Сегодня 28 июня 2011 года по инициативе Бишкекского городского кенеша в Национальном олимпийском комитете прошло чествование спортсменов-участниковXVI Азиатских игр.
Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
«__»_______2025-жыл
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак
үйлөрүнүн лифт жабдууларын техникалык тейлөө боюнча
кызмат көрсөтүүлөргө карата тарифтерди бекитүү жөнүндө
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган лифттерди талаптагыдай эксплуатациялоону уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүнүн лифт жабдууларын техникалык тейлөөгө карата тариф (анын ичинде эксплуатациялоону уюштуруу, утурумдук оңдоо, авариялык тейлөө, диспетчердик контролдоо) үчүнчү жана андан жогорку кабаттарда жайгашкан батирлердин жалпы аянтынын 1 чарчы метри үчүн (балкондордун жана лоджиялардын аянтын эсепке албаганда) айына 8,31 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген талаптарга ылайык Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган лифт жабдууларын талаптагыдай техникалык тейлөөнү камсыздасын;
- Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинин реестринде турган, эксплуатациялоонун ченемдик мөөнөттөрүн иштеп бүткөн лифттерди, лифт жабдууларын андан ары белгиленген тартипте көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин жалпы үлүштүк менчигине өткөрүп берүү менен этап боюнча модернизациялоону жана капиталдык-калыбына келтирип оңдоону жүзөгө ашырсын;
- Бишкек шаарынын аз камсыз болгон тургундарына турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө субсидияларды берүүнүн тартиби жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- ушул токтомдон келип чыккан башка тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 124 «Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүндө лифттерди күтүүгө, техникалык тейлөөгө жана эксплуатациялоону уюштурууга тарифти бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы Б.Б. Усеналиев
Негиздеме-маалымкат (docx.24kb)
Финансылык корутунду (jpeg.301kb)
Юридикалык корутунду (jpeg .279kb)
Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
«___» __________2025-жыл
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Бишкек шаарында акы төлөнүүчү муниципалдык авто
токтотмолорду жана авто коюучу жайларды уюштуруу
боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү тууралуу
Бишкек шаарында авто токтотмолор жана авто коюучу жайлар менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу, ошондой эле транспорт тутумунда жагымдуу чөйрөнү түзүү максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 34-беренесине ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын муниципалдык авто токтотмолоруна жана авто коюучу жайларына автотранспорт каражаттарын токтотуу жана коюу үчүн акы төлөөнү башкаруу, уюштуруу жана төлөмдү алуу боюнча 11 айлык мөөнөткө пилоттук долбоор өткөрүлсүн.
2. Бишкек шаарынын муниципалдык авто токтотмолоруна жана авто коюучу жайларына автотранспорт каражаттарын токтотуу жана коюу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү пилоттук режимде 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- муниципалдык авто токтотмолорду жана авто коюучу жайларды башкаруу жана уюштуруу Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүзөгө ашырылсын;
- муниципалдык авто токтотмолорго жана авто коюучу жайларга автотранспорттук каражаттарды токтотуу жана коюу үчүн акы, автоматташтырылган төлөм жана убакытты эсепке алуу системасы менен пилоттук режимде саатына тарифи боюнча 2-тиркемеге ылайык белгиленсин;
- I жана II топтогу майыптыгы бар адамдар – «Майыптыгы бар адам» деп таануу белгиси менен, каттоо документтеринде тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн автотранспорт каражаттарынын ээлери, токтотмо үчүн акы төлөөдөн бошотулушсун.
4. Муниципалдык авто токтотмолорду жана авто коюучу жайларды электромобильдер үчүн пайдалануу акысына 50 пайыздык өлчөмүндөгү арзандатуу белгиленсин.
5. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте:
- пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
- пилоттук долбоор алгылыктуу жүзөгө ашырылган учурда, тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоору белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизилсин.
6. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 3-декабрынан №206 «Бишкек шаарынын муниципалдык автотоктотмолорунда автотранспортту токтотуп коюу үчүн жыйымдын ченин бекитүү жөнүндө» токтому;
2) Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралынан №151 «Бишкек шаарынын аймагында муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолорду уюштуруу тартиби жана шарттары жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтому.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы Б.Б. Усеналиев
Негиздеме-маалымат (docx.69kb)

Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2025-жылдын «_____»__________
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Бишкек шаарынын мэриясына
муниципалдык мүлктү күрөөгө коюуга
макулдук берүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 39-беренелерине, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17, 19-беренелерине, «Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу» долбоорун каржылоо боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Бишкек шаарынын мэриясынын ортосундагы 2015-жылдын 18-сентябрындагы № 19-05/54 субкредиттик макулдашууну аткаруу максатында, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын мэриясына тиркемеге ылайык муниципалдык мүлктү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондуна күрөөгө коюуга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына, турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникация жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча орун басарына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы Б.Б. Усеналиев
Негиздеме-маалымкат (docx.20kb)
Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
«___» __________2025-жыл
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Бишкек шаарынын муниципалдык
көрүстөндөрүнүн иш-аракеттеринин тартибин бекитүү жөнүндө
«Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 67 токтому менен бекитилген Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө нускаманы ишке ашыруу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34-беренелерине ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1...Бишкек шаарынын муниципалдык көрүстөндөрүнүн иш-аракеттеринин тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2...Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3...Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы
Тиркеме (docx. 21kb)
Маалымкат негиздеме (docx. 31kb)
Финансылык корутунду (pdf.65kb)
Юридикалык корутунду (pdf .308kb)