Жыйында Бишкек шаардык № 6 клиникалык оорукананын аймагында жайгашкан “Сезим” жана “Микрохирургия глаза” бейөкмөт уюмдары ээлеген жайлар боюнча маселе каралды.

Депутаттар тапшырмалардын өз убагында аткарылбагандыгын, маселелер боюнча толук эмес маалымат берилип жаткандыгын, ошондой эле, депутаттык суроо-талаптар, кайрылуу каттар жана тапшырмалар боюнча аткаруучулардын жоопкерчилигин жогорулатуу зарылдыгын белгилешти.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Русланбек Жакышовдун демилгеси менен Бишкек шаарынын Ленин районунун “Арча-Бешик” жаңы конушунун өспүрүм балдардын арасында футбол турнири өткөрүлдү.

Анда төмөнкү маселелер каралды:
- Регламент, этика жана укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын Бишкек шаары боюнча ИИББсынын ЖККБсы, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан берилген жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо жана шаардын кээ бир көчөлөрүнө жолчырак объекттерин орнотуу боюнча тапшырмаларынын аткарылышы.

Комиссиянын отуруму, Бишкек шаарындагы муниципалдык жайларды сарамжалдуу жана максаттуу пайдалануу, ошону менен катар, максаттуу эмес пайдалануудагы мектепке чейинки мекемелердин имараттары жана борбор калаадагы мектептердин жана медициналык мекемелердин ижарага берилген жайлары боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын маалыматын угуудан башталды.