БШКнын кабылдамасы
61-02-07
Жалпы бөлүм
61-20-88, 61-04-32
Бишкек шаардык кеңешинин маалыматтык борбору
Тел.: +996 (312) 61-17-51
Дареги: Чуй проспекти, 166 (кабинет 209)
Электрондук дарек: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
Бишкек шаары – бул Кыргыз Республикасынын борбору, анын саясый, экономикалык, илимий жана маданий борбору, башкы транспорттук түйүн. Аймагынын аянты – 160 чарчы метр, калкы – 1 млн. адамдан ашык.
Бишкек шаары – бул республиканын мамлекеттик бийликтин жогорку органдары, чет өлкөлүк мамлекеттердин элчиликтери жайгашкан орун.
Бишкекте Кыргызстандын бардык өнөр жайынын көпчүлүк бөлүгү жайгашкан. Өнөр жайдын абдан интенсивдүү өнүккөн тармактары болуп машина куруу, текстиль, курулуш материалдар өндүрүшү жана тамак - аш өнөр жайы саналат.
1917-жылдын март айында Солдаттар жана жумушчулар депутаттарынын Пишпек совети түзүлгөн.
1918-жылдын 1-январында Совет төрагасын шайлоо болду. Төрага болуп Г. И. Швец-Базарный шайланган.
1925-жылдын 5-февралында Пишпек шаардык советинде шайлоо өткөрүлгөн. Пишпек шаардык советинин биринчи отуруму 1926-жылы 14-январында өткөрүлгөн. Советтин курамына 117 депутат жана 50 талапкер шайланды; 48 коммунист; 19 аял. 1982-жылы 18-чакырылыштын шаардык советтин курамына 445 депутат шайланган. Шаардык совет 4 райондук советтин: Ленин райондук, Биринчи май райондук, Октябрь райондук жана Свердлов райондук иштерин жетектейт.
Фрунзе шаардык совети Солдаттар жана жумушчулар депутаттарынын Пишпек советинен келип чыккан.
Эл депутаттарынын Фрунзе (Бишкек) шаардык совети, Фрунзедеги мамлекеттик бийлик органы (1977-жылдын октябрь айына чейин – Депутаттардын, эмгекчилердин Фрунзе шаардык совети). Жашыруун добуш берүүдө жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде 2,5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 2-апрелиндеги № ПЖ-122 Жарлыгына ылайык жана Бишкек шаардык кеңештинмамлекеттик администрациянын 1992-жылдын 6-апрелиндеги №1 токтомунун негизинде Бишкек шаардык кеңеш (Депутаттардын Бишкек шаардык кеңеши) Эл депутаттардын Фрунзе шаардык советинин ишин улантуучу болуп саналат. 4 жылдык мөөнөткө шайланат.
1995-жылдан тартып Бишкек шаардык кеңеш банкта өзүнүн эсеби, өзүнүн түзүмү бар өз алдынча, көз карандысыз уюм катары иштейт.
Бишкек шаардык кеңеш - мыйзам тарабынан белгиленген тартипте шаардык жамаат тарабынан түздөн-түз шайлануучу жана өз иш-аракетин коллегиалдуу негизде жүзөгө ашыруучу, шаардык өз алдынча башкаруусунун шайлануучу өкүлчүлүк орган.
Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктар мөөнөтү – 5 жыл.
Бишкек шаардык кеңештин сандык курамы – 51 депутат.
Сессия - шаардык кеңештин жогорку органы болуп саналат.
Бишкек шаардык кеңештин депутаттары партиялык тизменин негизинде түзүлө турган жана Бишкек шаардык кеңеш тарабынан каттала турган депутаттык фракцияларга биригишет.
Бишкек шаардык кеңештин жетекчилиги төрагадан жана төраганын орун басарынан турат.
Бишкек шаардык кеңештин жетекчилиги төрагасы жана төраганын орун басары сессияда депутаттарынын ичинен жашыруун добуш берүү менен Бишкек шаардык кеңештин ыйгарым укуктар мөөнөтүнө шайланат.
Бишкек шаардык кеңеш өзүнүн компетенциясынын чектеринде токтом түрүндө чечим кабыл алат.
Бишкек шаардык кеңештин токтому шаардын аймагында турган менчиктин түрүнө карабастан бардык ишканалар, мекемелер, уюмдар, кызмат адамдар жана жарандар тарабынан аткарылууга милдеттүү.
Уюштуруу иши бөлүмүнүн жетектөөчү адиси (М-А) - 1 бирдик.
Кесиптик билим деңгээли:
- жогорку же кандай болбосун профилдеги орто кесиптик билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
- иш стажына талап коюлбайт.
Билүү:
-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү зарыл.
Билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө;
Көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды (Windows,Word, Excel, “Токтом Мамлекет Про” маалыматтык-укуктук системаны) колдоно билүү.
Экономика, бюджет жана финансы боюнча бөлүмдүн адиси (М-Б) - 1 бирдик.
Кесиптик билим деңгээли:
- жогорку же орто кесиптик экономикалык же финансылык билим.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
- иш стажына талап коюлбайт.
Билүү:
-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү зарыл.
Билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө;
Көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды (Windows, Word, Excel, Power Point, “Токтом Мамлекет Про” маалыматтык-укуктук системаны) колдоно билүү.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер кабыл алынат:
Конкурс боюнча маалыматты Бишкек шаардык кеңештин сайтынан www.gorkenesh.kg жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын сайтынан www.mkk.gov.kg дагы таба аласыздар.
Документтер 2019-жылдын 23-июлунан тартып 5-августун кошуп алганга чейин, (дем алыш күндөрүнөн тышкары), саат 9.00дөн 18.00гө чейин (тыныгуу убактысы 12.00дон 13.00го чейин) Бишкек шаары, Чүй проспектиси 166 дареги боюнча Бишкек шаардык кеңеште №214 кабинетте кабыл алынат. Сурап билүү телефону 62-26-27.
Эскертүү: Конкурска мындан ары катышуу үчүн коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана даректери так көрсөтүлүүсү зарыл.