Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Урматтуу Кыргызстандыктар!

Бүгүн биз маанилүү күндү - Кыргыз Республикасынын Конституция күнүн белгилеп жатабыз! Бул күн мамлекетибиздин жана коомубуздун негизи болгон Конституциябыздын маанилүүлүгүн эске салат.

Конституция бул жөн гана мыйзамдардын жана эрежелердин жыйындысы эмес, ал элдин укуктары менен эркиндиктеринин кепилдиги болуп саналат. Анда бийликти уюштуруунун, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун негизги принциптери, экономикалык жана социалдык саясаттын негиздери аныкталган.

Конституциябыз ар дайым мамлекеттүүлүгүбүздүн, эркиндигибиздин жаркын символу болуп, өлкөбүз анын принциптерине ылайык гүлдөп, өнүгүп-өссүн.

Баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктайм!