Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Асылбек Акылбековдун төрагалыгы астында «Бишкекглавархитектура» ММсынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин, «Кадастр» мамлекеттик мекемеси Бишкек шаардык филиалынын ишмердүүлүгүнө жана көрсөткөн кызматтары менен байланышкан  маселелер каралды. Шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиев бүгүнкү күндө шаар тургундарынан жана ишкерлерден жогоруда аталган түзүмдөр тарабынан уруксаат берүүчү документтерди алууда көптөгөн кыйынчылыктар жаралып жаткандыгын, бир топ маселелерди чечүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтпөй, татаалдаштырып жаткандыгы боюнча көптөгөн даттануулар түшүп жаткандыгын белгиледи.  Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев уруксат берүүчү документтерди алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү, бул уюмдар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды оптималдаштыруу, Бишкек шаарынын мэриясынын ММБДсына караштуу иштеген комиссияларды кыскартуу үчүн укуктук актыны иштеп чыга турган, жарандарга жана бизнес өкүлдөрүнө документтерди алууну жеңилдете турган жумушчу комиссия түзүүнү сунуштады.

Мындан тышкары, борбордун аймагындагы кызыл сызыктарды оңдоп белгилөө маселелери көтөрүлдү. Жыйында өз убагында сызыктар оңдолуп белгиленген деталдуу пландоо долбоору кабыл алынгандыгы белгиленди. Бирок кийинчерээк аны жокко чыгарышкан. Мындан улам имараттарды, үйлөрдү куруу долбоорлоруна буйрутма берген адамдар кыйын абалда калышты. Шаардык кеңештин төрагасы БГАга кыска мөөнөттө табыштама киргизүүнү жана борбордун аймагында кызыл сызыкты оңдоп белгилөөнү сунуштады.

Бишкек шаарынын Башкы планына жана токтотмолорду уюштуруу, жарнама иши менен байланышкан  башка маселелер туруктуу комиссиянын кийинки жыйынынын кароосуна которулду.