Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
2025-жылдын 25-июнунда XXIX чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы болуп өттү.
Президиум Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясынын күнүн жана убактысын 2025-жылдын 25-июнуна саат 09-00 го белгиледи
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин жана өзүмдүн атымдан ыйык Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Бүгүн, 2025-жылдын 12-майында XXIX чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги VI сессиясы болду
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Бактыбекович Усеналиевдин куттуктоосу

Жаңылыктар

Президиум Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги VI сессиясынын күнүн жана убактысын 2025-жылдын 12-майына саат 09-00 го белгиледи. Бекжан Усеналиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаардык кеңешинин Президиумунун отуруму өттү. 

30.04.2025  

Президиум Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги VI сессиясынын күнүн жана убактысын 2025-жылдын 12-майына саат 09-00 го белгиледи.
Бекжан Усеналиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаардык кеңешинин Президиумунун отуруму өттү. 

Президиумдун ишине Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарлары Жылдызбек Абдраимов жана Болот Ибрагимов, фракция лидерлери, туруктуу комиссиялардын төрагалары, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жана Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары катышты. 

Сессиянын күн тартибинин долбоору боюнча маселелер каралды жана түзүлдү.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Бактыбекович Усеналиевдин куттуктоосу

29.04.2025

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Бактыбекович Усеналиевдин куттуктоосу

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору!

    Баарыңыздарды Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан сүйүктүү шаарыбыздын – даңазалуу жана меймандос Бишкектин туулган күнү менен куттуктайм! 
    Бүгүн борбор калаабызга 147 жыл толду. 
Бишкек - өлкөбүздүн административдик жана маданий борбору гана эмес, Кыргызстандын жүрөгү, бай тарыхы, кайталангыс колорити, жан дүйнөсү кең, мүнөзү жылуу шаар. Бул өткөн менен келечек жолугуп, каада-салт сакталып, жаңы идеялар жаралган жер.
Биз анын бай маданий мурастары, жайлуу көчөлөрү, заманбап ишканалары жана албетте, биздин боорукер, сезимтал, эмгекчил жашоочуларыбыз менен сыймыктанабыз. Шаарды жандуу, кооз жана чыныгы сүйүктүү кылган силерсиңер  кымбаттуу мекендештер! 
Бул күн ар бирибиз үчүн өзгөчө!

Сүйүктүү шаарыбыздын келечеги кең, ал эми анын эмгекчил жана камкор тургундары иштерин ийгиликтүү ашырууга жана эң сонун долбоорлорду ишке ашырууга бай мүмкүнчүлүктөргө ээ экенине ишенем. 
Урматтуу Бишкектиктер, Сиздерге чын ден соолук, бакыт таалай, бакубатчылык жана жаңы ийгиликтерди каалайм!
Шаарыбыз гүлдөп, өсүп өнүгө берсин! 
Майрамыңыздар менен!   
Урматтоо менен, Б.Усеналиев

2025-жылдын 18-апрелинде XXIX чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги V сессиясы болду

18.04.2025

Бүгүн, 2025-жылдын 18-апрелинде XXIX чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги V сессиясы болду, анда күн тартибине ылайык маселелер каралды, атап айтканда: - туруктуу комиссиялардын төрагаларын жана курамдарын бекитүү, - Бишкек шаарында оюн-зоок сейил багын куруу жана иштетүү маселелери, - “Тазалык” жана “Бишкекшаарлифт” МИлеринин 2024-жылда аткарган иши тууралуу маалыматтары, - Төкөлдөш конушунун жер участоктору боюнча маалымат, - Токомбаев көчөсү, 33, 27/3, Масалиев көчөсү, 81 үйлөрүнүн жашоочуларынын электр энергиясынын өчүрүлүшү боюнча кайрылуусу жөнүндө маалымат.

Президиум Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги V сессиясынын күнүн жана убактысын 2025-жылдын 18-апрелине саат 09-00 го белгиледи

15.04.2025

Президиум Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги V сессиясынын күнүн жана убактысын 2025-жылдын 18-апрелине саат 09-00 го белгиледи.
Бекжан Усеналиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаардык кеңешинин Президиумунун отуруму өттү. 

Президиумдун ишине Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарлары Жылдызбек Абдраимов жана Болот Ибрагимов, фракция лидерлери, туруктуу комиссиялардын төрагалары, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жана Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары катышышты. 

Сессиянын күн тартибинин долбоору боюнча маселелер каралды жана түзүлдү.

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

  

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

2025-жылдын «___» ______

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Электр жабдуу объекттерин мамлекеттик

менчикке акысыз ээликтен ажыратууга

макулдук берүү жөнүндө

 

Азыркы турган кыймылсыз мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу, калкка электр энергиясын үзгүлтүксүз жана натыйжалуу берүүнү камсыздоо, алдыдагы күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүү максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына                        ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

 

1. Бишкек шаарынын мэриясына жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен курулуп бүткөн тиркемеге ылайык электр жабдуу объекттерин мамлекеттик менчикке акысыз ээликтен ажыратууга уруксат берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4..Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк жана транспорт маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                               Б.Б. Усеналиев

 

Тиркеме (docx.17kb)

Негиздеме-маалымкат (docx.23kb)

Финансылык корутунду (pdf.36kb)

Юридикалык корутунду (pdf 35kb)

 

 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

«___» ___________ 2025-жыл

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Бишкек шаардык кеңешинин

2011-жылдын 17-майындагы № 232

«Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 20-февралындагы

№ 151 «Муниципалдык аймактык башкаруулардын иш-аракетин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө» токтомунун аткарылышынын жүрүшү жана муниципалдык аймактык башкаруулардын

иш-аракетин мындан ары жакшыртууга багытталган ченемдик-укуктук актылардын топтомун бекитүү жөнүндө» токтомуна

өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Кварталдык жана үй комитеттеринин иш-аракетин оптималдаштыруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кварталдык жана үй комитеттеринин төрагаларын шайлоо процессин өркүндөтүү максатында, «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

 

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 17-майындагы                            № 232 «Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 20-февралындагы № 151 «Муниципалдык аймактык башкаруулардын иш-аракетин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө» токтомунун аткарылышынын жүрүшү жана муниципалдык аймактык башкаруулардын иш-аракетин мындан ары жакшыртууга багытталган ченемдик-укуктук актылардын топтомун бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарындагы кварталдык жана үй комитеттери жөнүндө жободо:

11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«11. Көчөлөрдүн жана подъезддердин жалпы жыйналышы төмөнкү кворумунан кийин укуктуу болуп саналат:

- кварталдык комитеттердин мүчөлөрүн шайлоодо - үйлөрдүн жалпы санынын 25 %ынан кем эмес;

- үй комитеттердин мүчөлөрүн шайлоодо - квартиралардын жалпы санынын 25 %ынан кем эмес.

Жыйналышка катышкан жана жазуу түрүндө макулдук берген тургундардын жалпы санынан 50 %ын алган талапкерлер шайланды болуп эсептелинет.

Кварталдык жана үй комитеттердин мүчөлөрү 3 жылдык мөөнөткө шайланат. Катары менен экинчи мөөнөткө шайлоого жол берилбейт. Жаңы шайлоо мүмкүнчүлүгү 3 жылдан кийин берилет.».

 

21-пункттун «б» пунктчасында «35» деген цифралар «25» деген цифраларга алмаштырылсын.

22-пунктта:

«б» пунктчасында «35» деген цифралар «25» деген цифраларга алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы «г» пунктчасы менен толукталсын:

«г) ушул Жобонун 20-пунктуна ылайык Бишкек шаардык кеңеши жана МАБ тарабынан комитетке чыгарылган эскертүүлөргө эки  жолудан ашык аткарбаса.».

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол тамга коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                                                   Б.Б. Усеналиев

 

Негиздеме-маалымкат (docx.18kb)

Финансылык корутунду (pdf.134kb)

Юридикалык корутунду (pdf .121kb)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын

шаарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын

начальниги  Т.Б. Рыспаев, тел: 66-08-85

_________________

                                                                                                                                                                                                                                                           

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

2025-жылдын «__» _______

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-2028-жылдарга Бишкек шаарынын калкын социалдык  коргоону өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын                             18-декабрындагы № 369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик»  уңгужолу жөнүндө» Жарлыгын аткаруу үчүн, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, ошондой эле маданият, билим берүү, социалдык өнүгүү, дене тарбия жана спорт чөйрөлөрүндө сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү камсыздоо жолу менен Бишкек шаарынын калкынын жашоо сапатын жогорулатуу максатында Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

 

1. 2026-2028-жылдарга Бишкек шаарынын калкын социалдык  коргоону өнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

- 2026-2028-жылдарга Бишкек шаарынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүү программасын ишке ашырууну камсыз кылсын;

- 2026-2028-жылдарга Бишкек шаарынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитсин;

- 2026, 2027 жана 2028-жылдардын жыйынтыгы боюнча 2026-2028-жылдарга Бишкек шаарынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө Бишкек шаардык кеңешине отчет берсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                                        Б. Б. Усеналиев

 

Тиркеме (docx.286kb)

Негиздеме-маалымкат (docx.36kb)

Финансылык корутунду (pdf.55kb)

Юридикалык корутунду (pdf .38kb)

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

«__»_______2025-жыл

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак

үйлөрүнүн лифт жабдууларын техникалык тейлөө боюнча

кызмат көрсөтүүлөргө карата тарифтерди бекитүү жөнүндө

 

 

Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган лифттерди талаптагыдай эксплуатациялоону уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

 

1. Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүнүн лифт жабдууларын техникалык тейлөөгө карата тариф (анын ичинде эксплуатациялоону уюштуруу, утурумдук оңдоо, авариялык тейлөө, диспетчердик контролдоо) үчүнчү жана андан жогорку кабаттарда жайгашкан батирлердин жалпы аянтынын 1 чарчы метри үчүн (балкондордун жана лоджиялардын аянтын эсепке албаганда) айына 8,31 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген талаптарга ылайык Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган лифт жабдууларын талаптагыдай техникалык тейлөөнү камсыздасын;

- Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинин реестринде турган, эксплуатациялоонун ченемдик мөөнөттөрүн иштеп бүткөн лифттерди, лифт жабдууларын андан ары белгиленген тартипте көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин жалпы үлүштүк менчигине өткөрүп берүү менен этап боюнча модернизациялоону жана капиталдык-калыбына келтирип оңдоону жүзөгө ашырсын;

- Бишкек шаарынын аз камсыз болгон тургундарына турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө субсидияларды берүүнүн тартиби жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;

- ушул токтомдон келип чыккан башка тиешелүү чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 124 «Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүндө лифттерди күтүүгө, техникалык тейлөөгө жана эксплуатациялоону уюштурууга тарифти бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                                         Б.Б. Усеналиев

 

Негиздеме-маалымкат (docx.24kb)

Финансылык корутунду (jpeg.301kb)

Юридикалык корутунду (jpeg .279kb)

Тиркеме (pdf. 905kb)

 

 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

2025-жылдын «_____»__________

 

 

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

 

Бишкек шаарынын мэриясына

муниципалдык мүлктү күрөөгө коюуга

макулдук берүү жөнүндө

 

 

 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 39-беренелерине, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17, 19-беренелерине, «Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу» долбоорун каржылоо боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Бишкек шаарынын мэриясынын ортосундагы 2015-жылдын 18-сентябрындагы № 19-05/54 субкредиттик макулдашууну аткаруу максатында, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

 

1. Бишкек шаарынын мэриясына тиркемеге ылайык муниципалдык мүлктү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондуна күрөөгө коюуга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына, турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникация жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча  орун басарына жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                              Б.Б. Усеналиев

 

Тиркеме (pdf.170kb)

Негиздеме-маалымкат (docx.20kb)

Финансылык корутунду (pdf.134kb)

Юридикалык корутунду (pdf .121kb)
 

 

Долбоор

 Бишкек шаарынын мэриясы

«___» __________2025-жыл

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 

 

Бишкек шаарында акы төлөнүүчү муниципалдык авто

 токтотмолорду жана авто коюучу жайларды уюштуруу

боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү тууралуу  

 

         Бишкек шаарында  авто токтотмолор жана авто коюучу жайлар менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу, ошондой эле транспорт тутумунда жагымдуу чөйрөнү түзүү максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 34-беренесине ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

 

         1. Бишкек шаарынын муниципалдык авто токтотмолоруна жана авто коюучу жайларына автотранспорт каражаттарын токтотуу жана коюу үчүн акы төлөөнү башкаруу, уюштуруу жана төлөмдү алуу боюнча 11 айлык мөөнөткө пилоттук долбоор өткөрүлсүн.

         2. Бишкек шаарынын муниципалдык авто токтотмолоруна жана авто коюучу жайларына автотранспорт каражаттарын токтотуу жана коюу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү пилоттук режимде 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

         3. Төмөнкүлөр белгиленсин:

         - муниципалдык авто токтотмолорду жана авто коюучу жайларды башкаруу жана уюштуруу Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүзөгө ашырылсын;

         - муниципалдык авто токтотмолорго жана авто коюучу жайларга автотранспорттук каражаттарды токтотуу жана коюу үчүн акы, автоматташтырылган төлөм жана убакытты эсепке алуу системасы менен пилоттук режимде саатына тарифи боюнча 2-тиркемеге ылайык белгиленсин;

         - I жана II топтогу майыптыгы бар адамдар – «Майыптыгы бар адам» деп таануу белгиси менен, каттоо документтеринде тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн автотранспорт каражаттарынын ээлери, токтотмо үчүн акы төлөөдөн бошотулушсун.

         4. Муниципалдык авто токтотмолорду жана авто коюучу жайларды электромобильдер үчүн пайдалануу акысына 50 пайыздык өлчөмүндөгү арзандатуу белгиленсин.

         5. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте:

         -  пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;

         - пилоттук долбоор алгылыктуу жүзөгө ашырылган учурда, тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоору белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизилсин.

6. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

7.   Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

         1) Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 3-декабрынан №206 «Бишкек шаарынын муниципалдык автотоктотмолорунда автотранспортту токтотуп коюу үчүн жыйымдын ченин бекитүү жөнүндө» токтому;

         2) Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралынан №151 «Бишкек шаарынын аймагында муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолорду уюштуруу тартиби жана шарттары жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтому.

8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.

9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                                                             Б.Б. Усеналиев

 

Тиркеме (docx. 21kb)

Тиркеме 2 (docx. 20kb)

Негиздеме-маалымат (docx.69kb)

Финансылык корутунду (pdf.154kb)

Юридикалык корутунду (pdf .168kb)

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

«___» __________2025-жыл

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын муниципалдык

көрүстөндөрүнүн иш-аракеттеринин тартибин бекитүү жөнүндө

 

«Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 67 токтому менен бекитилген Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө нускаманы ишке ашыруу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34-беренелерине ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1...Бишкек шаарынын муниципалдык көрүстөндөрүнүн иш-аракеттеринин тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2...Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

3...Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы

 

Тиркеме  (docx. 21kb)
Маалымкат негиздеме (docx. 31kb)
Финансылык корутунду (pdf.65kb)
Юридикалык корутунду (pdf .308kb)

Бишкек шаардык кеңешинин

"Жаңы күч-Новая сила"

фракциясы тарабынан

иштелип чыккан долбоор

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 137

"Жер участоктордун чек араларын, функционалдык багытын өзгөртүү  жана алмаштыруу тартиби жөнүндө  жобону бекитүү тууралуу"

токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" жана "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңешинин регламентине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

         1. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 137    " Жер участоктордун чек араларын, функционалдык багытын өзгөртүү  жана алмаштыруу тартиби жөнүндө  жобону бекитүү тууралуу" токтомунун           1-тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

 

8-пункттагы "жана жер участогун алмаштыруу" деген сөздөрдөн кийин "же маалымкат берүү" деген сөздөр менен толукталсын;

төмөнкү маазмундагы 9.1-пункт менен толукталсын:

«9.1. Маалымкат берүүнү архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырат:

ыйгарым укуктуу органдын өтүнүчүнүн негизинде 3 жумуш күн ичинде суралып жаткан жер участогу боюнча билдирилген курулуш максаттарын, шаар куруу документтерине шайкештигин аныктайт жана анын жыйынтыгы боюнча жер участкасын пайдаланууга уруксат берилген бардык түрлөрү жана жер участкасынын функционалдык максаты көрсөтүлгөн маалымкат берет;

жер участогун уруксат берилген пайдалануунун түрлөрүн жана жер участогунун функциялык багытын аныктоо мүмкүн болбогон учурда, ушул жобого ылайык комиссия аркылуу бул маселени андан ары кароо үчүн ыйгарым укуктуу органга жооп жиберет;

 

төмөнкү мазмундагы 31.1-пункт менен толукталсын:

«31.1. Архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын маалымкатынын негизинде ыйгарым укуктуу орган белгиленген тартипте жер участогун пайдаланууга уруксат берилген жана жер участогунун функционалдык максатынын көрсөтүлгөн түрлөрүнүн эң жогорку ставкалары боюнча ижара төлөмдөрүн эсептөөнү жүргүзөт жана арыз берүүчү менен 3 жумуш күн ичинде мурдагы шарттарда кошумча келишим түзөт.

Эгерде жаңы эсептөө учурунда ижара төлөмдөрү келишимдин мурдагы шарттарына караганда жогору болсо, анда ижара төлөмдөрүн эсептөө ыйгарым укуктуу орган тарабынан жаңы эсептөөлөргө ылайык жүргүзүлөт жана кошумча келишимде көрсөтүлөт.".

 

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

2025-жылдын 31-августуна чейинки мөөнөттө тиешелүү мекемелер менен биргеликте административдик-аймактык реформанын алкагында жаңы кошулган аймактарды эске алуу менен Бишкек шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча жаңы эрежелерин иштеп чыгып, Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын бекитүүсүнө киргизсин;

белгиленген тартипте ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу  жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана  Бишкек шаарынын мэрине (А. Д. Джунушалиев) жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                  Б. Усеналиев

 

Бишкек шаардык кеңешинин

"Жаңы күч – Новая сила"

фракциясынын лидери                                                      К. Конгантиев

 

Маалымкат негиздеме (docx.14kb)
Салыштырма таблица (docx.15kb)
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

2025-жылдын «__» ______

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын ишке ашырылышы жана 2025-2026-жылдарга болжолу боюнча отчёт жөнүндө

 

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

 

2024-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын ишке ашырылышы жана 2025-2026-жылдарга болжолу боюнча отчёт эске алынсын.

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы   

 

Аткаруучу:

Бөлүм башчы-шаарды өнүктүрүү

башкармалыгынын

начальнигинин орун басары

У.С. Асанкулов, тел: 66-09-05

 

Тиркеме 1 (docx.21kb)

Тиркеме 2 (docx.80kb)

Отчет (docx. 44kb)

Маалымкат негиздеме (docx.20kb)

Финансылык корутунду (pdf.134kb)

Юридикалык корутунду (pdf .121kb)

 

Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2024-жылдын «___» ___________

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 31-майындагы № 67 «Муниципалдык турак жай фонду, аны берүү тартиби жана муниципалдык турак жай фондунун турак жайы үчүн акы өлчөмүн жана акы түзүмүн аныктоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттерин сарамжалдуу пайдалануу, Бишкек шаарынын муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарга, ошондой эле Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уюму, ишканасы же мекемеси менен эмгек мамиледе болгон жана кызматтык турак жай алууга муктаж жарандарга берүүнүн тартибин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 38, 39, 56 жана 57-беренелерине, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 31-майындагы № 67 «Муниципалдык турак жай фонду, аны берүү тартиби жана муниципалдык турак жай фондунун турак жайы үчүн акы өлчөмүн жана акы түзүмүн аныктоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1)  2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:

«4) ушул токтом күчүнө киргенге чейин берилген ордерлердин негизинде кызматтык  турак жайларда жашап жаткан муниципалдык  турак жай фондунун турак жайларын пайдалануучулар менен турак жайды мүлктүк жалдоо келишимин түзсүн.»;

2. Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Муниципалдык турак жай фондун пайдалануу жана берүү тартиби жөнүндө жободо:

- 1-пунктта:

биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине ылайык иштелип чыкты жана төмөнкүдөй бирдиктүү тартипти белгилейт:

- турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу;

- муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын акы төлөө менен мөөнөттүү пайдаланууга берүү;

- кызматтык турак жайларды берүү;

- муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын менчиктештирүү.»;

үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«муниципалдык турак жай фонду - муниципалдык менчикте турган турак жайлардын жыйындысы, алар турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына ушул Жобо тарабынан аныкталган тартипте берилет;»;

төртүнчү абзацтагы «түзүмдүк» деген сөз алып салынсын;

төмөнкү мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын:

«Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу боюнча комиссия – Бишкек шаарынын аймагында жашаган  жана турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж  жарандарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген негиздер боюнча  эсепке коюу  жана эсепке алуу үчүн  ушул Жобого ылайык жарандарды эсепке алуу маселелери боюнча  ыйгарым укуктуу  орган алдында  түзүлүүчү  коллегиалдуу орган.»;

«муниципалдык турак жай фондун башкаруу маселелери боюнча комиссия – муниципалдык турак жай фондунун  турак жайларын берүү, башкаруу жана менчиктештирүү менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн ушул Жобого ылайык түзүлүүчү коллегиалдуу орган.»;

- 3-пункттагы «буйругу» деген сөз «чечими» деген сөз менен алмаштырылсын;

- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 «5. Муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кезектүүлүккө ылайык төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырылат:

- Бишкек шаарынын ар бир администрациялык районунда жашаган жери боюнча турак жай шарттарын жакшыртууга муктаждардын эсебинде турган адамдарга бирден турак жай;

- иштеген жери боюнча эсепте турган жана турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж адамга бир кызматтык турак жай.»;

- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген негиздер боюнча жарандар турак жай шарттарын жакшыртууга муктаждар деп таанылат.»;

- 10-пункттагы «өздүк» деген сөз «жеке» деген сөз менен алмаштырылсын;

- 11-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген үй-бүлөсүнүн курамы жана иш жүзүндө жашаган жери жөнүндө маалым каттар.»;

- 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

«Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды жашаган жери боюнча эсепке алуу ушул Жобонун 3-пунктуна ылайык иш жүргүзгөн турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу боюнча комиссиянын корутундусу бар болгон учурда жарандарды эсепке алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдардын чечими менен жүргүзүлөт.»;

- Жобо төмөнкүдөй мазмундагы 161-пункт менен толукталсын:

«161. Иштеген жери боюнча турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу ушул Жобонун 241-пунктуна ылайык түзүлгөн муниципалдык турак жай фондун башкаруу    маселелери боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

Иштеген жери боюнча эсепке алуу үчүн Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын уюмунун, ишканасынын же мекемесинин администрациясы жана кесиптик бирлик комитети ыйгарым укуктуу органга турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж адамга кызматтык турак жайын берүү жөнүндө тийиштүү өтүнүч катын ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен берет, ал муниципалдык турак жай фондун башкаруу маселелери боюнча комиссиясы тарабынан каралууга тийиш.»;

- 17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын:

«7) «Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген үй-бүлөсүнүн курамы жана иш жүзүндө жашаган жери жөнүндө маалым каттарды бербесе.»;

- 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«22. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу боюнча комиссия тарабынан турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарга турак жайларды берүүнүн кезектүүлүгүн тактоо жыл сайын жүргүзүлөт. Зарыл болгон учурда турак жай шарттарын жакшыртууга муктаждардын эсебине туруу үчүн жарандар тарабынан берилген документтерде камтылган маалыматтардын толуктугу жана аныктыгы текшерилет.»;

- Жобо төмөнкүдөй мазмундагы 221-пункт менен толукталсын:

«221. Жашаган жери боюнча эсепке алынган турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандардын кезектүүлүгү Жарандарды эсепке алуу китебинде катталган эсепке алынгандыгы жөнүндө жазылган датанын негизинде жарандарды эсепке алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан аныкталат.

Иштеген жери боюнча эсепке алынган турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандардын кезектүүлүгү муниципалдык турак жай фондун башкаруу боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат, ал Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын уюмунун, ишканасынын же мекемесинин администрациясынын жана кесиптик бирлик комитетинин турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж адамга кызматтык турак жай берүү жөнүндө өтүнүч катынын ыйгарым укуктуу органда катталган датасын эске алат.»;

- 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«24. Муниципалдык турак жай фондунун турак жайын берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын чечими боюнча акы төлөө негизинде он жылдык мөөнөткө мөөнөттүү пайдаланууга берүү менен жүзөгө ашырылат.

Бишкек шаарынын мэриясынын чечими муниципалдык турак жай фондун башкаруу маселелери боюнча комиссиянын корутундусуна ылайык киргизилген ыйгарым укуктуу органдын сунушунун негизинде кабыл алынат.»;

- Жобо төмөнкүдөй мазмундагы 241, 242-пункттар менен толукталсын:

«241. Муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын акы төлөп мөөнөттүү пайдаланууга берүүгө  байланышкан маселелерди чечүү үчүн ыйгарым укуктуу органга караштуу муниципалдык турак жай фондун башкаруу маселелери боюнча комиссия түзүлөт.

Муниципалдык турак жай фондун башкаруу маселелери боюнча комиссиянын курамы жана иш тартиби Бишкек шаарынын мэриясынын тийиштүү чечими менен бекитилет.

Муниципалдык турак жай фондун башкаруу маселелери боюнча комиссия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкү маселелерди  карайт жана  корутунду чыгарат:

-.иштеген жери боюнча эсепке алынган турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу жана кезектүүлүгүн аныктоо;

- жашаган жери боюнча эсепке алынган адамдарга муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын акы төлөө менен мөөнөттүү пайдаланууга берүү;

- иштеген жери боюнча эсепте турган адамдарга муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын кызматтык турак жай катары акы төлөө менен мөөнөттүү пайдаланууга берүү;

- муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын кызматтык жайлардын катарына киргизүү;

- муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын кызматтык жайлардын катарынан чыгаруу;

- муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын менчиктештирүү.»;

241. Муниципалдык турак жай фондун башкаруу маселелери боюнча комиссия жарандарды эсепке алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдар, ошондой эле  Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын уюмунун, ишканасынын же мекемесинин администрациясы жана кесиптик бирлик комитети тарабынан берилген локументтердин жана маалыматтардын  толуктугун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына   ылайык келишин карайт.»;

- 30-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«30. Муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндө бошогон (кароосуз калган, ээсиз калган) турак жайлар ушул Жобо жана Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси тарабынан аныкталган тартипте ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Жобонун 5-пунктуна ылайык Бишкек шаарынын мэриясынын чечиминин негизинде турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж адамдарга акы төлөө менен мөөнөттүү пайдаланууга берилет.»;

- 32-пункт төмөнкүдөй редакциядагы экинчи абзац менен толукталсын:

« Муниципалдык турак жай фондунун турак жайын берүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

Эгерде мурда белгилүү болбогон жана жаранга муниципалдык турак жай фондунун турак жайын берүү жөнүндө чечим кабыл алууга таасир тийгизиши мүмкүн болгон жагдайлар аныкталса, турак жайды мүлктүк жалдоо келишими түзүлгөнгө чейин муниципалдык турак жай фондунан турак жайды берүү жөнүндө чечим Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан кайра каралышы мүмкүн.»;

- 34-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«34. Муниципалдык турак жай фондунун турак жайы,  бул турак жай  кызматтык турак жай катары   акы төлөө менен мөөнөттүү пайдаланууга  бериле тургандыгы жөнүндө Бишкек шаарынын  мэриясынын тийиштүү чечимин көрсөтүү жолу менен  муниципалдык турак жай фондун берүү боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде киргизилген ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча кызматтык турак жайдын катарына киргизилет.»;

- 341-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«341. Ушул Жобо күчүнө киргенге чейин берилген кызматтык турак жай муниципалдык турак жай фондун башкаруу маселелери боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде киргизилген ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен кызматтык турак жайдын катарынан төмөнкү учурларда чыгарылышы мүмкүн:

- муниципалдык турак жай фондунун турак жайын спорт, илим жана маданият жаатындагы жетишкендиктери үчүн кызматтык турак жай катары алган адам жашаган учурда;

- муниципалдык турак жай фондунун турак жайын расмий жазуу жүзүндөгү күбөлүктөр (тастыктама) боюнча кызматтык турак жай катары алган адам жашаган учурда;

- муниципалдык турак жай фондунун турак жайын кызматтык турак жай катары алган жана Бишкек шаарынын мамлекеттик органдарында, ошондой эле муниципалдык уюмдарында, ишканаларында же мекемелеринде жыйырма жылдан кем эмес жалпы эмгек стажы бар адам жашаган учурда;

- муниципалдык турак жай фондунун турак жайын турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгондордун жалпы кезектүүлүк тартибинде кызматтык турак жай катары алган адам жашаган учурда.»;

- Жобо төмөнкү мазмундагы 342-пункт менен толукталсын;

«342. Кызматтык турак жай муниципалдык турак жай фондун башкаруу маселелери боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде киргизилген ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен кызматтык турак жайдын катарынан төмөнкү учурларда чыгарылышы мүмкүн:

- кызматтык турак жайда Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уюму, ишканасы же мекемеси менен акыркы жыйырма жылдан бери үзгүлтүксүз эмгектик мамиледе турган адам жашаган учурда; 

- кызматтык турак жайда кызматтык турак жайды алгандан кийин пенсия курагына жеткен жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уюмдарында, ишканаларында же мекемелеринде он беш жылдан кем эмес жалпы эмгек стажы бар адам жашаган учурда; 

- каза болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уюмдары, ишканалары же мекемелери менен акыркы он беш жыл ичинде үзгүлтүксүз эмгектик мамиледе турган адамдын үй-бүлө мүчөлөрү  аны менен бирге жашаган учурда,  үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчигинде башка турак жайы болбогон же каза болгон адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчигиндеги турак жайы белгиленген санитардык жана техникалык талаптарга жооп бербеген, жашоого жараксыз жана оңдоого мүмкүн эмес деп белгиленген тартипте  табылган учурда;

- муниципалдык турак жай фондунун турак жайын турак жай шарттарын жакшыртууга муктаждардын жалпы кезектүүлүк тартибинде кызматтык турак жай катары алган каза болгон адамдын үй-бүлө мүчөлөрү аны менен бирге жашаган учурда, үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчигинде башка турак жайы болбогон, же  каза болгон адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчигинде турган турак жайы белгиленген санитардык жана техникалык талаптарга жооп бербеген, жашоого жараксыз жана оңдоого мүмкүн эмес деп белгиленген тартипте табылган учурда.

- 35-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«35. Кызматтык турак жай Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын уюму, ишканасы же мекемеси менен бир жылдан кем эмес эмгектик мамиледе  турган жана турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж адамга Бишкек шаарынын аймагында бош турак жай бар экендигин эске алуу менен берилет.»;

- 38-пункттагы «убактылуу колдонууга» деген сөздөр «эмгектик мамиледе болгон мезгилде акы төлөө менен мөөнөттүү пайдаланууга» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- Жобо төмөнкүдөй мазмундагы 411-пункт менен толукталсын:

«411. Кызматтык турак жайда жашаган жана 341 жана 342-пункттарда көрсөтүлгөн категорияларга кирген адам турак жайды кызматтык турак жайдын катарынан чыгаруу үчүн бул адамдын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчигинде башка турак жайдын жоктугун, ошондой эле бул адамда жана анын үй-бүлө мүчөлөрүндө кызматтык турак жайда жашаган мезгилде кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу боюнча бүтүмдөрдүн жоктугун ырастаган документтерди тиркөө менен ыйгарым укуктуу органга тийиштүү арызын берет.»;

- 44-пункттагы «муниципалдык турак жайды» деген сөздөр «муниципалдык турак жай фондунун жайын акы төлөө менен мөөнөттүү пайдаланууга» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 47-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«47. Мүлктүк жалдоо келишимин түзүүдө үй-бүлөнүн жашы жеткен бардык мүчөлөрүнүн паспортторун же паспортту алмаштыруучу башка документтерин же үй-бүлөнүн жашы жете элек бардык мүчөлөрүнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн көрсөтүү милдеттүү.

Бишкек шаарынын мэриясынын тийиштүү чечимине кол тамга коюлгандан кийин муниципалдык турак жай фондунун турак жайын жалдоочу 30 күндүн ичинде мүлктүк жалдоо келишимин түзүүгө жана аны мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү жүзөгө ашырууга тийиш.»;

- Жобо төмөнкү мазмундагы 481-пункт менен толукталсын:

«481. Муниципалдык турак жай фондунун турак жайында жашаган жана белгиленген ченемден ашкан турак жайы бар жалдоочу өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрүнүн макулдугу менен ээлеп турган жайдын ордуна  муниципалдык турак жай фондунун аз өлчөмдөгү турак жайын берүү үчүн ыйгарым укуктуу органга кайрылууга укуктуу.»;

- 61-пункттун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«Менчиктештирүүнүн формасын ыйгарым укуктуу орган аныктайт.»;

- 65-пунктта:

экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

« Муниципалдык турак жай фондунун турак жайын менчиктештирүү жөнүндө жарандардын арыздары ыйгарым укуктуу органга берилет жана муниципалдык турак жай фондун башкаруу маселелери боюнча комиссия  тарабынан каралат.

төмөнкү мазмундагы  үчүнчү абзац менен толукталсын:

«Муниципалдык турак жай фондунун турак жайын менчиктештирүү жөнүндө арыз берген жаран, арызга бул адамдын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчигинде башка турак жайдын жана  курулуш үчүн жер участогунун жоктугун, ошондой эле муниципалдык турак жай фондунун турак жайында жашаган мезгилде бул адамда жана анын үй-бүлө мүчөлөрүндө кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу боюнча бүтүмдөрдүн жоктугун ырастаган документтерди тиркейт.

- Жобо төмөнкү мазмундагы 66-пункт менен толукталсын:

«66. Ыйгарым укуктуу орган муниципалдык турак жай фондунун турак жайын менчиктештирүү жөнүндө жарандардын арыздарын ыйгарым укуктуу орган менен жалдоочунун ортосунда түзүлгөн мүлктүк жалдоо келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин гана карайт.».

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча белгиленген тартипте зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы      

маалымкат-негиздеме (docx. 27kb)
финансылык корутунду (docx. 218kb)
юридикалык корутунду (docx. 14kb) 
салыштырмалуу таблица (docx. 39kb)