Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
Бул жыйында Бишкек шаардык кенешинин төмөнкү токтом долбоорлору каралды:
- “Бишкек шаарынын Ардактуу жараны наамын ыйгаруу тууралуу” токтом долбоорун сессиянын кароосуна киргизүү чечими кабыл алынды;
- “Автотранспорттук каражатты муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө” токтом долбоорун сессиянын кароосуна киргизүү чечими кабыл алынды;
- “Бишкек шаардык кеңешинин транспорт чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоорун сессиянын кароосуна киргизүү чечими кабыл алынды;
- Бишкек шаардык кеңешинин  2021-жылдын 26-февралындагы №177 “2021-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоорун сессиянын кароосуна киргизүү чечими кабыл алынды;
- Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы №139 “Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долборлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоорун кийинки сессияга которуу жана талкууну улантуу чечими кабыл алынды.
Комиссиянын мүчөлөрү арыз ээлеринин жана жооптуу кызматтардын катышуусу менен жарандардын кайрылууларын жана туруктуу комиссия тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышы боюнча маселелерди кароону улантышты. Жыйындын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэриясына жана тийиштүү кызматтарга тапшырмалар берилди жана маселелер чечилгенге чейин комиссиянын контролунда калтырылды .