Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

  

 
    Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору!
    Сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан келе жаткан Жаңы 2023-жылыңыздар менен куттуктайм!
    Салт боюнча Жаңы жылды майрамдоо жакшылыкка болгон үмүт, келечекке ишеним менен байланышкан. Бул сонун майрамды белгилеп жатып, өткөн жылдагы бардык жакшылыктарды эстеп, келерки жылга жаңы умтулуулар менен киришиңиздерди каалайм.
    Шаарды  өнүктүрүүнүн кийинки перспективдүү багыттарында күч-аракеттерди бириктирүүгө мезгил жетти. Биз биргелешип сүйүктүү шаарыбыздын стабилдүү жана динамикалык өнүгүүсүн камсыздап, тынчтыкты сакташыбыз керек.
    Шаардын келечеги ар бирибиздин аракетибизден, натыйжалуу ишибизден көз каранды. Келе жаткан жыл баарыбыздын жакшы үмүтүбүздү, аракетибизди актай берсин.
    Келе жаткан 2023-жыл жашоочулар үчүн ийгиликтүү болуп, жетишкендиктерди көбөйтүп, өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенем.
    Ар бир кыргызстандыкка чың ден соолук, үй-бүлөлүк бейпилдик, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалайм! Жаңы жылда бардык кыялдарыңыз жана тилектериңиз орундалсын! Өлкөбүздө тынчтык, бакубатчылык болуп, Жаңы жылда бир гана жакшы өзгөрүүлөр болсун!
    Жаңы жылыңыздар менен!