Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Руслан Жакышов тийиштүү шаардык кызматтардын катышуусу менен, Джал кичи районунун Ахунбаев көчөсүнүн №194 үйдүн жашоочуларынын кайрылган арызынын негизинде, Тыналиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн (түштүк-батыш тарабындагы) кесилишинде жайгашкан жер участогу боюнча көчмө жыйын уюштурду.
Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров жарандарды жеке кабыл алуусун өткөрдү.

Ленин районунун жалпы билим берүү мекемелеринин жаңы 2019-2020 окуу жылына болгон даярдыгы текшерилди.

Бүгүн, Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын жыйындар залында башчынын биринчи орун басары Чынасыл Чыныбаевдин төрагалыгынын алдында коллегиянын отуруму өттү.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов бүгүн Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлерин жана саламаттыкты сактоо кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлери күнү менен куттуктады.