек шаары Дареги: Бишкек шаары, Чүй

проспекти, 30, тел.: 437853

ОКПО: 26605404

ИНН: 01604200910026

Код ГНИ: 003

э/с: 1210120003010661

"Дос-Кредобанк" ААКсы

БИК 121001

_____________________ ______________ (А.Бекназар)

"Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак

үйлөрүнүн турак жана турак эмес

жайларынын менчик ээлерине муниципалдык

лифттерди, лифт жабдуусун жалпы

үлүштүк менчикке өткөрүп берүү

тартиби жөнүндө" жобосуна

2-тиркеме

 

__________________________________________________________________ ___________________________________________________________ дарегиндеги лифтти ________________________________________________________________

(кабыл алуучу юридикалык жактын аталышы)

Кабыл алуу-өткөрүп берүү

АКТЫСЫ

__________________________________________________________________

(кабыл алуучу юридикалык жактын жетекчисинин

_______________________________________________________________________

аты-жөнү)

уставдын негизинде иштөөчү жана _______________________________________ _______________________________________________________________________

(өткөрүп берүүчү уюмдун жетекчисинин аты-жөнү)

уставдын негизинде иштөөчү,

өткөрүп берүүчү тараптын башкы бухгалтеринен __________________________

(аты-жөнү)

_______________________________________________________________________ жана кабыл алуучу тараптын башкы бухгалтеринен ________________________

(аты-жөнү)

_______________________________________________________________________ турган комиссия: төмөнкү жөнүндө бул актты түздү:

_______________________________________________________________________

(менчик ээсинин аталышы)

баланстык наркы ________________________________________ миң сом болгон _____________________________________________________________ көлөмүндө

(лифттердин санын эсептөө, алардын мүнөздөмөсү)

_______________________________________________________________________

(кабыл алуучу юридикалык жактын аталышы)

жалпы үлүштүк менчикке өткөрүп берет.

Өткөрүп алуу 20__-жылдын "__" ____________________________________ _____________________________________ негизинде жүргүзүлдү.

Өзгөчө шарттар:

__________________________________________________________________ _______________________________________________________________________

(тараптардын юридикалык даректери)

Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына тиркеме:

1. Өткөрүлүп берилүүчү лифттердин техникалык абалынын актылары.

2. Техникалык документтерди өткөрүп берүү актысы (өткөрүп берүү учурунда техникалык документтер жок болсо, өткөрүп берүүчү уюм жетпеген документтерди өзүнүн эсебинен калыбына келтирип берүүгө милдеттүү).

  

Бишкек шаардык кеңештин
Токтому
Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык
аймактык башкармалыктары тарабынан тейленүүчү
аймактардын чектерин бекитүү жөнүндө
Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 17-майындагы №232 токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык аймактык башкармалыктары жөнүндө Типтүү жобосунун 1 - пункутун ишке ашыруу максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
   1. Бишкек шаарынын мэриясынын №№ 1-21 жана “Чоң-Арык” муниципалдык аймактык башкармалыктары тарабынан тейленүүчү аймактардын чектери тиркемеге ылайык бекитилсин.
   2. Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы жана Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы эки айлык мөөнөттө Бишкек шаарынын конуштарынын чектеринин сүрөтүн иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешке бекитүүгө берсин.
     3. Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын башчылары (Омурбекова А.С., Попиков О. В., Алиев А. Т., Алымкулов Ч. Т.) эки айлык мөөнөттө кварталдардын чектерин иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешке бекитүүгө берсин.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо регламент жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы В. Н. Кимге жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М.А.Исмаиловго жүктөлсүн.
 
 
Төрага                                                                        М. Аманкулов
Бишкек ш., 2011-жыл, 20- декабрь, №286
 ____________________________________________________________
 
 
                                                                    Бишкек шаардык кеңештин
                                                                       2011-жылдын “20» декабрынын
                                                                   №286-токтомуна 1- тиркеме
 
 
Бишкек шаарынын мэриясынын №№ 1-21
муниципалдык аймактык башкармалыктарынын
жана “Чоң-Арык” МАБсынын
аймактарынын чектеринин баяндоосу
 
 

Аталышы
Чектердин баяндоосу
 №1 МАБ
Чектер: Ден Сяопин проспекти, Ю.Фучик көчөсү,                     Рыскулов көчөсү, Жаш Гвардия бульвары, Жибек Жолу проспекти., Манас проспекти, Киев көчөсү, Жаш Гвардия бульвары, Абакан көчөсү, Ден Сяопин проспектине чейин, “Манас” аэропортунун районундагы 36га участок кирет.
№2 МАБ
Чектер:темир жол кыркасы, Ала-Арча суусу, Э. Матыев көчөсү, А. Бакаев көчөсү, И. Ахунбаев көчөсү, Репин көчөсү, С.Боромбай көчөсү, №4 ШКО аймагы, Айни көчөсү, Муромск көчөсү, сквер кирет. Айни көчөсү,                        Т.Фрунзе көчөсү, Өгүз-Ата көчөсү, селден коргоочу канал, Каховский көчөсү, селден коргоочу канал, Жемиш базасынын түштүк чеги, темир жол кыркасына чейин
№3 МАБ
 
Чектер: «Ак-Өргө», «Ак-Ордо», «Ала-Тоо» конуштары
«Ак-Өргө» конушу:
Түштүктөн Ак- Буура көчөсү
Батыштан Алыкулов көчөсү
Түндүктөн темир жол кыркасы, Учкор көчөсү.
Чыгыштан Ак- Бата көчөсү, Ак- Чөлмөк көчөсү, Кырк- Кыз көчөсү, Омур көчөсү, Ашар көчөсү
«Ак-Ордо» конушу:
Түштүктөн Көк- Асаба көчөсү
 Батыштан Гүл- Ордо, Гагарин көчөсү
Түндүктөн Сымбат көчөсү , Айгүл- Тоо көчөсү
Чыгыштан Олон- Бий көчөсү
«Ала-Тоо» конушу:
Түштүктөн Улук- Тоо көчөсү
Батыштан Улук- Тоо көчөсү
Түндүктөн Орто- Арык көчөсү ,Тынчтык көчөсү ,Ай- Бийке көчөсү, Алай- Кум көчөсү.
Чыгыштан Киров көчөсү ,Арал- Көл көчөсү.
№4 МАБ
 
Чектер:Муромск көчөсү, №4 ШКО түштүк чеги, С.Боромбай көчөсү, Репин көчөсү, И.Ахунбаев көчөсү, Курчатов көчөсү, А.Масалиев көчөсү. (түштүк магистраль), М. Джунусалиев көчөсү, Ы. Абдрахманов көчөсү, №5 көчөсү, Кожомкул көчөсү, «Ынтымак» конушунун түндүк чеги, Д.Садырбаев көчөсү, Северная көчөсү, Бишкек 125-лет көчөсү, Чортеков көчөсү, Ы. Абрахманов көчөсү,                     Арча-Бешик көчөсү, Кен-Суу көчөсү, Селекционный а. чыгыш чеги, Муромск көчөсү, Т.Фрунзе көчөсү, Айни көчөсү, сквердин Муромск көчөсүнө чейинки батыш чеги, «Орок» конушу кирет, Ашпара көчөсү, №90 ОМ
№5 МАБ
Чектер:Киев көчөсү, Манас проспекти., Тынчтык проспекти, А. Баатыр көчөсү, Грибоедов көчөсү, Бакаев көчөсү, Матыев көчөсү, темир жол кыркасы, Жаш Гвардия бульвары, Киев көчөсүнө чейин, Ахунбаев көчөсүн кошкондо, Тыналиев көчөсү, А.Масалиев көчөсү (Түштүк магистраль), Курчатов көчөсү Ахунбаев көчөсүнө чейин
“Чоң-Арык” МАБ
Чектер: И.Ахунбаев көчөсү, Бакаев көчөсү,                    А. Грибоедов көчөсү, А.Баатыр көчөсү, Тынчтык проспекти, Рысмендеев көчөсү, Лесхозная көчөсү, М.Асанбаев көчөсү,   Балык Кумар көчөсү, Иманалиев көчөсү, Ормокоев көчөсү,                Ала-Арча ссусу, 50 лет Победы көчөсү, Береговой көчөсү,                   Чодронов көчөсү, Кожобергенов көчөсү, Мусулманкулов көчөсү, Северный көчөсү, Д. Садырбаев көчөсү, Чон-Арык көчөсү, А.Кожомкулов көчөсү, Эркин-Тоо көчөсү, Ю.Абдрахманов көчөсү, М. Джунусалиев көчөсү, А.Масалиев көчөсү (түштүк магистраль), Тыналиев көчөсү, И.Ахунбаев көчөсү.
№6 МАБ
Чектер: темир жол кыркасы, М.Ауэзов көчөсү, БЧЧК, Достоевский көчөсү, ТЧЧК, Шабдан Баатыр көчөсү темир жол кыркасына чейин, «Алтын Ордо», «Рухий Мурас» конуштарын кошкондо жана Горький көчөсү, Шабдан Баатыр көчөсүнөн тартып «Рухий Мурас» конушуна чейин
№7 МАБ
Чектер: Сухэ-Батор көчөсү, Г.Айтиев көчөсү,                             Куттубаев көчөсү (Ботаникалык бак), Шабдан Баатыр көчөсү, Жогорку Көк-Жар айылы, Бишкек шаарынын түштүк чеги, ТЧЧК, А.Токомбаев көчөсү, Сухэ-Батор көчөсүнө чейин
№8 МАБ
Чектер:Ахунбаев көчөсү, Ж. Пудовкин көчөсү,                          Рысмендеев көчөсү, Семетей көчөсү, Тынчтык проспекти, И. Ахунбаев көчөсүнө чейин
№9 МАБ
Чектер: А.Сүйөркулов көчөсү, Б.Юнусалиев көчөсү, ТЧЧК, Ш.Баатыр көчөсү, (Ботаникалык бакты кошкондо) Куттубаев көчөсү, Г.Айтиев көчөсү, Сухэ-Батор көчөсү, А.Токомбаев көчөсү, ТБЧК, Бишкек шаарынын түштүк чек арасы Рысмендеев көчөсүнө чейин, Ж.Пудовкин көчөсү А.Сүйөркулов көчөсүнө чейин
№10 МАБ
Чектер: темир жол кыркасы, Шабдан Баатыр көчөсү, И.Ахунбаев көчөсү, С.Каралаев көчөсү,                          Койбагаров көчөсү, Ж.Пудовкин көчөсү, И.Ахунбаев көчөсү, Байтик Баатыр көчөсү темир жол кыркасына чейин
№11 МАБ
Чектер: Койбагаров көчөсү, С.Каралаев көчөсү,                      И. Ахунбаев көчөсү, Ш.Баатыр көчөсү, ТЧЧК,                           Б.Юнусалиев көчөсү, Сүйөркулов көчөсү, Ж.Пудовкин көчөсү Койбагаров көчөсүнө чейин
№12 МАБ
Чектер: Киев көчөсү, Ю.Абдрахманов көчөсү, Байтик Батыр көчөсү, И.Ахунбаев көчөсү, Тынчтык проспекти, Манас проспекти Киев көчөсүнө чейин
№13 МАБ
Чектер: Саадаев көчөсү, Тоголок Молдо көчөсү,             Жибек Жолу проспекти, Ю. Абдырахманов көчөсү, Киев көчөсү, Манас проспекти, Жибек Жолу проспекти, Махатма Ганди көчөсү Саадаев көчөсүнө чейин
№14 МАБ
Чектер: Саадаев көчөсү, Махатма Ганди көчөсү,             Жаш Гвардия көчөсү, Рыскулов көчөсү, Ю.Фучика көчөсү, ЧЧК, Садовой көчөсү, Саадаев көчөсүнө чейин, «Жеңиш», «Бугу-Эне-Багыш» конуштарын кошкондо
№15 МАБ
Чектер:ЧЧК, Ю.Фучик көчөсү, Ден-Сяопин көчөсү,       Кустанайский көчөсү ЧЧК чейин, «Тынчтык» конушун кошкондо
№16 МАБ
 
Чектер: «Калыс-Ордо», «Мурас - Ордо», «Ак - Босого» конуштары
«Ак - Босого» конушу:
Түштүктөн Бухарский көчөсү
Батыштан Маевка айылы МТФ
Түндүктөн Саадаев көчөсү Тулебердиев көчөсүнө чейин
Чыгыштан Нижняя Ала- Арча айылы
 
«Калыс-Ордо» конушу:
Түштүктөн Объяздная дорога көчөсү,
Батыштан СЭЗ Бишкек жолу,
Түндүктөн ЧЧК “Ала- Арча”
Чыгыштан ЧЧК “Ала- Арча”
«Мурас - Ордо» конушу:
Түштүктөн Балык чарбалыгы
Батыштан Сокулук району
Түндүктөн Сокулук району
Чыгыштан Озерный айылы
№17 МАБ
Чектер: Чүй проспекти, Шабдан Баатыр көчөсү, темир жол кыркасы, Ю. Абдрахманов көчөсү, Чүй проспектине чейин
№18 МАБ
Чектер:Чүй проспекти, Ю. Абдрахманов көчөсү, Жибек Жолу проспекти, Школьный көчөсү, ЧЧК, Суворов көчөсү, КЧК, Аламүдүн базары., ЧЧК, Лермонтов көчөсү Чүй проспектине чейин
№19 МАБ
Чектер: Чүй проспекти, Лермонтов көчөсү,                      Луганский көчөсү, Калинин көчөсү, Токмакский көчөсү, Ауэзов көчөсү, Энергетиктер шаарчасы аймагынын түштүк чеги, Зелёный көчөсү, буруп кетүүчү ЖЭБ каналы, темир жол кыркасы, Шабдан Баатыр көчөсү Чүй проспектине чейин
№20 МАБ
Чектер: Жибек-Жолу проспекти,Тоголок Молдо көчөсү, Саадаев көчөсү, Ф.Дзержинский көчөсү, “Ак-Тилек 2” конушунун чеги, Зеленый көчөсү, түндүк көрүстөндүн чеги, Ибраимов көчөсү, Аул көчөсү, Дордой-Ибраимов көчөсү, Гидростроитель көчөсү, Аламүдүн базары, КЧК, Карагач токоюнун чеги, Суворов көчөсү, ЧЧК, Школьный көчөсү Жибек-Жолу проспектине чейин, «Красный строитель» жана «Жилгородок» конуштарын кошкондо
№21   МАБ
 
Чектер:
Түштүктөн ЧЧК, Крымский көчөсү, түндүк көрүстөнү, Баку көчөсүнүн аягы
Батыштан Бажы терминалы, Нижний- Арча айылы, Майский айылы МТФ 2
Түндүктөн Аламүдүн районунун Учхозу, айланма жолу, Аламүдүн районун суугаруу талаалары
Чыгыштан Аламүдүн районун зоотвал ТЭЦ
Төмөнкү конуштарды кошуп: “Бакай Ата”, “Келечек”, “Дордой”, “Дордой 2”, “Ак Бата”,“Эне Сай” жана “Дордой” ТРК.
 
“Бакай Ата” конушу:
Түштүктөн ЧЧК
Батыштан Аламүдүн айылы
Түндүктөн Учхоз айылы
Чыгыштан Зоотвал ТЭЦ
“Келечек” конушу:
Түштүктөн түндүк көрүстөнү, Бакинский көчөсүнүн аягы
Батыштан Бажы терминалы, Нижняя Ала- Арча айылы
Түндүктөн Айланма жолу
Чыгыштан Alkan and Co компаниясы, “Оберон” соода базары
“Дордой” конушу:
Түштүктөн Крым көчөсү
Батыштан “Дордой” сатычуу базары
Түндүктөн Айланма жолу
Чыгыштан Аламүдүн суусу
“Дордой 2” (Жакшылык) конушу:
Түштүктөн Айланма жолу
Батыштан Аламүдүн району, көрүстөн.
Түндүктөн Аламүдүн районунун Ленин айылы
Чыгыштан “Таамай”атма жайы
“Ак Бата” конушу:
Түштүктөн айланма жол
Батыштан Майский айыл, МТФ 2
Түндүктөн Аламүдүн районунун сугарылуучу талаалары
Чыгыштан Аламүдүн районунун Ак Жар конушу
“Эне Сай” конушу:
Түштүктөн Аламүдүн району, Гидростроитель айылы
Батыштан Аламүдүн суусу
Түндүктөн Айланма жолу,
Чыгыштан Аламүдүн айылы, Култегин көчөсү

 
 
 
 
Бишкек шаардык кеңештин
аппарат жетекчиси                                                               Э. Нурдавлетов

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

Депутаттык ыйгарым укуктарын

өз ыктыяры менен тапшыруу жөнүндө

 “Замандаш-Современник” фракциясынан Бишкек  шаардык  кеңештин   депутаттары Л. В. Ардаминанын жана С. В. Епифанцевдин  депутаттык ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен тапшыруу жөнүндө түшкөн арыздарына ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”  мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Замандаш-Современник” саясий партиясыны  фракциясынан Бишкек  шаардык  кеңештин депутаттары Любовь Викторовна Ардаминанын жана Станислав Викторович Епифанцевдин депутаттык ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен тапшыруу жөнүндө түшкөн арыздары  канааттандырылсын.

2. Ушул токтом Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлсүн.

3. Токтом жалпыга –маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Төрага                                                               М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

20- май 2015-жыл, № 132     

Бишкек шаардык кеңештин токтому

 

Бишкек шаардык кеңештин

түзүмүн бекитүү жөнүндө

 

Бишкек шаардык кеңештин регламентинин негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Бишкек шаардык кеңештин түзүмү бекитилсин (тиркелет).

2.     Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

 

 

Төрага                                                               М. А. Аманкулов

 

 

Бишкек шаары,

28-декабрь 2012-жыл, №3