Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Ардактуу энелер!

Сиздерди Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атыман ыйык майрамыңыздар менен куттуктайм!

Президентибиздин Энелер күнүн жарыялаган жарлыгынан улам, быйыл үчүнчү жолу энелерибизге сый-урмат көрсөтүп, ыраазычылык сөздөрүбүздү айтууга мүмкүнчүлүк болуп жатат.

Эне - үй-бүлөнүн, жалпы адамзаттын куту, өмүрдүн булагы. Эненин үй-бүлөдөгү орду жана ролу баа жеткис. Сиздердин демиңиздер менен ар бирибиздин жүрөгүбүздө, ар бир үй-бүлөдө, коомубузда  жылуу сезим, жакшы таалим-тарбия, ийгилик жаралат. Ошондуктан, урматтуу энелер, сиздердин кайратмандыгыңыздарга, чыдамкайлыгыңыздарга баш ийип, таазим кылабыз.

Сиздерге жана жакындарыңыздарга бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт,  бакубат жашоо каалайбыз!

Бар болуңуздар, асыл зат энелер!

Терең урматымды билдирип,

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы    Марат Аманкулов 

Быйылкы жылдын 31-мартында Бишкек шаарынын мэрии Кубанычбек Кулматов Бишкек шаардык кеңештиндепутаттарын Бишкек шаарынын 2018-жылга чейинки социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программасы менен тааныштырды.

Концепцияда борбор калаанын божолмолдуу келечеги камтылып жана өнүгүүсүнүн негизги багыттары аныкталган.

Программанын алкагында негизги көрсөткүчтөрдүн аткарылышы, атап айтканда: мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эл алдындагы жоопкерчилигин жогорулатуу, муниципалдык кызмат көрсөтүү системасын жакшыртуу, муниципалдык кызматтын потенциалып өнүктүрүү, структураны оптималдаштыруу, бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртуу, инвестиция тартуу жана жеке активдерди башкарууну эффективдештирүү ж.б. каралган.

Презентациянын жүрүшүндө калаа башчысы жана Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын ортосунда программанын негизги багыттары боюнча пикир алмашуу болуп өттү. 

2013-жылдын 25-декабрында Бишкек шаардык кеңештин кезектеги VIII сессиясы болуп, анда 8 маселе каралды.

Депутаттар Бишкек шаарындагы жолдордо коопсуздукту камсыздоо, жылуулук мезгилинин (2013-2014-жж.) өтүүсү жана Бишкек шаарындагы санитардык-эпидемиологиялык абал жөнүндө маалыматтарды угушту. Бул маселелер боюнча кийинки сессияга отчет даярдоо жана депутаттарга берүү чечими кабыл алынды.

Сессияда депутаттар Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктарын -Бишкек шаардык кеңештин төш белгисин жана аты жазылган саатты белгиледи.

Мындан тышкары Башкы пландын жашырындуулугун алып салуу боюнча биргелешкен сунуштарды иштеп чыгуу жөнүндө маселени карашты.  

2014-жылдын 15-январында Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз IXсессиясы  болуп өттү. Күн тартибине борбор калаанын мэрин шайлоо маселеси коюлган.

Талапкер болуп Бишкек шаардык кеңешинин КСДП фракциясы тарабынан сунушталган жана көпчүлүк коалициясы тарабынан колдоого ээ болгон  Кубанычбек Кулматов чыкты. 

Кыргыз Республикасынын “Борбор калаанын макамы жөнүндө” мыйзамынын 23-беренесинин 4,5-пункттарына ылайык шайлоо жабык өтөт. Шайлоого Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмеси катышышы шарт. Жеңген болуп Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын жартысынан көбүн топтогон талапкер эсептелет.

Кенен маалымат...

2013-жылдын 18-декабрында Бишкек шаардык кеңештин Президиумунун жыйыны болду. Президиумдун жыйынына Фракциялардын лидерлери, Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары жана Бишкек шаарынын вице-мэрлери катышты.

Президиумдун мүчөлөрү Бишкек шаардык кеңештин кезектеги VIII сессиясынын  күн тартибинин долбоорун карашты. Ошентип, депутаттар Бишкек шаарындагы жолдордо коопсуздукту камсыздоо, жылуулук мезгилинин өтүүсү жана Бишкек шаарындагы санитардык-эпидемиологиялык абал жөнүндө маалыматтарды угушат, ошондой эле күн тартибине бир топ актуалдуу маселелер киргизилди.

Президиумдун отурумунун жыйынтыгы боюнча  Бишкек шаардык кеңештин VIII сессиясынын  күн тартибинин долбоору түзүлүп, 2013-жылдын 25-декабры сессия болуучу күн болуп белгиленди.