Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

Долбоор

 Бишкек шаарынын мэриясы

«___» __________2025-жыл

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 

 

Бишкек шаарында акы төлөнүүчү муниципалдык авто

 токтотмолорду жана авто коюучу жайларды уюштуруу

боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү тууралуу  

 

         Бишкек шаарында  авто токтотмолор жана авто коюучу жайлар менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу, ошондой эле транспорт тутумунда жагымдуу чөйрөнү түзүү максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 34-беренесине ылайык Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

 

         1. Бишкек шаарынын муниципалдык авто токтотмолоруна жана авто коюучу жайларына автотранспорт каражаттарын токтотуу жана коюу үчүн акы төлөөнү башкаруу, уюштуруу жана төлөмдү алуу боюнча 11 айлык мөөнөткө пилоттук долбоор өткөрүлсүн.

         2. Бишкек шаарынын муниципалдык авто токтотмолоруна жана авто коюучу жайларына автотранспорт каражаттарын токтотуу жана коюу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү пилоттук режимде 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

         3. Төмөнкүлөр белгиленсин:

         - муниципалдык авто токтотмолорду жана авто коюучу жайларды башкаруу жана уюштуруу Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүзөгө ашырылсын;

         - муниципалдык авто токтотмолорго жана авто коюучу жайларга автотранспорттук каражаттарды токтотуу жана коюу үчүн акы, автоматташтырылган төлөм жана убакытты эсепке алуу системасы менен пилоттук режимде саатына тарифи боюнча 2-тиркемеге ылайык белгиленсин;

         - I жана II топтогу майыптыгы бар адамдар – «Майыптыгы бар адам» деп таануу белгиси менен, каттоо документтеринде тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн автотранспорт каражаттарынын ээлери, токтотмо үчүн акы төлөөдөн бошотулушсун.

         4. Муниципалдык авто токтотмолорду жана авто коюучу жайларды электромобильдер үчүн пайдалануу акысына 50 пайыздык өлчөмүндөгү арзандатуу белгиленсин.

         5. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте:

         -  пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;

         - пилоттук долбоор алгылыктуу жүзөгө ашырылган учурда, тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоору белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизилсин.

6. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

7.   Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

         1) Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 3-декабрынан №206 «Бишкек шаарынын муниципалдык автотоктотмолорунда автотранспортту токтотуп коюу үчүн жыйымдын ченин бекитүү жөнүндө» токтому;

         2) Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 19-февралынан №151 «Бишкек шаарынын аймагында муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолорду уюштуруу тартиби жана шарттары жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтому.

8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.

9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                                                             Б.Б. Усеналиев

 

Тиркеме (docx. 21kb)

Тиркеме 2 (docx. 20kb)

Негиздеме-маалымат (docx.69kb)

Финансылык корутунду (pdf.154kb)

Юридикалык корутунду (pdf .168kb)