Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2022-жыл 29-июнь № 39

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 138 “Бишкек шаарында тоорук өткөрбөстөн ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга кошумча жер участокторду берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы  № 138 “Бишкек шаарында тоорук өткөрбөстөн ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга кошумча жер участокторду берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр  жана толуктоолор киргизилсин:

а)  киришмедеги “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” сөздөр “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” создөр менен алмаштырылсын;

б) 2-пунктун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

в) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

 

2. Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бишкек шаарында тоорук өткөрбөстөн ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга кошумча жер участокторду берүү тартиби жөнүндө жобого:

а) 3-пунктта:

8-абзацтагы “жер пайдалануу жана куруу эрежелеринде” деген сөздөр алып салынсын;

29-абзацтагы “жана жер пайдалануу жана куруу эрежелерине,” деген сөздөр алып салынсын;

33-абзацтагы “берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү” деген сөздөр “берилген аймактык орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

38-абзацтагы “жана жер пайдалануу жана курулуш эрежелерине” деген сөздөр алып салынсын;

б) 5-пункт:

а) кичи пупктундагы “жана өтүү жолдорун” деген сөздөр” “, өтүү жолдорун жана тосмолорду” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

6, 7, 8, 9, 10-абзацтар алып салынсын;

в) 6-пункт  төмөнкү мазмундагы 2-абзац менен толукталсын:

“Курулуш объектине жанаша жайгашкан жер участок шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат жана Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарына ылайык милдеттүү кошумча көрктөндүрүү зонасы болуп эсептелинет.”;

г) 7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

“7. Үй алдындагы жер участокту жол-жоблоштуруусуз жана турак жана турак эмес жайлардын бардык менчик ээлеринин макулдугун алуусуз көп батирлүү турак үйдөрдө кирүүчү тобун же кошумча курулма куруу үчүн жер участокту берүүгө жол берилбейт.”;

д) 11-пункттун 2-абзацындагы “жана жер пайдалануу жана куруу эрежелерине” деген сөздөр алып салынсын;

е) 12-пункттагы “жана жер пайдалануу жана куруу эрежелерине” деген сөздөр алып салынсын;

ж) 20-пунктта:

12-абзацтагы “, ошондой эле жер пайдалануу жана куруу эрежелерине ылайык келиши” деген сөздөр алып салынсын;

21-абзацтагы “2 жыл” деген сөздөр “3 жыл” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

з) 36-пункт  төмөнкү мазмундагы 2-абзац менен толукталсын:

“Ижара төлөмдөрүн эсептөө Бишкек шаардык Кеңешинин  2020-жылдын 14-январындагы № 141 “Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген эсептөөлөргө ылайык жүргүзүлөт.”;

и) 42-пункттагы төмөнкү редакцияда берилсин:

“42. Жер участокторуна пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүдөн түшүүчү каражаттар шаардык бюджетке түшөт.”;

к) 43-пункт күчүн жоготту деп табылсын.

 

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык менчик маселесин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасынын орун басары                                                          Ж. А. Абдраимов