Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Опубликовано 03.07.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 25-июнуна № 38

 

«Таза асман - 2030» концепциясын бекитүү жөнүндө»

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 26-майындагы № 30 токтому менен бекитилген «Бишкек-2026. Көрктөндүрүлгөн жана жашыл борбор шаар» Бишкек шаарын өнүктүрүү программасында каралган тышкы колдонуудагы коммуникациялык тармактарды жер астына жайгаштыруу жолу менен шаарды эстетикалык өзгөртүү максатында, «Борбордун статусу жөнүндө» жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. «Таза асман - 2030» концепциясы (мындан ары - Концепция) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.. Бишкек шаарынын мэриясы:

бир айлык мөөнөттө Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын (мындан ары – Иш-чаралар планы) иштеп чыксын жана бекитсин;

жер астындагы кабелдик канализациянын курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүлө турган көчөлөрдүн тизмегин бекитсин;

Иш-чаралар планын каржылоо тиешелүү бюджеттик жылга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырыла тургандыгын белгилесин.

3..Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

 

 

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                                                 Б. Усеналиев

 

Тиркеме (docx. 35kb)

Опубликовано 03.07.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 25-июнуна № 48

 

 

Чүй областынын Аламүдүн районунун Байтик Баатыр

айыл аймагында жайгашкан питомникти мамлекеттин менчигине акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

 

 

Жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамындарына ылайык, Кыргыз Республикасынын  Президентинин  Чүй  областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 01-12/503 катын эске алып,  Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй областы, Аламүдүн району, Таш-Дөбө айыл аймагы, Чоң Таш айылы дарегинде жайгашкан жалпы аянты 3,7 га, идентификациялык коддору: 7-01-16-0015-0217, 7-01-16-0015-0218, 7-01-16-0015-0219, 7-01-16-0015-0220, 7-01-16-0015-0221, 7-01-16-0015-0022, 7-01-16-0015-0023, 7-01-16-0015-0224 тийиштүү жер участоктору жана турак эмес жайлары менен питомникти мамлекеттин менчигине акысыз ажыратууга макулдук берилсин.

 

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте:

ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырсын;

муниципалдык менчик объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүү киргизсин.

 

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына   жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                                Б. Усеналиев

Опубликовано 03.07.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 25-июнуна № 35

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 96 Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна тоорук өткөрүүсүз ижара укуктарын акысыз берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңешинин регламентине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 96 “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна тоорук өткөрүүсүз ижара укуктарын акысыз берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунуну 1-тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

38-пункттун 1-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: “5-пункттун а) пунктчасы үчүн ижара акысы Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын   14-январындагы № 141 “Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шарттарында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 4-тиркемесине ылайык белгиленет.”.

2. Бишкек шаардык мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                                Б. Усеналиев

Опубликовано 03.07.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 25-июнуна № 45

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы

№ 150 «Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү

эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү

киргизүү тууралуу

 

Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү эрежелерин жакшыртуу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы № 150 «Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү эрежелеринде:

59-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1) Бишкек шаарынын аймагында өз иш-аракеттерин жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде жеке турак үйлөрдүн, көп батирлүү турак үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайлардын ээлери КТКны саат 18:00дөн саат 24:00гө чейин алып чыгууга милдеттүү.»;

67-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Контейнердик аянтчаларга жана аларга түздөн-түз жакын аймактарга таштандыны (күл, дарактардын бутактары, кургак чөп жана башка буюмдар)  таштоого жана үйүп салууга тыюу салынат.».

77-пунктундагы «кум» деген сөздөн кийин «, реагенттерди» деген сөз менен толукталсын.

162-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«162. Топуракты, таштандыны, чачылма курулуш материалдарын, жеңил тараларды, жалбырактарды, чөп чабындыларын, күлдү, бактардын таарындыларын брезент же жолду булгаганга жол бербеген башка материалдар менен жаппай туруп ташууга тыюу салынат.

Бишкек шаарынын аймагында 07:00 дөн 10:00 гө чейинки эртең мененки кыймыл күчөгөн сааттарда N2, N3 категориядагы жүк ташуучу транспорт каражаттарынын жана O2, O3 жана O4 категориядагы прицептердин кыймылына тыюу салынат. Товарларды жана жүктөрдү жүктөө жана түшүрүү атайын бөлүнгөн аянтчаларда жүргүзүлүшү керек, эгерде алар соода жайларында болсо, кыймылга тоскоолдук кылбоого тийиш. Азык-түлүк коопсуздук деңгээлин баалоо үчүн негизги продукт болуп саналган товарларды, тез бузулуучу товарларды, тамак-аш продукциясынын товарларын жана медициналык товарларды, ошондой эле атайын кызматтардын (өрт кызматы, медициналык тез жардам, авариялык- куткаруу кызматы, укук коргоо органдары, коммуналдык, муниципалдык, мамлекеттик кызматтар, куралдуу күчтөрдүн транспорттук каражаттары жана коопсуздукту, тартипти жана шаардын жашоо-тиричилигин камсыздаган башка кызматтар) товарларын жана жүктөрүн ташыган транспорт каражаттарына гана тыюу салынбайт. Соода тармактарына кирген жана атайын бөлүнгөн аянтчалары бар соода түйүндөрүнө товарларды жеткирүү, ушул пунктта көрсөтүлгөн чектөөлөрдү эске албастан жүргүзүлөт.».

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                                                 Б. Усеналиев

 

 

 

Опубликовано 03.07.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 25-июнуна № 34

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 60

“Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңешинин регламентине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

                           

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 60 “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун тиркемесине төмөнкү толуктоолор киргизилсин:

53-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: “Рыноктук ижара акысы менен мүлктүк комплекстерге (сейилбак) жана спорт залдары ижаралоо келишими 10 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө түзүлөт.”;

55-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: “Комиссия, мүлктүк комплекстин (сейилбак) же спорт залы ижарачысынын арызына ылайык, ижара келишиминин мөөнөтүн бирдей мөөнөткө узартууга укуктуу, бул учурда ижара акысынын наркы акыркы 5 жылдын инфляциясына ылайык көтөрүлүүгө тийиш, ошондой эле ижарачы 10 жылдан 15 жылга чейинки узартуу мөөнөтүнө ижара акысын аванс түрүндө төлөөгө даяр болсо ижарачыга келишиминин мөөнөтүн инфляцияны эсепке албай жана жалпысынан ижара акысын жогорулатпай 10 жылдан 15 жылга узарта алат.”.

 

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

 

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                                Б. Усеналиев