Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

30.12.2024 -ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2024-жылдын 23-декабрь № 6

Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамдарын жана Бишкек шаардык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын курамдары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:

2021-жылдын 30-июлундагы № 3 «XXVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө»;

2022-жылдын 5- апрелиндагы № 20 «XXVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 «Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө» токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»;

2022-жылдын 29-июнундагы № 43 «XXVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 «Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө» токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»;

2022-жылдын 16-декабрындагы № 59 «Уюштуруу маселелери боюнча Бишкек шаардык кеңешинин кээ бир токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү»;

2023-жылдын 31-январындагы № 64 «XXVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 «Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө» токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»;

2023-жылдын 16-мартындагы № 71 «XXVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 «Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө» токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»;

2023-жылдын 30-майындагы № 88 «XXVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 «Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө» токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»;

2023-жылдын 27-декабрындагы № 97 «XXVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 «Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө» токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө».

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Бишкек шаардык
Кеңешинин төрагасы                                                                        Б.Усеналиев        

30.12.2024 -ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2024-жылдын 23-декабрь № 5

Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы №2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү  киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамдарына жана Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы  № 2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентине ылайык регламенттин нормаларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1)      1-пункттун 11-подпункту төмөнкү абзац менен толукталсын:

«Фракциялардын коалициясы» (мындан ары – коалиция) коалицияга биригүү үчүн каалоосун билдирген жана Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында фракциянын коалициясын түзгөндүгү жөнүндө жарыялаган фракциялардын ыктыярдуу бирикмеси болуп эсептелет.»

2) 38 - пунктта:

-     2- абзацта «тийиш» деген сөздөн кийин «регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиядан башка» деген сөздөр менен толукталсын;  

-   4-абзац төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен алмаштырылсын:

« Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын курамына ар бир фракциядан бирден  депутат кириш керек. » 

3)  42-пунктта:

- тиешелүү жөндөмдөгү «орун басары» деген сөздөр тиешелүү жөндөмдөгү  «орун басарлары» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- «төрагасын жана» деген сөздөрдөн кийин «экиден ашык эмес» деген сөздөр менен толукталсын.

4)  43, 44 пункттарда тиешелүү жөндөмдөгү «орун басары» деген сөздөр тиешелүү жөндөмдөгү «орун басарлары»  деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2.  Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3.      Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

          

Бишкек шаардык кеңешинин
Төрагасы                                                                                                Б.Усеналиев

06.12.2024 -ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жыл 2-декабры № 3

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамдарынын жана Бишкек шаардык кеңешинин регламентинин негизинде, Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырлышынын биринчи сессиясынын эсптөө комиссяисынын төрагасынын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматын угуп,  Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Абдраимов Жылдызбек Асанкулович Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын төрагасынын штаттык ырааттамасына ылайык орун басары болуп шайлансын.

2. Ибрагимов Болот Адылбекович Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары болуп шайлансын.

3. Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 35 “Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары шайлоо жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

Төрага                                                                                 Б. Б. Усеналиев

06.12.2024 -ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жыл 2-декабры № 4

Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 3 «Бишкек шаардык кеңешинин түзүмун бекитүү жөнүндө» токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү  жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө» мыйзамдарын жана Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы  № 2 «Бишкек шаардык кеңешинин регламенти жөнүндө» токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып,  Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 3 «Бишкек шаардык кеңешинин түзүмун бекитүү жөнүндө» токтомунун  тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

         2-саптагы «орун басар» деген сөздөр «орун басарлар» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

         3-сап төмөнкү сөздөр менен толукталсын: «Бишкек шаарынын жаңы кошулган аймактарын жакшыртуу маселелери боюнча туруктуу комиссия» деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.  

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Сессияда төрагалык кылуучу,  
Бишкек шаардык кеңешинин
“Эмгек” фракциясынан депутат                                               Л. Акунова

06.12.2024 -ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2024-жыл 2-декабры № 2

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамдарынын жана Бишкек шаардык кеңешинин регламентинин негизинде, Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырлышынын биринчи сессиясынын эсптөө комиссяисынын төрагасынын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматын угуп,  Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Усеналиев Бекжан Бактыбекович Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын төрагасы болуп шайлансын.

2. Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 1 “Бишкек шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

Сессияда төрагалык кылуучу,
Бишкек шаардык кеңешинин
«Эмгек
» фракциясынан депутат                                                        Л. Акунова