Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында жаңы конуштарды өнүктүрүү перспективалары боюнча Бишкек шаарынын вице-мэрлеринин жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин маалыматтары угулду.

Кенен маалымат...

2019 - жылдын 1-ноябрында Бактыбек Абдиевдин төрагалыгында Бишкек шаардык кеңештин регламент, этика, укук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму болуп отту.

Комиссиянын отурумунда Бишкек шаарындагы экологиялык кырдаал, абанын булганышы, полиэтилен пакеттер боюнча маалыматы угулду.

Кенен маалымат...

Бүгүн, 2019-жылдын 31-октябрында, Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын көчмө жыйынында, туруктуу комиссиянын депутаттарынын, Бишкек шаардык кеңештин төрөгасынын орун басары Русланбек Жакышовдун, Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкуловдун жана Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын (ШТБ) иши тууралуу маалымат угулду.

Кенен маалымат...

2019-жылдын 30-октябрында № 79 орто мектебинин жыйындар залында Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Руслан Жакышов Ленин районунун “Арча-Бешик” конушунун тургундары менен жолугушту.

Жолугушууга Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин административдик району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысы Токтосун Султанов, шаардык жана райондук кызматтардын жетекчилери чакырылган.

Кенен маалымат...

Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык № 6 клиникалык оорукананын аймагында жайгашкан “Сезим” бейөкмөт уюму жана “Микрохирургия глаза” ээлеген жайлар боюнча маселе каралды. 

Кенен маалымат...