24.04.2025 -ж. жарыяланды
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-апрелиндеги № 28
Бишкек шаарында көңүл ачуу сейилбагын
куруу жана иштетүү маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” жана “Муниципалдык мүлккө менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын мэриясына төмөнкүлөргө укук берилсин:
мыйзам тарабынан белгиленген тартипте “Евразия Кей Джи” коомдук фонду менен Бишкек шаарынын Жайыл Баатыр жана Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишинде көңүл ачуу сейилбагын куруу жана аны иштетүү жөнүндө келишимдерди/макулдашууларды түзүүгө;
ага принципиалдуу жана принципиалдуу эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгү менен келишимдерге/макулдашууларга кол коюуга.
2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.
3. Бишкек шаарынын мэриясы:
макулдашууга кол койгонго чейин макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган сейилбактын жумушчу долбоорун бекитсин;
субарендага берилүүчү курулмалардын, конструкциялардын, чакан архитектуралык формалардын жана башкалардын өзгөчө тизмегин бекитсин, ушул тизмек макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелсин;
жогоруда белгиленген документтерди Бишкек шаардык кеңеши менен макулдашсын.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (Джунушалиев А. Дж.) жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы Б. Б. Усеналиев