24.04.2025 -ж. жарыяланды
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-апрелиндеги № 27
Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы №6 “Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Бишкек шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңешинин “Жаңы күч – Новая сила”, “Эмгек” фракцияларынын чечимдеринин жана каттарынын, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 25-марттын №4, №5 чечимдеринин негизинде, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарынан төмөнкүлөр чыгарылсын:
1) турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынан:
Жумалиев Чынгыз Зайнидинович – “Жаңы күч – Новая сила” фракциясынын мүчөсүн;
2) Бишкек шаарынын жаңы кошулган аймактарын жакшыртуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынан:
Мусагул уулу Амантур – “Эмгек” фракциясынын мүчөсүн;
3) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынан:
Суракматов Айдар Азизович – “Жаңы күч – Новая сила” фракциясынын мүчөсүн.
2. Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарына төмөнкүлөр киргизилсин:
1) социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына:
Улугбеков Алмазбек Улугбекович – “Жаңы күч – Новая сила” фракциясынын мүчөсү;
2) Бишкек шаарынын жаңы кошулган аймактарын жакшыртуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына:
Майрамбек уулу Сыргак – “Эмгек” фракциясынын мүчөсү;
3) турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына:
Суракматов Айдар Азизович – “Жаңы күч – Новая сила” фракциясынын мүчөсү.
3. Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы №6 «Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө» токтомунун тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) 3-пункт төмөнкү мазмундагы 4-сап менен толукталсын:
“4. Улугбеков Алмазбек Улугбекович – “Жаңы күч – Новая сила” фракциясынын мүчөсү”;
2) 5-пункттун 4-сабындагы “Жумалиев Чынгыз Зайнидинович” деген сөздөр “Суракматов Айдар Азизович” деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 7-пункттун 5-сабындагы “Мусагул уулу Амантур” деген сөздөр “Майрамбек уулу Сыргак” деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 6-пункттун 4-сабы алынып салынсын жана кийинки саптардын номерлөөсү ылайыка келтирилсин.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы Б. Усеналиев