Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин токтому

 
Мүлккө муниципалдык менчиктин
объекттеринин реестрин бекитүү
жөнүндө
Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги №24 буйругу менен түзүлгөн жумушчу комиссиянын төрагасы К. К. Конгантиевдин маалыматын угуп чыгып, муниципалдык менчиктин объекттерин пайдалануу үчүн тийиштүү контролду камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңештин 2002-жылдын 22-майындагы №127 токтому менен бекитилген “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык,Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1.                Мүлккө муниципалдык менчиктин объекттеринин реестри бекитилсин (тиркелет).
2.                Бишкек шаарынын мэриясынын 1996-жылдан баштап 2010-жылдар мезгилиндеги муниципалдык менчиктин объекттерин пайдалануу үчүн  контролдоо боюнча жетишсиз иши белгиленсин.
3.                Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
а) жарандар тарабынан талдап чыгуу үчүн муниципалдык менчиктин объекттеринин реестринин ачыктыгын, ошонун ичинде Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек шаардык кеңештин расмий сайттарына жайгаштыруу жолу менен;
б) Бишкек шаардык кеңешке өткөн жыл үчүн мүлккө муниципалдык менчиктин объекттеринин реестри боюнча отчёт берүүнү;
в) Бишкек шаардык кеңешке мамлекеттик каттоодон өткөн кыймылсыз мүлктүн тизмеги жөнүндө отчёт берүүнү.
4.                Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча  туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы                                                            М. А. Аманкулов
 
Бишкек ш.,
6-июнь 2013-жыл, №28