Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Комиссиянын мүчөлөрү  Бишкек шаары боюнча ички иштер органдарынын жаңы дайындалган жетекчилери менен таанышты. Бишкек шаары боюнча ИИББсынын начальнигинин орун басары жана Бишкек шаары боюнча 4 райондук РИИБсынын начальниктери маалымат беришти жана өздөрүнүн ишинин актуалдуу көйгөйлөрүн айтышты.

Жыйындын жүрүшүндө шаардыктардын коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча көйгөйлөрдү чечүү, шаардын аймагында укук коргоо органдарынын ишин жакшыртуу, кызматкерлердин иштөөсү үчүн шарттарды түзүү  максатында, туруктуу комиссиянын Бишкек шаары боюнча ички иштер органдары менен тыгыз өз ара аракеттенүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Ошондой эле, 2021-жылдын сентябрь айынан тартып 2022-жылдын июль айына чейинки Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын иш планы бекитилди жана уюштуруу маселелери каралды.