Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм! 
Прокуратура Мыйзамдын үстөмдүгүн, мыйзамдуулуктун биримдүүлүгүн жана чыңдалышын, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында маанилүү мамлекеттик институттардын бири болуп саналат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөө да жүктөлгөн.
Сиздерге шаар жана бүтүндөй өлкө үчүн бирдиктүү укуктук мейкиндикти камсыз кылуунун эң татаал милдети жүктөлгөң.   Кылмыштуулук, коррупция менен күрөшүүдө, кызматтык жана экономикалык кылмыштарды аныктоодо жана бөгөт коюуда прокуратуранын ролу чоң.
Кыргызстандын прокуратура органдарынын кызматкерлери ар дайым компетенттүүлүгү, кеңири укуктук эрудициясы жана турмуштун бардык чөйрөлөрүндө мыйзамды сактоо маселелеринде принциптерди кармангандыгы менен айырмаланып келишкен.
Шаардык муниципалитетке Бишкек шаарынын кызыкчылыгы үчүн маанилүү маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтүп жаткан шаардык прокуратуранын кызматкерлерин өзгөчө белгилегим келет.
Ал эми биринчи кезекте Бишкек шаарынын тургундарынын мыйзамга жана адилеттүүлүккө болгон ишеними сиздердин ишиңиздердин эффективдүүлүгүнөн көз каранды.
Сиздердин жогорку кесипкөйлүгүңүз жана кызматка берилгендигиңиз үчүн ыраазычылык билдирем.
Сиздерге чын дилимден бекем ден соолук, бакубатчылык, шаарыбыздын жана өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!