Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Опубликовано 03.07.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 25-июнуна № 39

 

 

Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык саламаттык

сактоо башкармалыгынын автобазасы мекемесинин

автотранспорт каражаттарын мамлекеттик менчикке

акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

 

 

Колдонуудагы кыймылсыз мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына  жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын  31-январындагы № 31-т тескемесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын автобазасы” мекемесинин тиркемеге ылайык автотранспорт каражаттарын мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн жана Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                        Б. Усеналиев

 

Тиркеме (docx. 44kb)

Опубликовано 03.07.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 25-июнуна № 37

 

 

Бишкек шаарынын мэриясына 124 жүргүнчү ташуучу автобусту күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын    28-июлундагы № 399-т тескемесин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Бишкек шаарынын мэриясынын ортосунда түзүлгөн   2022-жылдын 28-ноябрындагы № 19-04-01/130 Субкредиттик макулдашууну аткаруу максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына  ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаарынын мэриясына тиркемеге ылайык “Golden Dragon” маркасындагы 124 жүргүнчү ташуучу автобусту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондуна күрөөгө коюуга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага                                                                                        Б. Усеналиев

 

Тиркеме (docx. 37kb)

12.05.2025 -ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2025-жылдын 12-майындагы № 32

 

Оюн-зоок сейил багынын долбоорун жана кошумча ижарага берилүүгө тийиш болгон объекттердин өзгөчө тизмегин макулдашуу жөнүндө

 

Жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 28 «Бишкек шаарында көңүл ачуу сейилбагын куруу жана иштетүү маселелери жөнүндө» токтомун эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын Жайыл Баатыр жана Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишиндеги оюн-зоок сейил багынын долбоору жана кошумча ижарага берилүүгө тийиш болгон объекттердин өзгөчө тизмеги тиркемеге ылайык макулдашылсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (Джунушалиев А. Дж.) жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                         Б. Усеналиев

 

Тиркеме (pdf. 928kb)

12.05.2025 -ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2025-жылдын 12-майындагы № 31

Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 3 “Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” Мыйзамдарынын, Бишкек шаардык кеңешинин Регламентинин негизинде жана “Эмгек” фракциясынын демилгеси боюнча, Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын алтынчы сессиясынын эсептөө комиссиясынын төрагасынын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары Ибрагимов Болот Адылбековичти чакырып алуу маселеси боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматын угуп, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары Ибрагимов Болот Адылбекович  кызматынан чакырылып алынсын.

 

  1. 2024-жылдын 2-декабрындагы № 3 “Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизилип,  2-пунктунан төмөнкү сөздөр алынып салынсын:

“Ибрагимов Болот Адылбекович Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары болуп шайлансын”.

 

  1. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

 

Төрага                                                                                                                Б. Усеналиев

24.04.2025 -ж. жарыяланды

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2025-жылдын 18-апрелиндеги № 30

Бишкек шаардык кенешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 25 “Муниципалдык турак жайларды мамлекеттик менчикке акысыз ээликтен ажыратууга макулдук берүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу                                       

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Муниципалдык мүлккө менчик жөнүндө” мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңешинин регламентине ылайык, Бишкек шаарынын мэри А. Дж. Джунушалиевдин кайрылуусунун (2025-жылдын 4-апрелиндеги чыг. № 20-13/335) негизинде Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кенешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 25 “Муниципалдык турак жайларды мамлекеттик менчикке акысыз ээликтен ажыратууга макулдук берүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

расмий тилдеги тиркемеси “Перечень жилых помещений” деген аталыш менен толукталсын;

мамлекеттик тилдеги тиркемесиндеги “Жалпы аянты” деген сөздөр “Долбоордук аянты” деген сөздөргө алмаштырылсын.  

      2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (Джунушалиев А. Дж.) жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                              Б. Б. Усеналиев