Сегодня, 12 августа 2016 года в РЦДЮ "Сейтек" состоялось торжественное мероприятие, посвященное многолетней творческой и благотворительной деятельности ветерана Великой Отечественной войны, кавалеру ряда орденов и медалей за боевые заслуги перед Отечеством, выдающейся творческой личности Асека Урманбетова. Много лет подряд Асек Урманбетов занимается благотворительностью, оказывает материальную помощь ветеранам войны, инвалидам, вдовам, сиротам, малоимущим и молодым семьям. В этом году сумма его пожертвований составила 1 миллион 90 тысяч сомов.
Урматтуу борбор калаабыздын тургундары!
Сиздерди келе жаткан Жаңы 2016-жылыңыздар менен куттуктайм!
Кирип келе жаткан жыл көп жаңы ачылыштардын жылы болсун!
Жаңы жыл мамлекетибиздин өсүп өнүгүшү, стабилдүүлүгүнүн бекемдеши үчүн жасалып жаткан ишибизде чоң ийгиликтерди алып келсин. Жаңы жылда ар бир үйдө кут, береке жана жакшы маанай болушуна тилектешмин!
Терең урматым менен,
Бишкек шаардык кеңешинин
Төрагасы Алмаз Кененбаев
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын атынан жана өз атымдан сиздерди жаратылыштын жаңылануусунжар салган, чоң тарыхы бар айкөлдүктүн жана ынтымактын майрамы болгон Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм!
Күн менен түн теңелип, жыл алмашып жаңы жыл келип отурат. Нооруз майрамы жерибизди жамандыктан аластатып, элибизге береке-кут,тынчтык, бейпилдик жана ырыскы, мамлекетибизге өнүгүү алып келсин, ар бирибиздин жүрөгүбүздү ыйманга, дасторконубузду нанга толтурсун!
Терең урматым менен,
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы Марат Аманкулов
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын 2015-жылдын 23-июлундагы №76 токтомунун жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусунун негизинде Бишкек шаардык кеңеш кошумча участкалык шайлоо комиссиялардын курамына документтерди кабыл алуу башталгандыгын жарыялайт.
Бишкек шаардык кеңеш кошумча участкалык шайлоо комиссиялардын курамына талапкерлерди көрсөтүү боюнча коомдук бирикмелерге жана шайлоочулардын чогулушуна кайрылат жана документтерди жана коомдук бирикмелер менен шайлоочулардын чогулуштарынын талапкерлерди көрсөтүү боюнча протоколдорун кабыл алуу 2015-жылдын 3-августунан 10-августуна чейин күнүгө саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин жүргүзүлөөрүн маалымдайт. Документ тапшыруу 2015-жылдын 10-августунда саат 18.00 дө аяктайт. Кабыл алуу Бишкек шаары, Чүй проспекти,166 дарегиндеги №212, 218 кабинеттерде жүргүзүлөт.
Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын атынан бардык айымдардарды 8 март аялдардын эл аралык күнү менен куттуктайм!
Чын жүрөктөн сиздерге кааларым , үй бүлөлүк бакыт,тынчтык, бекем ден-соолук!
Ар дайым сиздер жакындарыңыздардын камкордугунда бакубат өмүр сүрүшүңүздөргө тилектешмин.
Сиздерди урматтап , төрага
Марат Аманкулов