2021-жылдын 3-декабрында Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачеванын келбей калгандыгына байланыштуу, күн тартибине киргизилген маселелерди кароо кийинкиге калтырылды.
Бүгүн, 2021-жылдын 3-декабрында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев Фучик көч., 16 дарегинде жайгашкан үйгө барды. Бул үйдүн 50%дан ашык жашоочулары угуу жана көрүү боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар.
Бүгүн дүйнө жүзү Эл аралык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүн белгилеп жатат. Бул майрам Кыргызстанда дагы белгиленүүдө.
2021-жылдын 3-декабрында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Токтосун Султанов «Оберег» реабилитациялык борборунун тарбиялануучулары жана мугалимдери тарабынан Кыргызстандагы майыптардын эл аралык күнүнө карата уюштурулган салтанаттуу майрамдык иш-чарага катышты.
Кымбаттуу достор,
Сизддерин кайраттуулугуңуздар, туруктуулугуңуздар жана оору-сыркоолорго карабай жашоодон ырахат алуу жөндөмүңүздөр чын жүрөктөн урмат-сый жана суктанууну жаратууда.


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

