Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, 2023-жылдын 30-майында Куванычбек Конгантиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаардык кеңешинин XVII сессиясынын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарлары Токтосун Султанов менен Жылдызбек Абдраимов, мэр Эмилбек Абдыкадыров, мэрдин биринчи орун басары жана орун басарлары, муниципалдык администрациялык райондордун башчылары жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.

Бекитилген күн тартибине ылайык, депутаттар кароо жана талкуулоодон кийин төмөнкү токтомдорун  кабыл алышты:

- ар кандай багыттагы объектилерге жер тилкелерине ижара укугун берүүгө мораторийди ушул жылдын аягына чейин узартылмасы боюнча;

-  быйылкы жылдын 1-июнунан тарта суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) кызмат көрсөтүүлөрүнө  тарифтерди бекитүү жөнүндө;

- Бишкек шаарын 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө.