Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

2025-жылдын «_____»__________

 

 

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

 

Бишкек шаарынын мэриясына

муниципалдык мүлктү күрөөгө коюуга

макулдук берүү жөнүндө

 

 

 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 39-беренелерине, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17, 19-беренелерине, «Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу» долбоорун каржылоо боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Бишкек шаарынын мэриясынын ортосундагы 2015-жылдын 18-сентябрындагы № 19-05/54 субкредиттик макулдашууну аткаруу максатында, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

 

1. Бишкек шаарынын мэриясына тиркемеге ылайык муниципалдык мүлктү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондуна күрөөгө коюуга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына, турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникация жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча  орун басарына жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                              Б.Б. Усеналиев

 

Тиркеме (pdf.170kb)

Негиздеме-маалымкат (docx.20kb)

Финансылык корутунду (pdf.134kb)

Юридикалык корутунду (pdf .121kb)