Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

26.04.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2024-жыл 25-апрель № 124

Пилоттук режимде Бишкек шаарында административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн алкагында ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 «Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 «Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Пилоттук режимде Бишкек шаарында административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде административдик-аймактык реформанын жыйынтыктарын мыйзам менен бекемдөөгө чейин  Бишкек шаарынын мэрине төмөнкүлөрдү бекитүү ыйгарым укуктары өткөрүлүп бериле тургандыгы белгиленсин:

-   2024-жылга Бишкек шаарынын бюджетин жана 2025-2026-жылдарга болжолун;

-   керектөө ченемдерин жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтарга жана товарларга тарифтерди;

-   жүргүнчүлөрдү жалпы пайдалануудагы автомобил транспорту менен ташууга тарифтерди;

-   муниципалдык аймактык башкармалыктары тарабынан тейленүүчү аймактардын чек араларын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине А.Дж.Джунушалиевге жүктөлсүн.

5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы                                                К.Конгантиев