Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору!
Сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин жана өзүмдүн атымдан ыйык Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Бул касиеттүү майрам ырайымдуулук, боорукердик жана кайрымдуулук сыяктуу түбөлүктүү баалуулуктарды даңазалап, элдин биримдигин, туруктуулугун бекемдеген өзгөчө күн.
Ар бириңиздин үй-бүлөңүзгө тынчтык, бакубатчылык жана береке каалайм. Жакшылыктар арбын болсун, айтыңыздар маарек болсун!
Урматтоо менен,
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев