Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Бактыбекович Усеналиевдин куттуктоосу

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору!

    Баарыңыздарды Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан сүйүктүү шаарыбыздын – даңазалуу жана меймандос Бишкектин туулган күнү менен куттуктайм! 
    Бүгүн борбор калаабызга 147 жыл толду. 
Бишкек - өлкөбүздүн административдик жана маданий борбору гана эмес, Кыргызстандын жүрөгү, бай тарыхы, кайталангыс колорити, жан дүйнөсү кең, мүнөзү жылуу шаар. Бул өткөн менен келечек жолугуп, каада-салт сакталып, жаңы идеялар жаралган жер.
Биз анын бай маданий мурастары, жайлуу көчөлөрү, заманбап ишканалары жана албетте, биздин боорукер, сезимтал, эмгекчил жашоочуларыбыз менен сыймыктанабыз. Шаарды жандуу, кооз жана чыныгы сүйүктүү кылган силерсиңер  кымбаттуу мекендештер! 
Бул күн ар бирибиз үчүн өзгөчө!

Сүйүктүү шаарыбыздын келечеги кең, ал эми анын эмгекчил жана камкор тургундары иштерин ийгиликтүү ашырууга жана эң сонун долбоорлорду ишке ашырууга бай мүмкүнчүлүктөргө ээ экенине ишенем. 
Урматтуу Бишкектиктер, Сиздерге чын ден соолук, бакыт таалай, бакубатчылык жана жаңы ийгиликтерди каалайм!
Шаарыбыз гүлдөп, өсүп өнүгө берсин! 
Майрамыңыздар менен!   
Урматтоо менен, Б.Усеналиев