24.04.2025 -ж. жарыяланды
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-апрелиндеги № 26
Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы № 7 “Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Бишкек шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чепеев Калыбек Чепеевич Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп бекитилсин.
2. 2024-жылдын 23-декабрындагы №7 “Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-пункттун 2-абзацындагы “Эргешов Казыбек Кочкорович” деген сөздөр “Чепеев Калыбек Чепеевич” деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Төрага Б. Усеналиев