Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому” коомдук бирикмесинин окуучулары үчүн уюштурулган жаңы жылдык майрамга катышты. Кичинекей бөбөктөр үчүн Аяз ата менен Аяз кыздын катышуусунда театралдаштырылган оюн-зоок уюштурулуп, майрамдык маанай тартууланды.

Кенен маалымат...

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Бактыбек Абдиев “Өзгөчө кам көрүү” марафондун алкагында, Биринчи май районунун жеткинчектерин келе жаткан жаңы жыл менен куттуктады.

Кенен маалымат...

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгеси коюлган оор атлетика боюнча эл аралык мелдешке катышты.

Кенен маалымат...

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Руслан Шаршенбай уулу жана Эльмир Досалиев Бишкек шаардык кеңешинин салтына айланып калган, Жаңы жылдык “Өзгөчө кам көрүү” марафондун алкагында борбор калаабыздын Свердлов районунун кичинекей тургундары үчүн жаңы жылдык маанай тартуулашты.

Кенен маалымат...

Комиссиянын отурумунда Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын 2021-жылдын 10 айы үчүн иши, мектептерде жана мектепке чейинки мекемелерде балдардын тамактануусуна жергиликтүү бюджеттен бир күндүк нормативин көбөйтүү жөнүндө маалымат, ошондой эле “Аялзат” балалуу аялдарга жардам берүү борборунун иши жөнүндө маалымат угулду.

Кенен маалымат...