2022-жылдын 21-мартында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев Кызыл-Аскер районундагы Товарная-2, Кайназарова жана Фучик көчөсүнүн тургундары менен жолугушту.

Урматтуу биздин айымдар: апалар, эже-карындаштар жана коллегалар,
Бишкек шаардык кеңешинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди жаз майрамы – Аялдардын эл аралык күнү менен, чын жүрөктөн куттуктайм!

Бүгүн, 2022-жылдын 11-мартта Бишкек шаардык кеңештин Президиуму кезектеги VII сессиянын отурумун өткөрүүнү 2022-жылдын 23-мартына, 09-00гө белгиледи.
Ак калпак күнүңүздөр менен Бишкек шаардык кеңешинин атынан жана жеке өзүмдүн атыман чын дилимден куттуктайм!
Ак кар баскан Ала-Тоонун чокуларын чагылдырган улуттук баш кийимибиз кыргыз жигиттерине айбат, сүр берип, айкөлдүгүн көргөзүп, эң негизгиси Ак калпагы менен алар ар дайым бийик экенин даңазалап келет. Баарыбызда эле ушундай сезим пайда болсо керек, жапырт ак калпак кийген мырзаларды көргөндө, көкүрөктө мекенчил сезим күчөп, Кыргыз болуп жаралганыбызга сыймык артабыз!
Ак калпак кыргыздын тоого жакын, ниети ак, мүнөзү курч жана бийиктикте турган эл экенин сурөттөп келет. Касиети бийик калпактын кадыры да жогору жана ар дайым жогору бойдон калышына мен тилектешмин.
Тилибиз барда - улут бар, маданиятыбыз барда - келечек бар, ал эми ак калпак барда – кыргыз бар!
Урматым менен, Куванычбек Конгантиев