Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

          БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2023-жыл 31- январь № 65

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 4 “ХХVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуукомиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын,  Бишкек шаардык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Усеналиев Бекжан Бактыбекович бекитилсин.

 

  1. Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 4 “ХХVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесинин 4-пунктунун 2-абзацындагы “ Акылбеков Асылбек Акылбекович” деген сөздөр “Усеналиев Бекжан Бактыбекович” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

 

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы         

 

 

 

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2023-жыл 31- январь № 64

Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы №3 “ХХVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуукомиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын,   Бишкек шаардык кеңешинин регламентин, Бишкек шаардык кеңешинин “Эмгек”, “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним” фракцияларынын каттарынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Төмөнкү Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарынан төмөнкүлөр чыгарылсын:

турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынан Чалов Ильяз Алмазович - “Эмгек” фракциясынын мүчөсү;

турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынан Токтогулов Максат Сарылбекович - “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү;

муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынан Акылбеков Асылбек Акылбекович - “Ишеним” фракциясынын мүчөсү.

  1. Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:

Чалов Ильяз Алмазович - “Эмгек” фракциясынын мүчөсү;

Токтогулов Максат Сарылбекович - “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү;

Акылбеков Асылбек Акылбекович - “Ишеним” фракциясынын мүчөсү.

 

3. Бишкек шаардык кеңештин 2021-жылдын 30-июлундагы №3 “ХХVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

а) 2-пункт төмөнкү мазмундагы 9, 10, 11-саптар менен толукталсын:

9. Чалов Ильяз Алмазович - “Эмгек” фракциясынын мүчөсү;

10. Токтогулов Максат Сарылбекович - “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү;

11. Акылбеков Асылбек Акылбекович - “Ишеним” фракциясынын мүчөсү.

а) 4-пукттун 5-сабы алынып салынсын;

б) 5-пукттун 2,4--саптары алынып салынсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы         

 

 

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2022-жыл 16-декабрь № 61

Бишкек шаарында жер укук мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Ресрубликасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Т. Б. Усубалиевдин маалыматын угуп, Бишкек шаарындагы муниципалдык менчикти натыйжалуу пайдалануу механизмин иштеп чыгуу,  Бишкек шаарынын муниципалдык менчигин тескөөнүн жана башкаруунун бирдиктүү тартибин белгилөө максатында, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаарынын мэриясы:

тийиштүү жобону иштеп чыкканга жана бекиткенге чейин Бишкек шаарынын муниципалдык менчигин мамлекеттик менчикке же мамлекеттик мекемелерге, ишканаларга жана уюмдарга өткөрүп берүүнүн жана берүүнүн жол-жоболоштуруу процедурасын токтото турсун;

бир айлык мөөнөттө муниципалдык менчикти башкаруу жана тескөө, Бишкек шаарынын муниципалдык мүлкүн мамлекеттик менчикке жана мамлекеттик мекемелерге, ишканаларга жана уюмдарга укуктарды берүү жана өткөрүп берүү  тартиби тууралуу жобону иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын бекитүүсүнө киргизсин.

 

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Бишкек шаардык кеңеши тарабынан тийиштүү жобо бекитилгенге чейин Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине тиешелүү мамлекеттик мекемелер, ишканалар жана уюмдар үчүн тийиштүү документтерди даярдоо жана жол-жоболоштуруу процедурасын токтото турсун.

 

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын мэринин орун басары жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасынын милдетин убактылуу
аткаруучу                                                                                 Ж. А. Абдраимов

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2022-жыл 16-декабрь № 62

 

Бишкек шаарындагы жаңы сейилбакка “Байтик Баатыр Канай уулу сейилбагы” аталышын берүү жөнүндө

 

Шаардыктардын жана борбор шаардын меймандарынын эс алуусун уюштуруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына  ылайык,  2022-жылдын 16-июнундагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинде болгон кеңешменин № 18-2545 “Тарыхый инсан Байтик Канай уулунун туулган күнүнүн 200 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү жөнүндө” протоколун, 2022-жылдын 29-июлундагы Бишкек шаарындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын жыйынынын № 3 протоколун эске алып, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Тиркелген чиймеге ылайык, Бишкек шаарындагы Байтик Баатыр көчөсүнүн жана Аалы Токомбаев проспектинин кесилишинде жайгашкан жаңы сейилбакка “Байтик Баатыр Канай уулу сейилбагы” аталышы берилсин.

 

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси эсепке алуу, инвентаризациялык маалыматтарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

 

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына, Бишкек шаарынын транспорт, курулуш жана архитектура маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын мэринин орун басары жүктөлсүн.

 

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасынын милдетин убактылуу
аткаруучу                                                                               Ж. А. Абдраимов

 

Схема (pdf. 407 kb)

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

 

2022-жыл 16-декабрь № 59

 

Уюштуруу маселелери боюнча Бишкек шаардык кеңешинин кээ бир токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын,  Бишкек шаардык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңешинин “Эмгек”, “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларынын каттарынын, Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелери жана укук тартиби боюнча, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларынын чечимдеринин негизинде, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү туруктуу комиссияларынын курамдарынан төмөнкүлөр чыгарылсын:

регламент, этика, укуктук маселелери жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиядан Акунова Лира Акуновна -  “Эмгек” фракциясынын мүчөсү;

социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиядан Асанбеков Жаныбек Асанбекович – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү.

 

  1. Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү туруктуу комиссияларынын курамдарына төмөнкүлөр киргизилсин:

муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссияга Асанбеков Жаныбек Асанбекович -  “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссияга Акунова Лира Акуновна -  “Эмгек” фракциясынын мүчөсү.

 

  1. Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 “ХХVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

а) 1-пункттун 2-сабы алынып салынсын жана саптарды номерлөө ылайык келтирилсин;

б) 3-пункттун 6-сабы алынып салынсын;

в) 4-пункт төмөнкү мазмундагы 8-сап менен толукталсын:

“Асанбеков Жаныбек Асанбекович – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү”;

г) 6-пункт төмөнкү мазмундагы 5-сап менен толукталсын:

“Акунова Лира Акуновна -  “Эмгек” фракциясынын мүчөсү”;

д) мамлекеттик тилдеги текстте 1-пункттун 7-сабындагы “Эрмурза” деген сөз “Эрмырза” деген сөз менен алмаштырылсын.

 

  1. Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 43 “Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 “ХХVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтомуна мамлекеттик тилде төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

а) 2-пункттагы:

“жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын” деген сөздөр “регламент, этика, укуктук маселелери жана укук тартиби боюнча” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

“Эрмурза” деген сөз “Эрмырза” деген сөз менен алмаштырылсын.

 

б) 3-пункттагы:

2-абзацтагы “в)” деген тамга жана белги 2-абзацта “а)” деген тамга жана белги менен алмаштырылсын;

5-абзацтагы “Эрмурза” деген сөз “Эрмырза” деген сөз менен алмаштырылсын.

 

  1. Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 4 “Бишкек шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

а) 1-пункттун 3-абзацындагы “Акунова Лира Акуновна” деген сөздөр “Давыдов Эрмырза Давыдович” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

 

б) 3-пункттун 2-абзацындагы “Асанбеков Жаныбек Асанбекович” деген сөздөр “Кенжебаева Светлана Козубаевна” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

  1. Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 35 “Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө” токтомунун 4-пунктундагы “июнундагы” деген сөз “июлундагы” деген сөз менен алмаштырылсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

 

 

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасынын
убактылуу милдетин аткаруучу                                        Ж. А. Абдраимов